Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Өрт!..

АҢГЕМЕ Сабак өтүп жаткам. Бир маалда кимдир бирөө эшикти тыкылдатып калды. Ачсам – методист кыз экен. Алактап шашып алыптыр. – Кечирип коюңуз, – деди ал коомайсыздана. – Сизди бир аял издеп жүрөт. Сөзсүз жолугушум керек дейт. Өтө зарыл эле дейт. Азыр жолугушум керек дейт… – Кандай аял?.. – Кандай десем, кыйлага эле барып калган. Ии баса, Алтынай деген эжейи болом дейт. Чын окшойт, мугалимге окшош экен. “Алтынай эжей… Бул ким эле?” – дедим мен өзүмчө шыбырап. Анан: – Кайда кетти? […]

Манфред КИБЕР: Күткөн күндүн бүткөн күнү (конкурска)

№ 24 АҢГЕМЕ Капастагы кичинекей чымчык кусалыкка жык толгон көздөрү менен тийип турган күн нурунан көзүн тартып алалбай тигиле тиктеп отурду. Өзүн маданияттуу жарандардан деп эсептегендердин биринин үйүндөгү капаста кооздук үчүн кармашкан ырчы, сайроочу куштардан эле ал чымчык. Көгүлтүр мейкиндикте көз тайгылткан көгүлтүр тоолор созулуп жатты. “Бул тоолордун аркы бетинде түштүк жатат”, — деп ойлоду ошол жакты телмире тиктеген кичинекей чымчык. “Мен бир гана ирет ал жакка учуп көргөнмүн. Андан кийин бир да жолу эч жакка учпадым.” Ат туягын түлөткөн, […]

Лао МА: Үч күлкү

Кытай адабиятынан АҢГЕМЕ Динчоу табиятынан катаал киши. Анын жүзүнө сүрдүүлүктүн сүрөтү өчпөс болуп тартылып калгансып дайыма кабак чытый сурданып турат. Ал эч качан күлчү эмес. Динчоунун өзүнүн айтканына караганда, ушул жашоосунда ал үч гана жолу күлүптүр. Бирок бул күлкүлөрүнүн аягы ыйга айланып кетиптир. Ошондуктан ага  “күлкү” деген сөз менен жамандык айкалышып тургандай сезиле берет. Анткени, кырсыктар ага ошол күлкүнүн айынан келип отурбайбы. Чынында эле анын үч күлкүсү тең өмүрү менен көңүлүнө өчпөс из калтырып кеткен. Анда Динчоу беш-алты жашта болучу. […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Бар болгула, чабалекейлер…

ЗАМАНДАШТЫН БЕЙНЕСИ (Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракесин куттуктап) Айылда төрөлүп чоӊойдум, бой таркандан баштап борбор шаарга келгениме кырк жылдан ашса да шаардык жашоонун ыӊгай-шартын кабыл ала албай, баари бир токойду эӊсеген карышкырдай болуп айылымдын ак таӊдары көздөн учуп, ушул күнгө чейин ошол жакка баргым келе берет. Айылдаштарымдын мүнөзү, жашоо эрежелери, кылык жоруктары эси-көөнүмдөн чыкпай, мен аларды бүгүн чыгармаларымдын каармандарына айлантып алгам. Белгилүү жазуучу, публицист Абдыкерим Муратовдун каармандары да дээрлик айылдыктар. Ошон үчүн бул жазуучунун чыгармалары менин жүрөгүмө жакын. Анын айыл […]