Кыргыз эл жомогу: Чынарбай менен перинин кызы

Өткөн заманда бир жардынын кош бойлуу аялы токойго келип, отун алып жүрчү экен. Бир күнү толуп жаткан чырпыкты көрөт. Аны таңып алып жатканда толготуп, эркек бала төрөйт. Киндигин кесип, баласын ороп алдына алып, чырпыгын аркасына көтөрүп үйүнө келет. Атасы чынар теректин түбүндө төрөлгөндүктөн баласынын атын Чынарбай коёт. Чынарбай бой көтөрүп чоңоё баштагандан тартып, ошол теректин түбүнө ойногонду жакшы көрө турган. Бала жанына ойногон сайын чынар терек күндө узарып өсөт. Анын узарып өскөнүн бала байкап, көзүнө абдан жылуу учурайт. Айылдагылар чынар […]