Олжобай ШАКИР: Сын жанрынын корифейи Даутовго кара күч колдонгон адабий мутант

«Эси жоктор отоо чөптөй: урук сеппесең деле өсө берет» Даниил ЗАТОЧНИК Жаратылыштын чырмоок чөбү сыяктуу эле адабият, маданият майданында бирөөгө жабышып бой көтөргөндөр болот. Алар айланасындагыларга жабышмайын өспөйт. Ошон үчүн алардын даа бир аты – арсыз өсүмдүк. Өзүнөн бийик өскөн айланасындагыларга чап жармашат. Соңку кезде өрдөк болгусу келер чулдук чыкты, Аскар Медетов деген. Коомчулукка өзүн адабиятчы таанытып жүрү. Таанытсын, тек, адабияттын көркөм мазмунун тааныбаган андай графоман, профандарды не адабиятчы, не акын, не жазуучу катары чыгармачыл чөйрө эч качан тааныбайт дагы. […]

Ризван  ИСМАИЛОВА: Сыздады жүрөк кулундай ойноп туйлаган…

АҢГЕМЕ-БАЯН Бисмиллах ир-рахманир-рахийм! Сегиз жүз токсон тогузунчу жылдын рамазан айында он эки жаш курагымда Фергана аймагынын падышасы болуп калдым. Фергана – бешинчи иклимдеги (орто кылымдагы илимпоздор жер шарын жети иклимге бөлгөн жер. Күн чыгышында – Кашкар, Күн батышында – Самарканд, Күн жүрүшүндө – Бадахшан чегинин тоолору, Түндүк тарабында Отрар) жер. Ферганада жети шаар бар: алардын бешөө Сейкун дарыясынын Күн жүрүүчү тарабына жайлашып, экөө анын Түндүк жээгинде. Күн жүрүш тараптагы шаарлардын бири – Анжиан. Анжиандын төрт жыгач аралыкта Күн чыгыш-жүрүш тарабында […]

Батыш менен Чыгыштын руханий көпүрөсү Жалалиддин Руми

Абдыкерим МУРАТОВ Дүйнөлүк адабияттын классиктери аталып жүргөн Абдурахман Жами, Алишер Навои сыяктуу улуу устаттар өз устаты катары Жалалиддин Руминин атын аташкан. Анын чыгармачылыгына дүйнөлүк илимий жана көркөм ойдун бийиктигинде турган немис аалымдары жана акындары Гегель, Гёте да жогору баа берген. Орус «тамсилинин атасы» наамын алган И.А.Крылов бир топ чыгармаларына негиз кылып Руминин жазгандарына кайрылган. Жалалиддин (Жалал-ад-Дин) Руми 1207-жылы азыркы бөлүштүрүү боюнча Ооганстан аймагындагы Балх шаарында туулган. Ал эми Тажикстандын президенти Э.Рахмонов 2006-жылы 20-январда Конья шаарында өткөн Мавляна Жалалиддин Румиге арналган […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Чындык издеп дүйнөнү чарк айланган Машраб дубана

УЛУКТААНУУ Чыгыш поэзиясында адам, анын тагдыры, кызыл ыраңдай кашкайып көрүнсө, мына ошол дүйнөкарашта, ааламтаанууда инсанийлик, б.а. адамгерчилик баш планга чыгат. Адам, чыгармачыл киши бүт Көк, Жер, Караңгылык жана Жарыктык менен татаал, кыйма-чийме байланышат да, өзү ошол бүтүн системанын түйүнүндө турат, уюлунда уютку болот. Адамдык, пакизалык, актык – инсан жашоосун улап кетер көрөңгө, дүйнөнү тиреп турар түркүк, ошолор сүрөткердин жан дүйнөсүнүн дүрбөлөңчүсү катары аракеттенет. Мына ошол Улуу Вазийпаны ишке ашыруу үчүн сүрөткер аалам кезип, жер кыдырып, эл аралап, дервиш болуп Чындык […]