Диний фанатизм атеизмден өткөн коркунуч жаратты

«Диний көзкараштардын кесепетинен канга сугарылбаган дүйнөнүн бир дагы булуң-бучкагын таппайсың». Дени ДИДРО, француз философу Коомдун так бүгүнкү абалын чагылта турган притчадан баштайлы кепти. Кудум азыркы ал-акыбалыбыз притчада айтылат. Бир курдай суу ташыган көп адам кудукка келишти да таза челектерине таза суу толтуруп алышып, ар кимиси сууга зар болуп отурган өз-өз айылдарына ташып жөнөштү.   Адамдар өз идиштерин көтөрүнүп, суу ташып келгендерге жетип келишти, бирок алар суу куюлар идиштерин жууганды унутуп коюшкан эле. Бир айыл эли – кызылгаттын шербети куюлган идиштерин, […]

Социалдык тармактарда отурган чала молдолор комментарий жазууга атайы даярдалат

Урматтуу «РухЭш» сайтынын журналисттери, сиздерге ушул катты атайы жолдоо керектигин тааныштарым аркылуу билдим. Сиздерден өтүнөм, катымды өзгөртпөй чыгарыңыздарчы. Себеби мени ирээнжиткен иштердин көбүн кыргыз элиме жеткирип, башкаларды ката кетирбөөгө эскертким келет. Мен дагы диний жамааттын өкүлү болуп келгениме азыр өкүнөм. Он гүлүмдүн бири ачыла элек кезимден жаңылган экенмин. Албетте, тагдырга өкүнбө дешет, бирок менин өкүнүчтүү тагдырымды башкалар кайталаганын каалабайт элем. Мендей эле көптөгөн жаш кыз-келиндер өкүнүчкө кабылбагыла деп сиздердин сайт аркылуу ушул катымды жарыялап койгонуңарды өтүнөмүн. Мен өзүм кыргыз тили […]

Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ: Арабдар, ажылар десе аллергиям кармайт, достор!

Менин бир ажы иним бар. Бир жарым жыл мурун «байке, эки университетте иштейсиз, томолой жетим студенттер болсо документтерин топтоп берсеңиз (ата-эне өлгөндүгү, жашаган жери, студент экени сүрөтү ж.б.) арабдар жакшы жардам беришет» дегенинен факультеттерди кыдырып, жыйналыш кылып кырктай баланын документин топтоп бердим. Андан көп өтпөй баягы үкам машинемдеги Асек Казиевдин балдарга арналган «Тамгалар сүйлөйт, Табышмактар, Манас алиппеси» деген китептерин көрүп «кел байке, буларды да ар бирин 2000 тираждан чыгарып балдар үйлөрүнө, мектептерге бекер таратабыз» деди. Ишенчээк жаным «Балакай фонду» аркылуу […]