Унсуралмаали Кайкавус: Кабуснаме (Акылмандыктын кенчи)

<<<<<<<<< Башы ЖАЗАЛООНУН ЖАНА КЕЧИРИМДҮҮ БОЛУУНУН ЖОЛУ ЖӨНҮНДӨ Уулум, ар бир жаңылыштык үчүн жазалоо жарабайт. Муну билгин жана эсиңде тут. Эгер кимдир бирөө жаңылыш иш жасачу болсо, өз жүрөгүңдөн анын күнөөсүн кечирүүнү өтүн, себеби ал адам, а биринчи күнөөнү Адам ата жасаган. Бул жөнүндө мен мындай дээр элем: Жандар болот, жаза басып эсирген, Жандар болот жалган күнөө кетирген. Улуулугуң, — башты кесчү жаза эмес, Улуулугуң ушуларды кечирген. Жазыксыз адам жазаланып калбас үчүн эч кимди тегин жерден жазалаба. Ар кандай майда-барат […]