Чыгыш элдеринин жомогу: Кембагал менен бакыт

Бир кембагал адатынча бактысыз тагдырына нааразы болуп, Жаратканга да наалат айтып күңкүлдөй сөгүнүп келе жатып, бугу чыкпай калчудан бетер буркулдап коё берет: — Бакыт бар деп коюшат! Кана ал болсо? Каргыш алсын ошол бакытты, эгер ал бар болсо!.. Бул кембагалдын тагдырына бактылуу болуу жазылбаганы менен жакын жерде өтүп бараткан Бакыт анын сөгүнгөнүн угуп калып ак көңүлү кармап, боору да ооруп, жакшылык кылгысы келип аны колдон алып: — Токто! Коркпогун, анткени мен сенин Бактың болом. Демек, кийинки жашооң жыргалчылыкта өтөт, — […]

Чыгыш элдеринин жомогу: Тентектин акылы

Бир ирет базарда айнек саткан бирөө акылдан айнып кетмейи аз келгенсип бейбаштыгы да башынан ашкан таанышына мындай деди: — Баардык тентектер айнек сындырат, а сен эмне мынча жалкоосуң же коркосуңбу? Ушинтип жүргөнчө үйлөрдүн терезелерин талкаласаң, моокумуң канганы аз келгенсип, соодам жок отурган мага да чоң жардам болот эле. Акылы пас тентек анын айтканын эп көрдү. Көңүлү шаттанып, ичинен кыңылдай ырдаган бойдон айнекчинин үйүнө келип, терезелерге бир да айнек калтырбай таш менен уруп, талкалап чыкты. Айнекчи кечте үйүнө келгенде гана тентектин […]

Чыгыш элдеринин жомогу: Нан жана алтын

Аббас аттуу кедей дыйкан бар экен. Күнү бою баш көтөрбөй, бел чечпей иштеген ал кичине эле бош убактысы боло калса бул ит турмуштан сууруп чыгуучу, жыргал жашоого жеткирүүчү казынаны кантип табам деп ойлоно берип, акырында кызыл-кызыл кыялдарга да батып кетет. Абдан ысык аптаптуу күндөрдүн биринде ал кадимкисинче талаада иштеп жүрүп, бир кезде чарчаганда бактын көлөкөсүнө отуруп адатынча кыялдана кетти: “Эгер мага Кудай эмнеге колум тийсе ошону алтынга айланткан укмуштай бир улуу касиет берсе, мен мындай оор жумуш менен ит турмуштан […]