Аман САСПАЕВ: «Кызыралей салам»

АҢГЕМЕ  Мындан көп жылдар илгери шаар – калаа деп аталуучу. Ал кезде азыркыдай асфальт көчөлөр, тынымсыз агылган машиналар мүлдө жок. Калаанын дайыма чаң каптап жатуучу, четки көчөсүнөн өтүп алган соң ысыкта ширидей каткан боз чологун теминип, чымын-чиркейлүү араба жолдо бир киши келе жатты. Кедейлик келиштире тытып салган кара көк кашкар чепкенин, мынчалык алыс жолго көйнөкчөн кетүү сөлөкөт болгондуктан гана ийнине илип алган. Бир замандарда кадимки калпак катары жасалса да, азыр көктөлгөн самын капка көбүрөк окшогон кууш кийизи башында. Калаалык тууганы […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Жол учу Кердегейде

ЭССЕ Маңдайга бүткөн ырыскыбы, шорбу, жыргалбы, кууралбы же жөн эле маймыл түйшүкпү, айтор, тамга тааныгандан тирмеңдеп, Кубат аке жазгандай бир жата калып, бир тура калып, бир асманга чыгып, бир жерге түшүп китеп окудук. Колго эмне тийсе, ошону окудук. Оо, китеп дегенди, Кожожашча кубалап окудук. (Экое фантастическое существо, человек!) Жазгандан окуган кыйын деп ким айтты эле? Айтса, туура айткан. Окуган сайын кимдин ким экени ажырап, суу кошпогон нагы жогору калкып, «күлдөн, кумдан куралганы» урап, маңызы сүйүү элесиндей эс-акылыңда уюп, жандүйнө кенчине, […]

Нуралы КАПАРОВ: «Адашкандар жөнүндө ода»

«Чын. Билем. Өмүр кымбат… От жагып жылуу үйдө жашайын дейм чиркин-ай, көмүр кымбат» деди да Абитайым жатып албай төштөгү сарайдагы тезек чапкан чабандарга кезек берип, алардан арткандарын түк калтырбай келди да тезек терип, тепкедей жерди болжоп арадагы тоодой тезек түшүрдү түтүн чыкпай томсоргон төрт бөлмөлүү үйүнө калаадагы.