Акылмандан калган кеп: Калила жана Димна

<<<<<<<<<<<<<<«Калила жана Димнанын» дүйнөлүк адабияттагы орду Адам дүйнөнү өзгөртүүдөн мурда өзүн өзгөртүүгө тийиш. (Уиллиям Жеймс) Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктыруу кыйын. (Сократ) Чыгарманы түрк тилинен которгон Азат ЖАПАРБЕК БИРИНЧИ БӨЛҮМ Өкүмдар Дабшалим кечилдердин көсөмү, акылман Байдабага кайрылды: — Ынтымак менен достукта жашагандардын ортосуна жалганчы жана эки жүздүүлөрдүн аралашуусу менен бири-бирине жүз карашпай, душман болгон эки киши тууралуу баян айткын… Байдаба : — Эки жолдош, эки достун душманга айлануу баяны мына мындай: АРСТАН ЖАНА ӨГҮЗ Илгери өткөн заманда Даставан деген […]

Тахир МАЛИК: Шайтанат

Повесть Биринчи китеп Киришүү Бисмиллахир Рахмаанир Рахим. «Бул иштердин баары бүтүп (бейиш ээлери бейишке ээ болуп, тозоокулар тозокко түшкөн соң), шайтан айтты: «Албетте, Алла силерге ак убада берди эле, мен болсо (жалган) убадаларды берип силерди алдаган элем. (Бирок) мен үчүн силердин үстүңөрдөн эч кандай өкүмдарлык жок эле. Мен силерди (күфр жолуна чакырышым менен) өзүңөр мага моюн сундуңар. Эми мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. Мен силерге жардам бералбайм. Силер да мага жардам берүүчү эмессиңер. Албетте, мен силер мени илгери Аллага шерик кылганыңарды […]

Мурдунан алысты көрбөгөн падыша жөнүндө притча

«Философтор башкармайын мамлекет башынан балээ кетпейт». (Платон) Өз өлкөсүндө тең салмактуулукту орното албаган падыша болуптур. Ачарчылыктан кары-картаңдар менен балдардын кырылганы токтобойт. Карыларды тоюндурса – балдар, балдарды тоюндурса – карылар кырыла берет. Карылар бир кезде бийлик тагына келүүгө өбөк-жөлөк болгон үчүн алардын алдында падыша өзүн карыздармын деп эсептечү экен. Өлкөнүн жерпайын чогуу түптөшкөндөр ошол кары-картаңдар болгон дешет. Ал эми бешиктен бели чыгалек балдарчы, арийне, алар өлкөнүн келечеги го. Балдардын шыбагасын кары-картаңдарга, карылардыкын балдарга ооштурайын дейт, бирок же тигиниси, же мунусу өз […]

Назым ХИКМЕТ: Үч жигит жөнүндө жомок

Менин уулума биринчи жомок Балам, бар экен, жок экен, дүйнөнүн үч жак четинде, бири биринен алыста, бир курактагы, бойлору да тең үч жигит жашаптыр. Дүйнөнүн үч жак четинде, бири биринен алыста жашаган жигиттер эч качан бири бирин көрбөптүр жана бири бири тууралуу угушпаптыр дагы. Балам, дүйнөнүн үч жак четинде жашаган жигиттер бир жылда, бир күндө жана бир саатта туулган журтун калтырып, Өлбөстүктүн ташын издеп жөнөшөт. Укканга караганда, алар Өлбөстүктүн ташы эчендеген тоолордун жана өрөөндөрдүн ары жагындагы кан толгон кудуктун ичинде […]

«Эртең» деген сөз чоң алдамчы

Сэмюэл ЖОНСОН (1709-1784), англис жазуучусу, лексикограф    Ичилген шараптын жаман жери – кадыресе сөз деле ашкан маанилүүдөй туюлат. * * * Акын үчүн пайдасыз эчнерсе жок. * * * Кокус жаш улан же жаш курактагы бирөө чыгып баратып калпагын кайда чечкенин эстей албаса, ага эчкимдин деле көңүлү бурулбайт. А картайган бирөө калпагын унутуп көрсүнчү, аны баары байкайт да: «А-ап, бечара, таптакыр унутчаак болуп калыптыр» деп баштарын чайкайт.

Акын — элдик кенч

  “Өрнөктүү адам жумшаган мээнет суу менен абага сиңип кетпейт, элге сиңет”. Мо-Цзы Узак жыл бою ийиндеш жөлөк, үзөңгү кагыш бирге жүргөн адамдар көп. Алардын арасынан Кыялбек Урманбетовду мен адабияттын астанасын аттаган жылдардан эле тааныдым. Тааныганда да чыгармачылыгы, кулк-мүнөзү, үйбүлөсү, айлана-чөйрөсүндөгү кадырлаштары, алака мамилелеш өнөрпоз достору ким – баары менен тааныштыгым бар. Жаш курагыбыз тең болбогону менен жан курдаштайбыз. Кыялбек байкенин адабияттан чарк айланып алыс кеталбаганы мага да абыдан таасирдүү “азгырык” болду. Анын пайдалуу азгырыктарын учкай сөз кыла кетейин…