Касым КАИМОВ: Жүрөк гүлү

(Тамсил-аңгеме) Суусар укмуштуу гүл өстүрдү. Анын жүрөккө окшош татынакай тажысы, көз тайгылткан кооздугу көргөндөрдү суктандыра баштады. Тоодо көркү жана жыпардай жыттуулугу жагынан ага теңдеш гүл болбоду. Бул гүлдү Жүрөк гүлү деп аташты. Аны катуу жамгыр түгүл, мөндүр да көркүнөн ажырата албады. Назиктик менен бекемдик биригип, бир затка бүтсө, ким таң калбасын! Анын сапатын, сыпатын билгенден кийин айылдаштарынын баары Суусардын үйүн көбүрөк имерчиктей турган болушту. Аны баарыдан да, Суур жадатып жиберди. Бирок жүрөк гүлүн өзүнө тарта албады. Ошондуктан ал ишти Суусардын […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Жытчыл ит

АҢГЕМЕ Көпөс Еремей Бабкиндин енот шубасын бирөөлөр жымырып кетиптир. Көпөс Еремей Бабкин өңгүрөп берди. Көрсө,  шубасына ичи ачышып жаткан тура. —  Граждандар,  шуба жөнөкөй шуба эмес, кымбат шуба! — дейт ал, —  канча акча берсем да аны таптырам. Кылмышкердин бетине гана түкүрбөсөмбү! Ошентип Еремей Бабкин из кубар итти чакыртты. Чакырыкка кепкасын баса кийип, ит жетелеген адам келди. Ити ит деп деле айтчудай эмес — күрөң,  шиш тумшук,  кебетеси суук,  сүйрөйгөн бир ит сымал неме. Тиги киши итин эшик алдына жетелеп […]

Эрк – бакытка өбөлгө

Пхенчян шаарында болуп жаткан дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандан да спортчулардын чакан тобу жөнөп кетти. Кошуна Казакстандын атынан муз бийи боюнча жарышка жөнөгөн Элизабет Турсынбаеванын апасы Падишахан Султаналиева – кыргыз кызы. Ушул зор сыноого аттанган чакта да канатташ кыргыз менен казакты, уул-кыздардын таалимин ойлойт экен. Анын бүгүнкү маеги да окурманды кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. — Падишахан, кыргыз менен казактан буга чейин муз бий чеберлери чыккан эмес эле. Спорттун өзгөчө чеберчиликти, көркөм табитти, анан, албетте, бекем эркти талап кылган бул түрүн кандайча тандап […]

Азиз НЕСИН: Торос желмогузу (Үч көшөгөлүү драма)

Каармандар: Нури Саянер — пенсионер, 60 жаштан өткөн Михрибан — анын аялы Метин — алардын уулу Гүлай — алардын кызы Зия Чалакчы — жашап жаткан үйдүн ээси Осмон Күмүштекир — (Думан Осмон), ашынган кылмышкер Комиссар Кезметчи Милиционер Соттолуучу Биринчи журналист Экинчи журналист Үчүнчү журналист Гезит сатуучулар БИРИНЧИ КӨШӨГӨ Биринчи көрүнүш Чоң жыгач үйдүн экинчи кабатындагы конок бөлмө. Сол жакта – уктоочу бөлмөнүн эшиги. Оң жакта – далис, ашканага жана башка бөлмөлөргө алып барат. Сыртты карап турган эки терезенин ортосунда “Жараткан […]

Конкурска: Кыргыз аңгемелеринин контекстинде – «Кызыл өрүк»

№1 Топчугүл Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» деген прозалык китеби (Шайдуллаева Т. «Кызыл өрүк»: аңгемелер, эсселер жана киноповесть. – Б.: «Улуу тоолор», 2017. – 236 б.) чыкканын угарым менен менин элестөөмө башка бир китеп келе калды. Ал Орозбек Айтымбетовдун 1980-жылы чыккан «Кызыл өрүк» деген аңгемелер жыйнагы эле. Анда адабият болуп-толуп, советтик жазуучуларга партиялык камкордук көрүлүп, бир жылда кыргыз жазуучуларынын жүздөн ашык прозалык китептери жарыяланып, элге таратылып турган кез. Айтымбетовдун «Кызыл өрүгү» кыргыз адабиятына жаңы көз караштагы, адабиятты классикалык деңгээлге көтөрө алчу жаш […]

