Жаңы жыл жөнүндө жомок

Илгери-илгери дегендин көбү жок бүгүн. Илгери дегендин баары сансыз жомокко айланып, ошо илгери болгондун баарына терең акылмандуулук төнүп, бүгүнгө дейре жашайт экен. Жаңы жыл деген майрам да те илгеркиден бүгүнгө чейин бүтпөс жомокко айланыптыр. Ага балдар да, чоңдор да ишенет имиш. Илимдүү-билимдүүсү да, караңгы түркөйү да Жаңы жыл деген жомокко абыдан ишенип алышкандыктан, баарынын ишеничи жылыга таш каап келет экен, бурадар! Ар адам ишеним, үмүт, каалоо, тилегин артып: Жаңы жыл менен кошо жаңырам; жаңы ийгиликтерди жаратам; жаңы досторду күтөм; жаңы […]

Бразилия эл жомогу: Адам жашоосу

Укканыбызга караганда бир жолу камыш менен таш катуу талашып кетишиптир.  Алардын ар бири адам жашоосу дал өздөрүнүкүндөй болушун каалашкан экен. Таш мындай дептир: – Адам өмүрү дал мына меникиндей болушу керек. Ошондо гана ал түбөлүк жашайт. Камыш каршы чыгат: – Жок, жок, адамдын жашоосу дал мына меникиндей болушу керек. Мен өлөм, бирок кайра эле өсүп чыгам. Таш: – Жок, андай болбошу керек! Андан көрө адам мендей болсун. Мен ыркыраган шамалды дагы, шатыраган жамгырды да тоготпойм. Ысыкка, суукка, отко моюбайм. Менин […]

Эзоп: Бугу жана жүзүмзар

Бугу мергенчилерден качып, жүзүмзарга жашынып калат. Мергенчилер көрбөй өтүп кеткенден кийин, эми таба алышпайт деп ойлогон ал жүзүмзардын жалбырактарын бурдап жей баштайт. Ошондо мергенчилердин бири бурулуп көрө калып, так мээлеп жарадар кылат. Онтоп жатып өлөрүн сезген бугу: “Тиешемди алдым, мени сактап калган жүзүмзарды жок кылдым эле” деген экен өзүнө өзү. Тамсил өздөрүнө жакшылык кылган адамдардын көңүлүн ооруткан адамдарга туура келет. Жакшылыкка жамандык кылган адамдар жазасыз калбайт.   Аял жана тоок Бир жесирдин күн сайын бирден жумуртка тууган тоогу болгон экен. […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Эң эле жалкоо киши жөнүндө жомок

Илгери-илгери жер шарынын бир жеринде, көп айылдын биринде аябагандай жалкоо адам жашаптыр. Анын жалкоолугу күндөн күнгө өсүп, акырында өз кийимин кийгенди мындай кой, өзү тамак жегенден да эринчү болот. Аялы кийинтип, аялы тамак бербесе жалдырап отура берчү экен. Күндөрдүн бир күнүндө зарыл жумушу чыгып аялы алыс жактагы төркүнүнө кетмей болот. Ары ойлоп, бери ойлоп; бир чоң көмөч нан бышырат. Нандын ортосунан тешип жипке байлап, күйөөсүнүн моюнуна асып кетет. Аялдын көздөп барган иши бүтпөй, бир нече күн жүрүп калат. Келсе, күйөөсү […]

Эсенбек КУДАЙБЕРГЕНОВ: Адам

(Жомок нугу) Качандыр бир кезде жер үстүндө аккан суу, чыккан чөптөн башкага залалы болбогон момун аял-эркек жашайт. Алар жалгыз гана уулдуу болуп, атын Адам коюшат. Бала ата-энесин тартып бейчеки бирөөнүн ала жибин аттабаган ак ниет болуп өсүптүр. Адам кол аякка жарап калгандан тартып үйдө энесинин, сыртта атасынын ишин улантып, алардын жанын тындырат. Баланын ата-энесин сыйлашы ушунчалык — «сен» деп, өйдө карап каяша кылбайт. Ошентип, Адам жетиле берди, ата-энеси карый берди. качан бала каруу-күчүнө толуп эр жеткенде, атасынын алып жүргөн отунун […]

Жан-жаныбарларды адам кантип жеңгени

Кабардин жомогу Жер үстүндө жаныбарлар менен адам пайда болгон те илгери экен бу. Жан-жаныбарлардын ар бири өз ордун билиши керек болот. – Сен, Балык, суу түбүндө жашайсың. – Сен, Жөргөмүш, күнү да, түнү да желе токуйсуң. – Сен, Карышкыр, жаныбарларды коркутуп токойдо жашайсың. – Сен Арстан, баарынан күчтүүсүң, андыктан жаныбарлардын паашасы болосуң. Акыл менен куулуктуу кай жаныбарга беришти баары ойлонуп калышат. Акыл менен куулукту Адамга бериш керек, – дейт Арстан. – Анткени күч мага берилген соң, Адамды башкаруу колуман келбей […]

«Өткөөл мезгил» качан өтөт?

Баары кайталанат экен… Ушул саптар тээ эгемендик алгандын эң биринчи жылдарында эле жазылган эле… «Калың эл тагдыр чечилээр утулушта калбас бекен? Ошондо, күчөтүп айтканда, кечээ өз жеринде жүрүп орус кемпирдин тоокканадай үжүрөсүнө зар болуп, акыры айласыз «жер баскан басмачы кыргыздын» эми шаардагы үйлөрдү баскан, дүкөндөрдү чачкан, ишканаларды жардырган экинчи жаңы кыймылы жүрүп кетпейт деп ким кепилдик берет. Ошондо стабилдүүлүктүн ойрону бир чыкпас бекен? Жаш бай-манап (тегинде арам бизнес жаткан) жана ага шериктеш жаңы колонизатор үчүн адам укугунун коргону БУУ артындагы […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: «Адамдык кудурет»

ӨНӨРКАНА  Эч ким мени дүйнөгө өзүмдөй айтып бералбайт. Адам аткарган иши, ачкан ачылыштары болобу, айтор, кай тарабынан болбосун, элдин элегинен өтөт. Алардан өзүңдү жашырам деш, акылсыз далбаса. Мен туулган, турган турпатым менен өз китебимдемин.

Баарынан адам күчтүү

Кыргыз жомогу Кыштын  күнү  кызыл  кыргоол  жээктеги  бадалдан  койкоюп  чыгып, чаңкаганын жазыш үчүн астындагы чоң сууга кирди. Каптаган көк музду кыдырып  жүрүп,  күбүрдү  араң  таап,  муздак  суудан  иче  баштады. Ошондо булайган куйругу музга чып жабышып, чыкпай калган экен. — Ой-ей, көк муз! Дүйнөдө сенден күчтүү эч ким жок бейм… Заматтын ортосунда куйругумду куп кармайсың, — деди кыргоол.

М.ГАПАРОВ: Байчечек

Мурза ГАПАРОВ Аңгеме Телефон шыңгырап атты… Кыяз анын үнүн көпкө угуп жатып, араң ойгонду. Үйдүн ичи караңгы. Кайсы маал экени билинбейт: кечпи, түн ортосубу, таңга жуукпу. Аэропорттон самолёттордун гүрүлдөгөнү угулат. Бирок алар күнү-түнү учуп турушат да… “Беймаалда телефон чалган ким? Болгондо да шаардан эмес: телефондун коңгуроосу узун шыңгырайт… ” — Эй, телефон шыңгырап атат, — деди аялын түртүп. Бирок аялы ойгоно бербеди. Турууга туура келди. Стол, стулдарга чалынып барып, трубканы алды.