Верещагин — салтка сыйбаган сүрөтчү

Жогорудагы сүрөт: В. Верещагин. «Согуштун апофеозу», 1871 Василий Верещагиндин согуш тууралуу тарткан полотнолору падышалык Орусияда генералдардын жана падышанын нааразылыгын жаратып, сүрөткер аскерлерди каралап көрсөтүүдө деген сынга кабылган. Бүгүн болсо сүрөткердин картиналары, анын ичинде «Колуна шумкар кондурган бай кыргыз” деген портрети Орусиянын атактуу музейлеринин сыймыгы. 100 жыл илгери 1904-жылы 31-мартта Ыраакы Чыгыштын Порт-Артур шаарына чукул деңизде Орус империясына караштуу “Петропавловск” аскердик кемеси жапондордун минасына кабылып, тең бөлүнүп, чөгүп кетет. Кемеде бүт дүйнөгө белгилүү баталист-художник Василий Васильевич Верещагин бар эле. Балким Верещагиндин […]

Ашыглык илебинен жаралган айкелдер

Жогорудагы сүрөт: Камилла Клодель. «Вальс». 13-октябрда Канаданын Монреал шаарында ачылган балет фестивалы эки бөлүмдүү «Роден-Клодель» спектакли менен ачылды. Аны канадалык жаш хореограф Питер Хуанс койду. Оюндун сюжети атактуу француз айкелчиси Огюст Роден менен анын окуучусу Камилла Клодель ортосундагы ширин сүйүү, ачуу ажырашууга негизделген. Бул баягы эле бытиенин, жашоонун түбөлүктүүлүгү эмеспи. Бул жаш үй-бүлөгө катар улуу курактагыларга да мүнөздүү көрүнүш. М. Камчыбеков Устаз өзүнөн 23 жаш кичүү таланттуу шакиртине XIX кылымдагы эркектер үстөмдүк кылган дүйнөдө өз ысымын ташка чегип, түбөлүктүү кылып […]

Омар Хайям: Дүйнө идиш, а биз шарап…

Омар Хайямсыз ислам маданиятынын алтын доорун элестетүү мүмкүн эмес. Анын ырлары 19-кылымдагы Европа маданиятына олуттуу таасир этип, Батыштын Чыгыш поэзиясына кызыгуусун арттырган. Ал түзгөн Күн календары дүйнөдөгү эң так календардын бири деп таанылган. *** Ак жүрүп, арам ишке баспай кадам, Вино ичсем Дилбар менен неси жаман? Кудайга жалын дешет “ичирбе” деп, Жалынбайм. Ичпегендин өзү жаман. *** Катылган аалам сырын кимдер билет? Дүйнөдөн бири кетсе бири келет. Ачыгы: дүйнө идиш, а биз шарап, Идишке куюштурат бизди ченеп.1 Бул эки рубаи Омар […]

Бетховендин сүйүүсү жана жек көрүүсү

1801-жылы Людвиг ван Бетховен кулагы укпай калганын жакын досторуна биринчи жолу ачык айтат. Ал кезде 31 жаштагы Бетховендин түнкүсүн кулагы шуулдап, жай сүйлөгөн адамдын сөзүн кыңыр угуп, анысын жашыруу үчүн элден кача баштаганына беш жыл аяк баскан эле. Бетховендин “Мен аянычтуу өмүр сүрүүдөмүн. Мына эки жыл болду: мен ар кандай коомдон качам. Себеби мен адамдарга: «Мен — дүлөймүн!” — деп айта албайм да. Эгер менин кесибим бөлөк болсо, балким антсем болмоктур. Артисттердин үндөрүн даана угуш үчүн театрда оркестрдин жанына отурганга […]

Кыргыз «кулактардын» антисоветчил пьесасы

Жогорудагы сүрөттө Украинанын Одесса облусунун Новодаровка кыштагында совет өкмөтү тарабынан сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин артисттери. 1932-жылдын апрель айы. Херсон облустук мамлекеттик архиви. Бул Сталиндик репрессия кулач жайып, эл совет бийлиги тарабынан өз жана душман болуп, эки жаатка жиктелип турган кездин бир икаясы. Окуя 1931-33-жылдары Украинанын Одесса облусундагы Ново-Троицкий районундагы Новодаровка кыштагында болгон. Бул жерде бай-манап деп сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийрими түзүлүп, ошо кездеги актуалдуу темаларды чагылдырган ондон ашуун пьеса койгон. Өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин […]

