Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Жакшылыктын данеги

Даңктуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун белгилүү чыгармаларынын бири «Ак кеме» экранга чыкты. Аны ушул эле автордун «Асма көпүрө» аңгемесин экрандаштырган белгилүү режиссерубуз Болот Шамшиев иш жүзүнө ашырган. Адабий чыгарманы экран тилине кандайча которуу өӊүтүндө советтик искусство таануу илиминде кыйла убакыттан бери талаш-тартыштардын жүрүп келатканы көпчүлүккө маалым. Бул татаал маселеде алиге бир бүтүмгө келүү да боло элек. Анткени, адабий чыгарма боюнча тартылган фильмдердин бир даары өзүнүн алгачкы булагынан бир карыш да обочо жылбай эле жаратылып, эң сонун экран чыгармасы катары өмүр сүрүп […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: «Ашуудагы» сабактар жана «Мен – Тянь-Шань»

1960-жылы аты калың журтка анча таанымал боло элек жаш жазуучу Ч.Айтматовдун «Жолдо» аттуу киноповести жарыяланат, анын негизинде «Ашуу» аттуу фильмди режиссер А.Сахаров тартып бүтүрөт. Фильмдеги биздин көӊүлүбүздү бурган нерсе – бул фильмдин өзүнүн алгачкы адабий булагынан чегинүүсү, жаӊы мотивдерди киргизүүсү болуп саналат. Адабий чыгармаларды экрандаштыруунун тарыхы көрсөткөндөй, текстти кубалап жүрүп отуруу (буквализм) көп учурда тескери натыйжаларга алып келет. Муну кинонун тарыхы жана акыркы жылдардагы жарык көргөн теориялык эмгектер да, изилдөөлөр да ырастайт. Бирок тексттен чегинүү жакшы экрандаштыруунун бирден бир туура […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: «Байыркы кытай» – Конфуций маселеси

БИРИНЧИ Башынан бери, негизинен такталып калгандай көрүнгөн байыркы тарыхта алигүн башы ачылбай жаткан маселелер кыйла. Ошонун бири – Конфуций теги жана анын мурасы. Сөздү кыска, кыя чаап ток этер жерин айтканда, биздин соӊку илигибиз Конфуций теги байыркы кырк уруу кыргыздын бирине барып такаларын айкындады. Ал эми ал калтырган «вэньян» же байыркы жазма тилдеги улуу мурасы иероглиф ичинен түз кыргыз (Түркү-АЛТАЙ) тилинде окулду. Буга биздин соӊку «ТЭӉИРЧИЛИК. Бурут Тамга – Баянкат» (Б., 2015) аталган илимий монографиябыз арналды. Буга «Шицзинден» өлөӊдөр киргизилди. […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: «Мендеги» Айтматов (уландысы)

«КУШ ЖОЛУНДА» КУТ ЧӨККӨН (Мурда жарыяланган бөлүгү: Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: «Мендеги» Айтматов) * * * Айтматов менен кинодогу соӊку жолугушуум – дагы эле Бакыт Карагуловдун «Саманчынын жолу» повести боюнча тартылган кезектеги фильмде болду. «Кезектеги» болгону, «Саманчы жолун» алгач 60-жылдарда андагы жаш режиссер Г.Базаров дипломдук иш катары тартканын билебиз. Эми да «Саманчынын жолу». Сценарийин автор жана Марат Саруулу жазышкан. Повестке кайрадан кайрылуу неликтен, кай муктаждыктан туулду? Демек, авторлордун оюнча алгачкы экрандаштыруу камтый албай калган, не, жаӊы мезгил талабында, повесть тереӊинде али ойгонбой уктап […]

Сол кары – левое крыло, крыло народовластия

Жомогу ЖОЛдо айтылган,    Жоругу ЖОЛдо камтылгын. Арстанбек Были-легенды слогались в ПУТИ, Правила жизни сростались в ПУТИ. Арстанбек Этот раздел является дополнением к Конституции в контексте народно-традиционных ценностей, это есть мобилизация национально-традиционного начала в деле организации Народовластия. Население Кыргызстана или гражданское общество имеет конституционное право управлять государством снизу до аильного управления (т.е. до публичной власти) в формах местных общин («Ынтымак-Согласие»), где создаются первичные организации, общественные, профессиональные объединения (Проект, ст. 27). Там же указано, что Конституция допускает объединение граждан на основе […]

