Үмүт Култаева: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында ЭНЕЛИКтин көркөм концепциясы

Энелик – тирүүлүктүн чен-өлчөмүн шарттап турган улуу био-социологиялык жана нравалык руханий баалуулук. Жашоонун учугун улап турган  өзгөчө категория катары энелик  генетика, биология, психология, педагогика, философия, социология сыяктуу бир нече илимдин  объектиси. Көркөм адабиятта көбүнесе энеликтин нравалык баалуулугу иликтөөгө алынат. Адамзаттын баалуу бул феномени Ч.Айтматовдун чыгармаларында  аӊдоого алынышы бир нече илимге таандык мыйзам-ченемдерди камтыйт. Анткени жазуучунун чыгармаларында «жаратуунун туу чокусу –  адамды» (Ч.Айтматов)   төрөп өстүргөн Толгонай Энеден баштап, маңкуртка айланган уулунун колунан ок жеген Найман Эненин ак жоолугу башынан шыпырылып баратканда, […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу

I глава: Салижан ЖИГИТОВ: Өмүралиевдин «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу» деген дипломдук ишине пикир II глава «Аптап» жана «Биринчи мугалим» Ч.Айтматовдын кайсы гана чыгармасын албайлы, баарыдан мурун биздин баамыбызга урунаары – анда чоӊ ойдун берилиши. Мындай жооптуу ойду айтууда ал ар кандай эле адамдарды каарман кылып ала бербейт. Аны көтөрө ала тургандарга гана токтолот. 10-классты жаӊы эле бүтүргөн, романтикалык максаты ээлендирген «Ботогөз» булактагы жаш Кемелдин образы ушундайча образдардан. Рас, ал Абакир айткандай гелиобатареялар жөнүндө, тарыхтан окуган Анархайдагы илгерки жер дүӊгүрөткөн жылкы, жортуулчул […]

Салижан ЖИГИТОВ: Өмүралиевдин «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу» деген дипломдук ишине пикир

Ч.Айтматовдун бардык чыгармалары экран бетине көчтү, бирок экрандашканда алар эмнесин жоготуп, эмнелерге жетишти деген суроого кыргыз адабиятчылары жана кино изилдөөчүлөрү алгылыктуу жооп берише элек. Бул маселени Чоюн Өмүралиев биринчи козгоп отурат. Дипломдук иш жогорку деңгээлде жазылган. Дипломанттын алдына коюлган маселелер дээрлик туура, теориялык жактан билгиликтүү чечилген десек болот. Буга Ч.Өмүралиевдин жалпы теориялык даярдыгы, жандуу эстетикалык табитинин бардыгы чоӊ өбөлгө болгон. Экинчиден, Ч.Өмүралиев жаза билет, сүйлөмдү сабаттуу, логикалдуу түзө билет, ар кандай адабий көрүнүшкө, асыресе өзү изилдеген маселеге өз алдынча мамиле […]