Кубанычбек АРКАБАЕВ: Щётка – «шутка»

— Щётка каяктыкы? — Кытайдан. — Ыя… Китайдан дейсиңби? — Ооба, Итайланыкы. — А эмне үчүн кытайча жазуулары жүрөт? — Кытайлар түшүнсүн деген да. — Кыргыз түшүнсүн дебептирби? — Кыргызга кытай түшүндүрүп коёт дептир. — Кана ошол түшүндүрчү кытайың? — Мен түшүндүрөм. — Сен эмне кытайсыңбы? — Мен кытай уруусунанмын. – Түшүндүр анда, туугандарыңдын ийрелеңглиптерин. — Сырдайт, майлайт, шыбайт дейт. — Итайлачабы же кытайланчабы? — Кыпкыргызча шывайт. — Жылчык калбайт экен анда. — Ныпым! — Жакшы. Анан мунуңдун чачы натуральныйбы, […]

Мырзаян ТӨЛӨМҮШОВ: Деген экен…

Жылкычынын жылдырма Илгери жазуучулардын кайнаган жери «Кыргызстан», «Мектеп» басмалары болор эле. Ар кандай жарпты жазган, көңүлдү ачкан азил-тамашалар дал ошол эки басманын кууш, узун коридорунда байма-бай айтылып турчу. Анан калса көзгө басар эки басмабыз тең бир имаратта жайгашкан эле. Күндөрдүн биринде басманын эски кызматкери, саясый тексттердин котормочусу Элакунов Рысалыга эмнегедир Насирдин Байтемировдун («эмнегедир» дегеним, ал көркөм адабият менен иши жок, жазуучулар чөйрөсүнөн обочо киши болчу) дареги зарыл керек болуп калыптыр. Тигиге барат — билбейт, буга барат — билбейт. Акырында Жапиев […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Элеттик куйручуктар — II

БАШЫ ушул шилтемеде Бир топ айылдаштар тойдо олтурушуп Тегирменти айлындагы балбандарды санай башташат. «Баланча балбан» — дешсе: «Жо-ок, андан өткөн түкүнчө балбан», дешип талашып калышат. Аягында мойну буканыкындай буржуйган, далылары далдайган, булчуңдары буураныкындай, чымыр дене Жумабай баарынан өткөн балбан дешип баары бир ооздон макул болуп турса: — Ой, ошол, коркок Жумабайыңарды койгулачы! Жумабайдыкындай денеге меникиндей жүрөк керек, ошондо гана Жумабайды баатыр-балбан десе болот, — деп түнкүсүн жалгыз чыгып саара кылалбаган Дияс жезде тойдогуларды күлдүргөн экен. * * * Кемин районуна […]

Мырзаян Төлөмүшевдин «Деген экени»…

Микрофон менен рюмканын жакындыгы Акын Омор Султанов менен Биримкул Алыбаевди телеге чакырышат. «Биримкул агай, микрофонду жакын кармаңыз» — деп редактор кыз безилдесе деле болбойт, сөзү угулбайт. Ошондо Султанов чыдабай кетип: «Ай, Биримкул, сен алдагы микрофонду рюмка кармагандай оозуңа жакындатсаң», – дегенден кийин, иш оңуна түшкөн экен… Чаткалдын мааниси Илгери жазуучулар Чаткалга барып, эл менен жолугушуу өтөт. Акын-жазуучулар аңгеме куруп бүткөн соң отургандардын бири олуттуу суроо коёт: – Өзүбүз жашап жүрүп маанисин билбейт экенбиз, бу Чаткал деген сөз эмне маани билдирет? […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: «Бири-бирин аңдыган кыргыз»

Турмуштук азилдер Кайсы бир учурда ар кайсы улут өкүлдөрүнөн экиден кишини терең орго салышыптыр. Кароолчу коюп, капкактап бекитишиптир. Бир гана кыргыздар салынган орду кароосуз калтырышыптыр. Сынап көрөлү дешкен го. Мүмкүн билишсе керек, кыргыздар баары бир чыкпасын. Бир кыйла мезгил өткөндөн кийин келип карашса, башка элдердин бири да жок дейт. Бирөөлөрү ордун түбүн үңүп казып, бирөөлөрү кароолчунун тилин таап, айтор ташты жарып өскөн чөп сымал, жашоо үчүн жандалбастап эчак эле жол таап ордон чыгып кетишиптир. Ал эми эки кыргыз отурат дейт […]