Өлүм жана темир уста

ПРИТЧА-АҢГЕМЕ — Сиз, темир устасызбы? Артынан чыккан үн ушунчалык күтүүсүз жерден угулду эле, Уста селт эте түштү. Нары, устакананын эшиги ачылып, бирөө ичкери кирип келгенин ал укпаган эле. — Такылдатканды үйрөнгөн эмессизби? — деп өзүнө да, шамдагай кардарына да бираз кыжыры келип, ал орой жооп берди. — Такылдатканды? Хм… Үйрөнгөн эмес экенмин, — деп үн жооп берди. Уста, эски сүлгүнү алып, оор колдорун аарчып, бейтааныштын бетине айтып салуу үчүн, кекеткен сөздөрдү ичинен даярдап, акырын артын карады. Бирок даярдаган сөздөрү, ичинде, […]

КОНФУЦИЙ: Чындыкты кантип издөөнү жаадан атылган ок үйрөтөт

Конфуций өзү жөнүндө сүйлөгөндү жактырган эмес, өзүнүн турмуш жолун бир нече саптарга гана калтырган.  Өзү тууралуу осуяты: 1. Он беш жашымда өзүмдүн ой жүгүртүүмдү илимге бурдум.   2. Отуз жашымда бекем негизимди түптөдүм. 3. Кырк жашымда шектенүүлөрдөн бошодум. 4. Элүү жашымда Асмандын эркин тааныдым. 5. Алтымыш жашымда чындыкты жалгандан айырмалаганды үйрөндүм. 6. Жетимиш жашымда жүрөгүмдүн айтканына баш ийдим жана кааданы бузганым жок. * * * Чындыкты кантип издөөнү жаадан атылган ок үйрөтөт. Жаагердин жебеси буйтап кетсе, башка бирөөнү күнөөлөбөйт, күнөөнү өзүнөн […]

Абхаз легендасы: «Кыздын көз жашы»

Орусчадан оодарган Амирбек АЗАМ уулу Сиз Рица көлүнө бараткан жолдогу шаркыратманы байкадыңызбы? Алдагы шаркыратма эчендеген жылдардан бери агат жана миң жыл бою ага берет. Бул жөнөкөй шаркыратма эмес, суусу да өзгөчө: муздак, кыздын көз жашындай тунук. Бир тамчы көз жаш менен шамал да ойнойт, күн да ойнойт, бирок аны кургатышпайт. Бул тамчы жаш, кыздын көз жашы, ал ысык жана түгөнбөйт. Илгери, илгери, качандыр бир мезгилде, бул жерде не жол, не абхаздардын Бзыбь кыштагы, не шаркыратма болгон эмес. Жападан жалгыз там […]

Лао МА: Үй күчүк

Кытай адабиятынан Орусчадан которгон Назгүл ОСМОНОВА АҢГЕМЕ Ду мырза кайтыш болду. Мен бул жаңылыкты гезиттен окудум. Андан өлгөн кишинин сөөгү эбак жерге берилгенин да билдим. Топурак салууга катыша албаганым аянычтуу болду. Ду мырза менен коштошуу аземине анын илимий чөйрөдөгү көптөгөн достору барышыптыр. Алардан сырткары дагы бир маанилүү конок болуптур, ал маркумга гүлчамбар көтөрүп келген мамлекеттин жогорку бийлигинин өкүлү экен. Мен алапайымды таппай турдум. Ду мырза менин окутуучум болгон. Мен болгону анын миңдеген окуучуларынын бири болгон күндө да мен анын тажиясына […]

Шах-короз

Татар жомогу Койкоңдогон бир короз болуптур. Көйрөң экен. Тиякка бир өтүп, биякка бир өтүп, көкүрөгүн жайып, короодогу тартипке көз салганы жанда жок экен. Бир күнү ал коргонго секирип чыгып үн катат: – Ку-ка-ре-ку! Ку-ка-ре-ку! Мен – шах-корозмун. Хандардын ханы, шахтардын шахы, султан-корозмун. Мага караштуу тооктордун баары сүйкүмдүү, апапакай, капкара, чаарала, сапсары. Дүйнөдө кай жаныбар сулуу? Баарынан коркпогон кайсы жаныбар? Жамыраган тооктордун баары жүгүрүп келет алдына – карасы, агы, чаараласы, күрөңү, сарысы бар. Баары улуу урматтуу хандардын ханы, дөөлөттүү-сөөлөттүү султан, шахтардын […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Киченекей айнек ийдиш

АҢГЕМЕ Бул үй бүлө төрт адам. Кыз, уул, анан алардын ата-энеси. Улуусу эркек – Арман. Кызы – Үмүт. Эрди-катын бир нече жыл балалуу боло албай жүрүп, ушул уулу төрөлгөндө арманыбыз чыкты деп баланын ысмын Арман дешкен. Үмүтүбүз акталды, турмушубузда жакшылыктар боло берсин деп кызын Үмүт коюшкан. Атасы профессор. Тилчи. Тил боюнча окуу китептери бар. Ал ооруп калды. Оорусу өтүшүп кетиптир дешти. Төшөк тартып калгыча ишин таштаган жок. Бирок лекцияны мурдагыдай окуй албай, күйүгүп кетет. Оорусун студенттерге билгизбейин деп чымырканып жүрдү. […]

Бай жана ажал

Эфиоп жомогу Эмне гана шумдуктар болбойт. Бир бай өлүмдөн ушунчалык коркчу экен. Ал өлүмгө даярданыш үчүн ажал ага алдын ала эскертүү бермек болуп, экөө убадалашат. Бай ошону менен өлүмдү ойлонбостон камаарабай жашап, анын басса-турса бир гана санаасы болуптур: «Канткенде алтындарымды көбөйтсөм экен? Өлүмдөн эртеле корккондон эмне чыгат? – дейт оюнда, – Качан өлөрүмдү «даярдан!» деп өлүм мага өзү эскертмек болбодубу. Андыктан ичер суум түгөгөнгө чейин баардык күнөөмдөн жеңилденип, ыйманым таза өлөт экемин» деген бүтүмгө келет.