Жанданган үмүт жан береби?

Аягы кандай болору эми күмөн санатып турса да, ооба, чечкиндүү кадамдар жасалды. Экс-өкмөт башчы баш болуп, бир катар атка минерлер камакка алынганы, бир катарына кылмыш иши козголгону күрдөөлдүү күрөштүн башталышын көрсөткөн. Черибиз жазыла түштү эле, эми эмне болор экен? Болгон болбогонунун али күнчө дайыны жок 1 миллионду Чубактын кунундай чубашты эле, өлкөнүн тартибин Текебаев эле бузуп аткансып. Эми четин копшосо эле жүздөгөн миллиондор кымтылган жерлер четтен чыга баштады. Алардын жайы кантер экен? Ал кездеги эки тизгин, бир чылбырды кармап жүргөндөр […]