Валюта тарыхына кызыккандар үчүн: Кытайдын кызыл акчасы тууралуу кызык китеп даярдалды

Кытай экономикасы азыр өнүгүүсү боюнча дүйнө жүзү боюнча экинин бири болуп турган кези. Ал эми бул өлкөнүн соода тармагы эчен жылдан бери эч кимди алдына чыгара элек. Ушинтип соода менен экономиканын алга кетүүсү Кытайдын элдик валютасы юандын да белин бекемдеп, анын дүйнө жүзү боюнча колдонулган күчтүү акчалардын катарына кошту десек болот. Бирок биз дүйнөдө биринчи орунда турган ошол сооданын жүгүрүп турган каны болгон Кытай юаны жөнүндө көптү биле бербейбиз. Ушул өксүктү толтуруп, юандын таржымалына, дегеле кытайлардын акча бирдиктеринин тарыхына саресеп […]