Дүйшөн КЕРИМОВ: Өмүр токтоп тургансыйт…

Жараткан мага комуз чертүү өнөрүн ыраа көргөн эмеспи… Атам деле алынча комуз черте коюп жүрчү эле. Аликүнчө эсимде, мектепке чейинки курагым эс тартканы эң бактылуу болду окшойт. Ошондо ушул эле азыр биз этибарга албай таштаган шам чырак бир үйдү жаркыратып турганга жарачу. Атам комузду ашмалтай черте берчү эмес, көңүлү жай болгондо гана анда-санда, эл орунга олтурган маалда колуна алчу. Андайда мен да даяр болчумун. Чөк түшө, үч буроонун жогору жаккы учун оозго салып, аста тиштеп алчумун. Кыязы, тентегинин ал кылыгына […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Жол учу Кердегейде

ЭССЕ Маңдайга бүткөн ырыскыбы, шорбу, жыргалбы, кууралбы же жөн эле маймыл түйшүкпү, айтор, тамга тааныгандан тирмеңдеп, Кубат аке жазгандай бир жата калып, бир тура калып, бир асманга чыгып, бир жерге түшүп китеп окудук. Колго эмне тийсе, ошону окудук. Оо, китеп дегенди, Кожожашча кубалап окудук. (Экое фантастическое существо, человек!) Жазгандан окуган кыйын деп ким айтты эле? Айтса, туура айткан. Окуган сайын кимдин ким экени ажырап, суу кошпогон нагы жогору калкып, «күлдөн, кумдан куралганы» урап, маңызы сүйүү элесиндей эс-акылыңда уюп, жандүйнө кенчине, […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Мерес болуп баратабыз…

Биз, советтик балдар майрамдарды дегдеп тосоор элек. А майрамдар да мыкты, маанилүү, өзгөчө шаң эле да. Жаңы жыл, арсар болсо да, 23-февраль, 8-Март, 1-Май, 7-Ноябрь. Эл турмушу дээрлик бир кылка, кийгениң тең, ичкениң тең, укугуң тең, демек жүргөнүң, күлгөнүң тең. Эркиндик жок беле? Ырас, ар нерсенин өз чеги, эби-чени болчу. Эмичи… Тойдум, береги демократия терисин жамынган анархияңа! «Башы жок бака, көзү жок көгөн» биз болдук. Келечекти не кыласың, эртеңкиге ишеним, үмүт жок. Үмүт жандыраар, алдыга шык, дем берээр бийликтин жүүнү […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Жер муштаткан жөө ырлар

Эң алгач сөз болгон дешет. Сөз нугунан ашып-ташканда ырга айланган. Ыр-эргүүнүн, кыялдын, сезим толкунунун перзенти. А биз ырдын пири, дүйнөлүк падышасы — «Манас» жараткан элбиз. Дегеле, кыргыз сүйлөсө да ырдай элпек, уйкаш, уютуп, эргип сүйлөйт. Орустар муну «Стихи в прозе» дейт. Улуу «Манасты» да кара сөз түрүндө айткан манасчылар болгон кезинде. Жөө чечен, жөө жомокчу дейт андайды. Жөө ырлар деле ошондой. Жөн жеринен жаралбайт… * * * Таң сүрөлек, уйкум качат. Айнектен дир-дир этип, асманда жылдыз жанат. Түн ортосу. Түнөрөт […]