Александр Куприн: Ажаат ачкан догдур

АҢГЕМЕ Бул аңгеме ойдон чыгарылган жок. Бул окуялар мындан отуз жыл илгери Киев шаарында чындыгында эле болуп өткөн, мен сөз кыла турган үй-бүлөнүн эсинде ал окуянын ар бир көз ирмеми ыйык нерседей сакталып, ушул убакытка чейин унутулбай айтылып келет. Мен болгону, ал оозеки аңгемени кагаз бетине түшүрүп, кейипкерлердин атын өзгөртүп койдум. – Гриш, а Гриш! Карасаң, торопойду… Күлүп жатат… ал күлүп жатат. Оозун карасаң, оозунда чөп жүрөт!.. Мына сага! Тамак-аш саткан дүкөндүн чоң айнек витринасынын алдында, катуу сууктан үшүп, айласыздан […]