Абийрбек АБЫКАЕВ: Эч нерсеге эби жок адам жөнүндө жомок

Илгери-илгери колуна алган нерсеси колунан түшкөн, тамак ичсе оозуна жетпей ыргыган ченде жок эпсиз,  эби жок адам жашаптыр. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы, канча аракет кылса да ал адаттан арыла албайт.  Барган жерин бүлүнтүп, жүргөн жерин жүдөтүп жүргөндүктөн ал адамды эч ким жумушка да албайт. Жумушсуз,  ачка калган күндөрү көбөйө баштаганда ойлойт. “Кой, минтип жүрсөм бул жактан ачкадан өлчүдөймүн, жер которуп сырымды билбеген элге барып оокат кылайын”. Ошентип эби жок адам жолго чыгат.  Улам бир элге токтоп, сыры билингенде андан […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Айыл сүртүмдөрү

Бир карасаң айылда турмуш илгерки түссүз кино сыяктуу, көңүлсүз, бир кылка өтүп жаткандай. Тээ илгери бир чала-була шаар көрүп калган жаш жигиттен: — Кандай, айыл-апа аман жатабы, жашоо кандай? — десе: — Айылда жашоо кандай болмок эле, эртең менен корову проважаем, кечинде корову встречаем, — дегенин уктум эле. Шаардагыдай эс алуучу жайлары, көчө толо кыздары жок болсо, эртең менен таң атпай уйду бадага кошуп, кечинде казылып жаткан картөшкө жеп ичи көөп өлбөсүн же огородуна кирсе бирөө айры менен жара сайып […]