Өрттөлсө да ысымы өчпөгөн диниятчы

(Жогорудагы сүрөттө Ян Гус Констанц шаарында өрттөлүүдө. 6-июль 1415-жыл) Өткөн жылы Чехия даңктуу уулу Ян Густун өлгөнүнүн 600 жылдыгын белгиледи. Ян Гус католик диниятчылардын адеп-аклакка сыйбаган жүрүм-турумдарын тайманбай сындап, аларды ыйманга чакырганы үчүн тирүүлөй өрттөлгөн. Диниятчыларга жакпаган сөздөр 1415-жыл, 6-июль. Немистердин Констанц шаарында Ян Гус (Jan Hus) өрттөлдү. Сегиз айга созулган соттон кийин католик чиркөөсүнүн курултайы жалпы Европага таанымал диниятчыны Кудай жолунан адашты деп тапкан эле. А чынында Густун башкы күнөөсү өзү сыяктуу диниятчылардын адепсиз жосундарын эл алдында ачык айтып […]

Индей санжырачы Жозеф Бручек (аудио)

Түндүк Американын түпкүлүктүү элдери — индейлерде өз ичинен чыккан салттуу аңгемечилер деп аталган өнөр адамдары бар. Алар элинин тарыхын жазуу булактарына катар элдик оозеки чыгармачылыктан: жомок, санжыралардан, ырлардан билип үйрөнүп, калайыкка айтып беришет. Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 05.06.2017-ж.

Ажалды күттүргөн апыз Абдул Гани Хан (аудио)

Хан Абдул Гани Хан пуштун тилинде жазган акын, жазуучу, бедизчи, художник, ойчул, саясатчы, гуманист. Индостанды диний негизде бөлүүгө британ оторчулугуна каршы куралсыз күрөшүүнүн лидери болгон атасы экөө каршы чыккан. Элинин диний караңгылыктан бошонуп, билим алуусу үчүн күрөшкөн бул көй кашка инсандын ырлары менен өмүрү тууралуу баян. Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 13.02.2017-ж.  

Саясый куугунга кабылган түркмөн жазуучусунун тагдыры

Худайберди Халлы (Халлыев) Түркмөн жазуучусу. Бирок тагдыр буйругу экен, азыр Чехия жараны. Акыркы 20 жылдан бери Прагада жашайт. Бүгүн 70тин босогосун аттап отурган жазуучу өзүнүн киндик кан тамган мекенинен тозуп, дүйнө кезген сапары – 1989-жылы, 2-сентябрда өз санаалаштары менен чогуу “Авзыбирлик” (Биримдик) кыймылын түзүшкөндөн кийин башталган десе болот. Бул кыймыл Түркмөн тилине мамлекеттик тил макамын берүү; Түркмөн маданиятын жандандыруу жана Түркмөнстандын СССРден күнкөрсуз өлкө болуусуна жетишүү деген максатты алдыга койгон эле. “Авзыбирлик” 1990-жылы, 12-январда Россия империясынын аскеринин Гөктөпө сепилин алуусуна […]

Бека ХЕДЛ: «Йоши таш кескич»

ЖОМОК Оо качандыр бир заманда Жапониянын тоолорун байырлаган таш кескич болуптур. Анын аты Йоши экен. Ал такай таш кесип же таш чегип күн көргөндүктөн бели бекчейип, колунун манжаларын жана алаканын чор басып калыптыр. Жергиликтүү эл Йоши таш кескен тоолордо адам жаны жашайт деп ишенчү. Күндөрдүн биринде Йоши бир бай адамдын үйүнө тоодогу таштардан көтөрө келет. Себеби байдын көркөмдүү курулган заңкайган үйүн, жибек кийимдерин, кебездей жумшак назик колдорун жакшы көрчү. “Эх, мен да бай адам болгонду тилейм», — деп күбүрөнөт ал. […]