Кожогелди Култегин түрк тилинен которгон Нежип Фазылдын ырлары

(Экинчи топтом) <<<<<<<<<<<Биринчи топтом АЯЛДАРДЫН БУТТАРЫ Мустафа Шекибге Аял буту баскан жерде – жүрөгүм, Басып эзген сайын жыргайт: “Бас! Эз!..”– деп. Өмүр-жолдо суроо салса бирөө бир – Баратам дейм аял изин аздектеп. Күлкү коштойт аялзатын, ый коштойт, Жакыныраак көздөн мурда бутуна. Туруш-турпат, ийкеми анын тилге окшойт, Аял барда лам дебе да, упура. Ичке устунда – Кудай берген сулуулук! Имараттар алганбы өрнөк буттардан?! Жабуу астында турган сымал улуулук! Чолпонду айайм мармар ташка тушталган… Кудай-Элес жүр мойунда тагылып, Демек, динин айтып турат […]

Орустун залкар акыны Юрий Кузнецов Кожогелди Култегиндин котормосунда

СТАЛИНДИ КӨРГӨН БАЛА Вокзалга жол турат түптүз сайылып, Куштар сайрап кубулжутуп туш жагын. Атасы анын медалдарын тагынып: — Жүр, көрөбүз. Өтөт, – деди, – Сталин. Кыла-ак эте түштү Сталин, о, мына, Кыйгач тиктеп, болор-болбос жылмайган. Канжа кармап багыт берчү колуна, Калып жатты түтүндөрү кыйрайган. Келгенде үйгө – атасы, эмне, көйрөңдүр, Кемер менен сабады уулун курутуп: — Уруп жатам Сталинди көргөн бул Улуу күндү калбаса деп унутуп. Жаны ачышып, жан соогалап чаңырды, Апасы да эл чакырып жардамга. Бир кошуна баланы аяп […]

Ба ЖИН: Менин жүрөгүм

Автор тууралуу  Кытай адабиятынын корифейрлеринин бири, кылым карыта жашап (1904-2005), элине нар көтөргүс адабий мурас калтырган Ба Жиндин 26 томдон турган прозалык чыгармалары: роман, повесть, аңгеме, новеллаларынын ичинде эссе жанрына да татыктуу орун берилген. Тилекке каршы, өз коомундагы саясый жана социалдык маселелерди курч чагылдырган анын эсселеринин котормосу өтө сейрек. Жазуучу мекенчил сезимге сугарылган эсселеринде жеке адам тагдырын ХХ кылымда оор жана татаал окуяларды баштан кечирген улуу Кытай мамлекетиндеги социалдык окуялар фонунда сүрөттөйт. Коомдогу теңсиздикти сындап, карапайым элдин жакшы жашоосун эңсеген […]

Кайсын Кулиев Кожогелди Култегиндин котормосунда

БУКАЛАР ТАҢДА БАРАТАТ Таңы ушинтип атат эрте июлдун, Тоолук кыздай жүзү албырып-эриген. Жылаңайлак түшүп келет уюлгуп Хулам-Тоонун кызыл тепкичтеринен. Так астында өрдөп барат букалар, Табигат бүт нымдалыша чиренип. Булут челген мүйүзүн-айт! Бүт алар Нурларына турат таңдын ширелип! Буурул-күрөң гранит-тоо табылды, Булак – анар маңызындай, оо, мына. Жалтылдак түс саймалуу үртүк жабылды Букалардын эңгезердей жонуна! Жаным-Сөздү баарысынан артык бу Сактайт ко деп жалын-таңда үмүт мөл. Кандай сыйкыр букаларды жаркытты? Мүйүздөрү – жалаң алтын-күмүштөр! Чыңк өйдөдө чыдайт буттар чымырап! Чылгый таш-жол чыкыроондой […]