Касташып жүрүп достошкон залкарлар баяны

Дайыма бирге ырдап, бүтүндөй дүйнөнү дүң кылган үч залкар тенор: Лучано Паваротти, Пласидо Доминго жана Хосе Каррерастын касташып жүрүп достошкон баянын баары эле биле бербес. Жада калса Испанияда бир да жолу болуп көрбөгөндөрдүн көпчүлүгү Каталония менен Мадриддин жашоочуларынын ортосундагы атаандаштыктан кабардар. Себеби каталониялыктар Испаниядагы автономия үчүн күрөшүшкөн. Атургай футбол боюнча негизги атаандаштар да – мадриддик «Реал» жана «Барселона». Пласидо Доминго – Мадридде туулган, а Хосе Каррерас болсо – Каталонияда. Кайсы бир саясый себептерден алар 1984-жылы бири бирине душман болуп калышкан. […]