Теңирчилик туурасында илимий-практикалык конференция өтөт

2017-ж. 28-июнда саат 10-00 КР Улуттук илимдер академиянын кичи залында «Чоюн Өмүралиевдин «Теңирчилик. Коом – мамлекет» (2012, 304 б.) жана «Кыргыз мамлекеттиги: кечээ, бүгүн, эртең…» (2016, 290 б.) аттуу монографияларында чагылдырылган кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн көйгөйлөрү – саясый өңүт» темасындагы илимий-практикалык конференция өтөт. Конференциянын уюштуруучулары: КР УИАнын Философия жана саясый-укуктук изилдөөлөр Институту, И.АРАБАЕВ атындагы Университет жана «КЫРГЫЗ ЖЕР» илимий-агартуу коому. 28 июня 2017 года в 10-00 в Малом зале Национальной Академии Наук КР состоится Научно-практическая конференция «ПРОБЛЕМЫ КЫРГЫЗСКОЙ ГОСУДАРСТВЕННОСТИ В МОНОГРАФИЯХ ЧОЮНА […]

Улуттук идея: Манас цивилизациясынын манифестине тезис

Адамзат XXI кылымга жаңы үмүт, максаттар менен кадам таштады. Ошол эле учурда чечилбеген түйүндүү карама-каршылыктарын да кошо ала кирди. Глобалдашуу процесси ар эл, мамлекеттер арасын мурда болуп көрбөгөндөй жакындаштырып, алардын проблемасын да кыйла жалпылаштырып салды. Мунун дурус да, бурушда жагдайлары туру. Андыктан адамзаттын ар элдеги өкүл, топтору, ар кыл бирикмелери барган сайын ар кандай прогрессивдүү идеялардын айланасына уюп, мезгил алдыга өктөм койгон проблемаларды чечүүгө белсенип кирип жатышат. Бирок бул багытта жасалгандан жасала элек, аңдалгандан аңдала элек маселелердин арбын экендиги да […]

Бир сүрөттүн тарыхы (уландысы)

<<<<<<<<<<<<<<<БАШЫ «Коомдук иштин» коктуларында Тарых, улуттук дүйнөтааным менен кызуу алпурушуп жүргөн чагым. Петроглиф сырларына, скиф айбанат стили атыккан искусство дүйнөсүнө, алардан жалпылана калкып чыккан көчмөндөрдүн орнамент ааламына системдүү илик салып, улуттук философиянын уңгусун материалдык маданияттан излеп, издеп жүргөн кезим. Ошол кезде жан дүйнөмдү катуу козгогон, түйшөлдүргөн, мен үчүн өзгөчө орошон бир окуя болду. Сүрөт музейинде «Байыркы Хакас искусствосу» деген көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө адеп киргенимде талып жыгыла жаздадым. Музейдин экинчи кабатынын дээрлик жарымын ээлеп Хакасия, Алтай мейкиндигиндеги таш сүрөттөрдүн көчүрмөсү күтүрөп […]

Бир сүрөттүн тарыхы

(Сүрөтчү Жоомарт Кыдыралиевдин бейнесине сүртүмдөр) «Чекишип – бекишүү» Мен Жоомарттын чоң атасы Мааламбердини да, өз атасы Асаналыны да көрүп калдым. Бул өткөн 80-жылдардын экинчи жарымы эле. Мааламберди карыя тээ отузунчу, контурдун каардуу жылдарында «тройка» тарабынан атууга өкүм кылынып, анан кош солдаттын айдоосунда баратып, ажалдын ач оозунан амал менен качып кутулуптур. Ал мындайча болуптур. Ээндетип барып атмакчы болушкан сары ооз балапан солдаттарга кайрылып, муңайым айтыптыр: — Эми балдар силерде не жазык, ишиңерди так аткаргыла. Мен да өлүм алдында бир ишимди аткарып […]