Чынгышбек Айтбек уулу: Ачкыч (конкурска)

АӉГЕМЕ Мен бул иште иштеп жатканыма бир жылдай убакыт болуп калды. Бул ишке киргенимден баштап эле көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир алгам. Ушул убакытка чейин ошол батирде жалгыз турам. Кээде айылдан апам, атам же бир туугандарым келип калат. Алар келгенде менин үйүмө кут киргенсип, өзүмдү абдан бактылуу сезем. Туугандарым болбогон күндөрү мага үйгө келүү кызыксыз. Үйгө келгенде баякы эле сааттын чык-чык эткен жана сыналгынын жаӊырган үнү гана угулат. Мага үйгө келүү кызыксыз болгондуктан көбүнчө убактымды иш үстүндө же досторум менен […]