Лев Толстойдун балдар үчүн жазган алакандай аңгемелеринен

Абышка жана небере Абышка абдан картайды. Буту баспайт, көзү начар, кулагын да кудай алган. А оозунда тиши калбады. Тамак ичкенде, оозуна салганы бери томолонот. Уул-келини андан обочолоп, тамагын мештин артына түртүп коюшат. Чал бир күнү сорпону жылдырса, кулаган кесеси сынып калбаспы. Ачууланган келини мурду менен бир тийди. – Идиш-аякты сындырып бүтмөй болдуң го! Мындан кийин тамакты чылапчынга куюп берем. Абышка улутунуп тим болду. Бир жолу уул-келини үйдө эле. Бала тактайларды кынап, бир нерсе жасап ойноп аткан. Атасы: — Миша, бу […]