Дилазык: Күттүргөн суу

Бир жолу анча-мынча акылы айныган кемпай ысыктан чаңкап, суу издеп жөнөйт. Алыстан туман сыяктуу закым көрүп, суу экен деп ал жакка чуркап барат. Суунун жээгине келип, жалдырап туруп калат. Ичпейт. — Эй, эмне ичпей турасың, суу деп жанталашып келбедиң беле? — дейт аны көргөндөр. Анда кемпай: — Акылман киши сууну түбүнө чейин ичиши керек, демек мен бүтүндөй дарыяны ичишим керекпи? Суу көп экен, атүгүл бардыгыбыз ичип түгөтө албайбыз муну. Ошондуктан ичпей карап турам, — дейт. Аны уккандар санын чапкылап, күлүп […]

Жидду КРИШНАМУРТИ: Өзүңдө революция жасай аласыңбы?

ШАМЧЫРАК Адам баласы бул дүйнөгө эмнеге жаралган? Жашоонун маңызы эмнеде? Дүйнө кайдан келип, кайда баратат? Кудай ким? Сен ким? Аалам эмне? Акыйкат эмне? Абийир эмне? Түшүнгөнүң эмне? Издегениң эмне? Далай акылмандын тишин сындырган суроолор. Чыгышта бул суроолорго жооп берген дүйнөтааным, адамтааным окуулары бар. Ал окуулардын көрүнүктүү өкүлдөрү: Вивекананда, Аурибиндо, Рамакришна, Кришнамурти, Ошо ж.б. Алардын бири Жидду Кришнамуртинин адамтаануу окуусуна келгени кызык… Кришнамурти 1895-жылы 12-майда туулуп, 1986-жылы 17-февралда 91 жашында каза болгон. Ата-энеси кедейчиликтин азабын тартып, 11 баланы багуу үчүн көрбөгөн […]

Калык ИБРАИМОВ: Мусулман маданияты жана Жусуп Баласагындын руханий мурасы

Азыркы адамзат маданиятын мусулман маданиятысыз элестете албайбыз. Ал ааламдык цивилизация тарыхында абал өзү жаралгандан баштап айтаарлык роль ойноп келатканы айдан ачык. Бүгүн да мусулман маданияты дүйнөлүк цивилизациялык-маданий өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп атканы айныгыс акыйкат. Ошондуктан мусулман дүйнөсү, мусулман цивилизациясы, мусулман маданияты кандай рухий нарк-дөөлөттөрдүн негизинде калыптанган деген маселеге баш бакпай туруп, 1000 жылдык мааракеси белгиленип жаткан Жусуп Баласагын бабабыздын руханий дүйнөсүн да ойдогудай аңдай албайбыз. Анткени, биздин атактуу эки жердешибиз – Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин жашоо жагдайы жана чыгармачылык […]

Акеш ИМАНОВ: Байыркы кытай жазуусунун тек-дареги

Биз сөз кылар бул эмгек жалпысынан «Теңирчилик» деп аталган, бирин-бири толуктаган жана уланткан турпатташ эмгектердин бири экен. Мунун алгачкы башаты – «Теңирчилик» (этика) 1994-жылы жарык көрсө, экинчиси – «Теңирчилик. Коом–Мамлекет» деп аталып, 2012-жылы окуучуларга тартууланган. Анын чордонун түзгөн объектиси – мамлекеттин коомдук-саясый түзүлүшү жана укук. Үчүнчүсү – «Бурут тамга – Төрөн тил» 2012-жылы чыккан (Теңирчилик топтомунун бул бөлүмүндө табигый-рухий жана тил илимдери жалгашы жөнүндө сөз болгон). Төртүнчүсү – «Теңирчилик. Бурут тамга. Жандырмак». Ал 2014-жылы колубузга тийген. Мунун негизин тил жана […]

Чүмбөт оронмой – кылгылыкты кылып койгондордун бетпардасы

Дельфина де ЖИРАРДЕН (1804-1885), француз жазуучусу    Көзүбүзгө да, күлкүбүзгө да ишенчилик жок. Бизди эчкачан алдабаган бир гана нерсе – баалуулуктар. * * * Чүмбөт оронмой – кылгылыкты кылып койгондордун бетпардасы. * * * Аялдар падышачылык кылган менен башкаралбайт. * * * Аялдан эргүү ал, бирок кеңеш сураба. * * * Коммерция – башкалардын акчасын пайдалана билүү. * * * Адам баласын жек көргөн адамдын гана дидары таза. * * * Эчкимге жантартпай турсаң эле бирпаста каскүмөн адамга айланасың.   […]