Владимир ВЫСОЦКИЙ: Шахмат оюну

АҢГЕМЕ Эгерде сага шахмат ойногонду сунуш кылышса, эч качан: “билбейм” деп айта көрбө. Андан көрө: “Билем, бирок көңүл чаппай турат” деп койгонуң оң. Бул алтын эрежени эми мен жакшы билем. Бирок баягыда!.. Мен паркта гезит окуп, тынч олтурсам, бейтааныш киши жаныма басып келди. Көзүндө ушундай бир куса бар экен дейсиң, а колтугунда – шахмат тактайы. — Ойнойлубу? – өтүмсүз суроо узатты; менин баш тартаарымды билип тургансыйт тимеле. — Билбейм! — Кандайча? – секирип кете жаздап, мени асмандан түшкөн немедей карады. […]

Василий ШУКШИН: Кемпай

АҢГЕМЕ Башкача бир кызыктай жоруктарга барганы менен куулук-шумдуксуз жүргөнүнө жараша, ошондой эле өзүнүн бир өзгөчөлүгү сыяктанып башынан бөлөкчө бир окуялар өтө бергенинен улам аялы ага Кемпай деп ат коюп алган. Ал көбүнчө апенди чалыш күйөсү жосунсуз жорукка барганында бул атты кошо айтып жемелегени менен кай бирде анын баёолугуна ичи элжиреп “Кемпайым” деп эркелеткен тейде жароокөрлөнө да кетчү. Ал өзү ушундай болгону менен арты өкүнүчтүү окуяларга кабылуудан же жоруктарга баруудан каччу, аларды дегеле каалачу эмес. Андыктан болор иш болуп кеткен соң […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Бейиште ачылчу сандык

АҢГЕМЕ  Чоң энемди “апалап” чоңойдум. Ага арнап жазган жүрөгүмдө сагынганычтын каты бар. Анда окуй баштайын… «Саламатсызбы, апа! 1912-жылдан 1989-жылга чейин ушул жалганда өмүр сүрдүңүз. 4 жашыңызда Үркүн деген балээ чыгып, Кытайга чейин үркүп барып, анан Кудай сактап аман кайтып келиптирсиз. “Элес-булас эсимде, качкан кезибиз, ачкадан ыйлап азап тартканыбыз…” деп барып, “сурабай эле койчу балам, биздин башыбыз менен эле кетсинчи” деп ыйлап жиберип отуруп калар элеңиз. Сиздин себиңизге келген сандыкты сактап жүрөм, апа. Ушул сандык менен толтура акыл жана тарбия бергендей […]

Ынтымак жөнүндө притча: Кебете кешпир кеп эмес

Радханатха Свами Нараян Прасадан сураптыр: – Өлкөдө индуизм менен ислам ортосунда карама каршылык курчуп турса да, арийне сиз бөлөк-бөтөн ишенимде жүргөндөргө абыдан урмат-сый менен мамиле кылганыңыз кандай? Нараян буга таңгалыштуу жооп бериптир: – Ит өз кожоюну кандай кийинип алса да тааныйт. Мүмкүн чапанчан болобу, галстук байланып, костюм кийеби же жылаңач жүрөбү, ит өз ээсин ар дайым сезет. Агер биз башка диндин чапанын кийип алган өз кожоюнубуз – сүйүктүү Кудайды тааныбасак, анда биз иттен да жаман пендебиз. (Вайшнав притчасы) ЫРАКАТТЫН ДААМЫ […]

Армения акындарынын ырлары

Мхитар ГОШ Он экинчи кылымдарда жашаган Окуп чыктым армян жазган жомокту. Кара сөзүн ырга салдым, болсун деп Элпегирээк, кызыктуу да, омоктуу. Өз жагымдан кошумчалап, көрктөйм деп Ашыкча да колдонбодум боёкту. Бардык иште тактык гана жарашат, Бурмалаган – сыйлабастык конокту. Түш жоругуч (Тамсил-жомок) Булут жаанды нөшөрлөнтүп төккөндөй, Сөз нөшөрүн акын минтип төгүптүр: «Тээ илгери, бир падыша түшүндө Көктөн түшкөн түлкүлөрдү көрүптүр. Түшүн эч ким жоруй албай койгон соң, Капа болуп, ой көлүнө чөгүптүр. Акырында, жоруганга берем деп Казынадан миң алтынды бөлүптүр. […]