Чыгыш эл жомогу: Хабба шумпай жөнүндө жомок

Хабба жана Муга аттуу эки көпөс бирге соода жүргүзүп, шериктеш боло башташат. Алар бир жолу шаарды карай келатып, жолдон ичинде миң динары бар капчык таап алышат. Айланадан жок жоготкон эч кимди көрбөгөн алар акчаны эмне кыларды билбей турушканда дароо эле ач көздүгү кармап, шеригин алдамай болгон Хабба мындай дейт: — Азырынча биздин акчабыз бар, бирок кайсы бир күнү ага зарыл болуп калышыбыз мүмкүн, ошон үчүн табылгабызды тээтигил жоон дарактын түбүн оюп катып коёлу да, качан керек болгондо алып кетели. — […]

Чыгыш эл жомогу: Шашпаган уста

Бир киши уулдуу болуп абдан кубанат. Ал баласына бешик жасатыш үчүн жыгач устага келип, бир риал[1] берип мындай деди: — Уулдуу болуп жетине албай турам, бешик жасап берчи. — Макул, кийинки ишембиде келип буюртмаңды алып кет. Бул жума күн эле, кийинки ишембиге чейин дагы сегиз күн бар болчу, андыктан уста бешикти жасап үлгүрмөк. Көңүлү тынч үйүнө жөнөгөн буюртмачы күн санап, туптуура сегиз күн өткөндөн кийин устадан бешигин сураса, тигиниси: — Азырынча даяр болбой жатат, бир жумадан кийин кел. Бир жума […]

Чыгыш эл жомогу: Бедуин менен арап

Бир жарды бедуинге кандайдыр себеп менен чөл кезген сапарга шашылыш чыгууга туура келип, жокчулук айынан жолго жакшы камылга көрө албай, улам көп узабай эле суусу да, азыгы да түгөнүп, чаңкайт, карды ачат. Бирок айласы жоктон улам жол арбытууга мажбурланып келатып, кумдуу дөбөлөрдүн биринде отурган кишини көрүп сүйүнүп кетет да, жанына чыгып барат. Жолунун болгонун карачы; бул отурган киши өзүнүн арап таанышы экен, ага жараша ал алдына тасмал жайып тамак жеп, суу ичип отуруптур. Бирок ал жалдыраган көзү тамактан өткөн бедуиндин […]