Олжобай ШАКИР: Ач элдин чоң курсактарындай элдин акчасына жашагым келет

Ооба, бул менин окурмандарга ымандай сырым. Анан не кыл дейсиң, окурман? «РухЭш» сайты туруктуу окурмандарын тапканы менен туруктуу финансылык булак тапканы жок. Таппаса да өжөрлөндүк. Дагы да өжөрлөнө берербиз… Бирин-экин окурмандарыбыз жана авторлорубуздун колдоосу менен кыбырап келдик буга дейре. Муратыбыз – электрондук адабият менен эле чектелбей аудио, видео түрүндө да элибизге рухий азык берер көөнөргүс мурастарды жеткирсек дедик эле; келечек муун өз эне тилинде ою жетик, тили жатык тарбия-таалим алсын үчүн балдар адабиятын кеңири жайылтсак дейбиз; дегеле жалпы илим-билим, маданият, […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Омор – Мезгил

“Түрк дүйнөсүнүн Адамы” – акын Омор Султановдун 80 жылдыгына арналат ПРОЛОГ Омор Султанов ким? Адегенде эле түз, «алагушту атынан чакырып» айтыш керек: Омор Султанов кыргыз улуттук кыртышынан өнүп чыккан нукура акын; ушул эле учурда чыгармаларынын баасы-баркы дүйнөлүк бийик чен-өлчөмдөр менен өлчөнүп баалана турган эл аралык масштабдагы мастер. Бир сөз менен айтканда – классик. Улуттук поэзиянын соӊку классиги. «Соӊку», демекчи, совет заманынан берки жазма адабиятыбызды белгилүү мезгилдик мерчемдеринде карай келсек, «классик» деген критерийге толук жооп берген саналуу гана акындар калат. Алар […]

Сейит ЖЕТИМИШЕВ: Ажалдын да, мезгилдин да алы жетпеген нерсе – чыгарма

Айтылуу эки томдон турган “Эл арасында” романынын автору, белгилүү жазуучу Сейит Жетимишев агай менен төмөнкүчө маек курганбыз. — Сиз Кудайга ишенесизби? — Кудайды бар деп да, жок деп да эч ким айталбайт. Бирок мен өзүмчө ишенем. — Жашоодогу негизги позицияңыз кандай? — Табиятта кыпындай да калп жок, табият кызылдай чындык. Колумдан келишинче ошол табияттай жашайм. Демек, алымдын келишинче табияттагы чындыктай аракет кылам. Жашоодо Ажал деген бар. Жашоодо Мезгил деген бар. Экөө тең ушунчалык ташбоор. Ажал бир күнү эчтекеге карабай, алып […]

Омар Хайям: Дүйнө идиш, а биз шарап…

Омар Хайямсыз ислам маданиятынын алтын доорун элестетүү мүмкүн эмес. Анын ырлары 19-кылымдагы Европа маданиятына олуттуу таасир этип, Батыштын Чыгыш поэзиясына кызыгуусун арттырган. Ал түзгөн Күн календары дүйнөдөгү эң так календардын бири деп таанылган. *** Ак жүрүп, арам ишке баспай кадам, Вино ичсем Дилбар менен неси жаман? Кудайга жалын дешет “ичирбе” деп, Жалынбайм. Ичпегендин өзү жаман. *** Катылган аалам сырын кимдер билет? Дүйнөдөн бири кетсе бири келет. Ачыгы: дүйнө идиш, а биз шарап, Идишке куюштурат бизди ченеп.1 Бул эки рубаи Омар […]

Ажалды күттүргөн апыз Абдул Гани Хан (аудио)

Хан Абдул Гани Хан пуштун тилинде жазган акын, жазуучу, бедизчи, художник, ойчул, саясатчы, гуманист. Индостанды диний негизде бөлүүгө британ оторчулугуна каршы куралсыз күрөшүүнүн лидери болгон атасы экөө каршы чыккан. Элинин диний караңгылыктан бошонуп, билим алуусу үчүн күрөшкөн бул көй кашка инсандын ырлары менен өмүрү тууралуу баян. Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 13.02.2017-ж.  

Илимий конференция өтөт: «Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду»

«Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2017-жылдын 12-майында Бишкек шаарында педагогика илимдеринин доктору, профессор, Орусиянын Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти жана «Билим берүүнүн жана илимдин эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамынын, К.Д.Ушинский медалынын ээси, Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча мамлекеттик сыйлыгынын, Улуттук Жазуучулар бирлигинин Тоголок Молдо атындагы сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу, публицист-журналист, методист, этнопедагог Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракесине карата «Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду» деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: «Тул катын Монтьель»

АҢГЕМЕ Дон Хосе Монтьель өлгөндө анын жесиринен башкалардын баары андан акыры өчтөрүн алгандай сезишти өздөрүнүн; бирок Хосенин чын эле өлгөнүнө ишенүү үчүн убакыт керек болду. Атүгүл, дымыккан ысык бөлмөдөгү тегерек жана чоң коонго окшогон табытта жаздыктарга чулганган ак шейшепте жаткан Монтьелдин жансыз денесин көрүшкөндө да көптөрү дагы деле анын өлгөнүнөн шек санап турушту. Хосенин сакалы таза алынган, үстүндө ак күрмө, бутунда жалтыраган туфлилин көрүп эле аны дайымкысындай тирүү деп ойлоого болор эле. Бул баягы эле ар жекшембидеги саат сегизде чиркөө […]

Видео: Өмүрзак Кайыпов — Арстанбектен алп саптар (терме)

2014-ж. 20-август күнү “Арстанбектен алп саптар” аттуу терме тасманын бет ачар аземи болду. Мындай мазмундуу жана көлөмдүү терме Кыргыз маданиятынын тарыхында алгачкы жолу жаралды. Он үч мөөнөттүк тасма бир жарым жыл аралыгында тартылып, бир миллион сом сарпталган. Кылымдар бою чыкпай басылып келген бул чыгарма эл менен бийликти бирдей ойго чакырат. Ошондой эле жашоонун жыргалы — бийлик, мансап, байлык эмес, адамдык насил экенин даңазалайт. Арстанбек Буйлаш уулу 1824-1878- жылдары жашап өткөн. Учурунда карапайым эл ичинде өсүп, таланты менен Кокон хандыгынын бектерин […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: «Бири-бирин аңдыган кыргыз»

Турмуштук азилдер Кайсы бир учурда ар кайсы улут өкүлдөрүнөн экиден кишини терең орго салышыптыр. Кароолчу коюп, капкактап бекитишиптир. Бир гана кыргыздар салынган орду кароосуз калтырышыптыр. Сынап көрөлү дешкен го. Мүмкүн билишсе керек, кыргыздар баары бир чыкпасын. Бир кыйла мезгил өткөндөн кийин келип карашса, башка элдердин бири да жок дейт. Бирөөлөрү ордун түбүн үңүп казып, бирөөлөрү кароолчунун тилин таап, айтор ташты жарып өскөн чөп сымал, жашоо үчүн жандалбастап эчак эле жол таап ордон чыгып кетишиптир. Ал эми эки кыргыз отурат дейт […]

Шакен МАМБЕТАИПОВА: Табият табышмагы

ЖАРАТЫЛЫШ ЖӨНҮНДӨ Оо, дүнүйө, кылгырган, Ойлондуруп ыр кылган, Улуу түндөр, улуу айлар, Убакытты жылдырган. Ойлоп көрсөң калыстап, Дүйнө сыры табышмак. Оюң кетет билүүгө Алыс-алыс алыстап.