Али Үнлү: Чычкан аңчысы (конкурска №62)

«Масал шекери» Индиянын алыскы бир аймагында чытырман токойлуу бир жерде жан-жаныбарлар ынтымактуу жашашкан экен. Баары бири-бирин сыйлап, бири-бирин урматтап турушчу экен. Күндөрдүн биринде бул токойго капысынан бир арстан келип калат. Ал токойдо канча жаныбар болсо баарын алдына чакыртып, аларга өзү өкүм жүргүзө баштайт. Ал чөйрөдө канча жырткыч жаныбар болсо, баары аргасыздан арстанга кызмат кылат. Ошентип күндөр айга, айлар жылга айланып убакыт өтө берди. Арстан да карыды, арыды. Көздөрү тунарып, тиштери мокоду. Алдына койгон тамакты да түзүк жей албай калды. Ал […]