Аман Токтогулов: Кардиограмма[1]

Белгилүү афоризмди перефразаласак, дүйнөдө жаман поэзия жок, жаман акын бар болуп чыгат. Сөз «экинчи жаратылышты», көркөм дүйнөнү, образдарды жарата ала турган, поэзиянын объективдүү өнүгүүсүнө тиги же бул деңгээлде түрткү, өбөлгө боло алган субъективдүү мүмкүнчүлүктөр жөнүндө болуп жатат. Кыргыз поэзиясынын өнүгүшү үчүн практикалык жактан болсун, теориялык жактан болсун көрүлгөн камдын түпкүрүндө албетте халтурага каршы күрөш бар. Ар мезгилдин поэзиясынын өзүнүн бийиктери, ошого жараша халтурасы болот. Кечээ жаңылык катары көрүнгөн поэзия бүгүн катардагы эле ырлар, а түгүл кечээ учурдун милдетин өтөгөнсүп жүргөнсүгөн, […]