Габриэль Гарсиа Маркес: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

<<<<<<<<<<<<Башы Ал жерде биз анын түнкүсүн өзүнүн кандуу карандашы менен дал белгиленген саатка жетип келгендиги үчүн Кара санатай Кар киши деп атаган расмий цензурачы, дон Херонимо Ортега да болду. Ал эртеңки басылманын бетинде бир да козголоңчул тамга калбаганча отурду. Анын мага карата грамматикалык изилдөөлөрүм же мага испан сөздөрүнө караганда көркөмүрөк сезилген итальян сөздөрүн колдонгонумда сиам эгеиздериндей үзүлбөгөн байланыштагы тилдерди нормалдуу колдонгон учурдагыдай аларды тырмакчага алып же алдын сызып белгилебегеним үчүн айрыкча жаман көрүү сезими бар эле. Бул сезимдерден төрт жыл […]

О` ГЕНРИ: Ал эмнеге арсар болду?

АҢГЕМЕ Терең кайгы менен азаптардын издери көрүнгөн чарчаңкы, арык жүздүү киши “Техас почтосунун” редакциясына алып баруучу тепкичтер менен толкундана чуркап баратты. Адабий бөлүмдүн редактору бурчтагы ордунда жалгыз олтурган, кирип келген адам редактордун жанындагы жумшак отургучка өзүн таштап, божурап кирди: — Кайгымды таңуулаганым үчүн кечирим сураймын, сэр, бирок ичимдегини ким бирөөгө төкпөсөм болбойт. Мен эң бактысыз адаммын. Мындан эки ай мурун чыгыш Техастын чакан бир тынч шаарында алпейим жана бакубат турмушта бир үй-бүлө жашады. Бул үйдүн кожоюну Хезекия Скиннер өзүн ал […]

Грузиндердин көөнөрбөс мурасы

(Жогорудагы сүрөт — “Жолборс терисин кийген баатыр» дастанына иллюстрация) 1940-60-жылдары кыргыздарда Автандил, Тариэль, Тинатин, Рустеван сыяктуу ысымдар көп коюлган. Бул адамдар грузиндердин «Жолборс терисин жамынган баатыр» дастанынын башкы каармандары. Быйыл көөнө дастандын автору Шота Руставелинин 850 жылдык мааракеси. Жазылган грузинче бул дастанды, Баяндап өзүңөргө айткандарды — Каухардай бирден иргеп, кураштыргам, Кадимки каухарлардан Ирандагы. Түптүгөл зыяны жок эритилди, Кандырар ашыктыкка чаңкаганды. Кыргыз окурмандары Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасы менен Алыкул Осмоновдун котормосунда тааныш. Поэмада аруу сүйүү, бекем достук, жакшылыктын […]

Дүйнө акындары Эрнис Турсуновдун котормосунда

Шандор ПЕТЕФИ (1823-1849) Венгрия Өбүү болсун жүз эсе Өтө, ширин, эң артык, Өбүшүүдөн эмне артык? Өзүң карай бек тартып, Өөп турсаң сен балкып, Андан өткөн эмне бар? Айтсаң болсо, эрке жар! Көрк болбойбу гүл деген, Көркөмдүктү түрдөгөн. Аял болсо, шат болсун, Чарчы болсун, чак болсун. Өзүңө окшош жароокер Өбүшкөнү бат болсун! Тартып турса сүйгөн жар, Ташкөмүрдөй күйгөн бар. Өбүшүүнүн өртүнөн Өнө боюм көлкүгөн. Эч ким сендей өппөгөн Эргип барам көк менен! Жаным, өпсөң өзүң өп, Жарыкты өчүр тезирээк. Караңгылык жарыктан, […]