«Чеч-Дөбө» кеңешинин «Улут абийри» наамы Улан Эгизбаевге ыйгарылды

«РухЭш» сайтынын интеллектуалдар альянсы негиздеген «Чеч-Дөбө» кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйында 2018-жылы ыйгарыла турган Салижан Жигитов атындагы «Улут абийри» наамына татыктуу талапкерди тандоо маселеси каралды. Талкуу жүрүшүндө басымдуу көпчүлүктүн пикири менен быйылкы жылдын «Улут абийри» наамына татыктуу лауреат деп чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев тандалды. Өткөн жылдагы жыйындан айырмаланып, бул сапар аталган сыйлыкка татыктуу деп бир гана талапкердин аты аталганына байланыштуу – тандоо жабык добуш берүүгө салынган жок. Эскерте кетчү жагдай: «Улут абийри» наамынын былтыркы жылдагы лауреаты белгилүү публицист Нарын Айып […]