Кубанычбек АРКАБАЕВ: Ый кесе

(Айылдагы отуруштан) Эки самаш элди эки айланып келип тоголонуп, бозо чынылар бошоп, кайра толуп, сөздөр бажылдап, көздөр жалжылдап, отуруш кызый баштаганда айыл жамакчысы Жымшык Жакеш жараңка комузун жанып-жанып алып үй ээсинин жарыясын жая салды: Ээй, алтынчы күнү кечинде, Мал жайланган кезинде. Көчөбүздө адат бар, Уюшуп иччү тамак бар. Бир фляга бозо бар, Беш самапал кошо бар. Мелдешип чапчу карта бар, Ыр кесе, бийден тарта бар. Бүгүн ырга бар приз, Биринчиси сюрприз, Экинчиси чыстапал, Үчүнчүсү самапал, Анда эмесе ырдап кал, Анда […]

Асан ЖАКШЫЛЫК: Кодура

АҢГЕМЕ Тынбай аккан суунун добушун тыңшап турса адам кадимкидей эс алып, мээси сергийт; ал эми тынбай сүйлөгөн оозду карап олтурсаң, негедир мээң чарчайт экен; анын үстүнө сөзгө кунт койгон киши да азайып, кепти келиштире айткан нукура чечен кишилер да сейрек тартып бара жатпайбы. Бирок сөз жарыктык дагы эле көп сүйлөнөт, ылганбаганы ылайланып тынбай ага берет экен, эр болсоң, бир эле күн өзүң сүйлөбөй атайы дудук болуп көрчү, чыдабайсың; сүйлөбөсөң бугуң жарылып, шампандын пробкасындай атып кетет, сүйлөбөй кое албайсың, сөз айтпай […]

Олжобай ШАКИР: Жинди кыштак

АҢГЕМЕ Карабостон, аңгидей Болгону кенедей айыл. Союз убагындагы аты – Калинин, азыркысы – Акталаа. Кенедей айылдын үркүн мезгилдеги бир окуясы бар. Ошондо биздин айылда беттегенинен кайтпаган Жумабайдын (аны биздин айыл көкмээ Жумабай дейт) айтканын кыргызың укпай коюптур. Болбосо ошол кыргындан кыргыздын далайы аман-соо калмак экен. Жумабай элдин алдын тосуп: «Тескейдин тоосуна качкыла» десе уккан жан болбоптур. Айласы кеткен Жумабай өзүнүн үйбүлөсүн алып тескейди беттеп кеткенин көргөндөр «оюна келгенди кылган көкмээ» дешип, кытайга ашып кетишет. Кийин алардын көбү кайтып келбегенин эмдигиче […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Атамдын махабаты

ЭТЮД 1993-жылдын октябрь айы. Самарбек атам экөөбүз колхоздун койун кайтарганга тийген, Мырза тору деген атка учкашып “Асан сарайга” жөнөдүк. Үйдөн экөөбүз тең капа болуп ээрчишип чыкканбыз. Жолдон энем жөнүндө талкуу башталды. Атам мени өз теңтушундай көрүп сырын ачты. Энемди кантип сүйгөнүн, кандай ала качып алганын. Анан турмуш өз энчисин бөлүп берип 4 эркек, 4 кыз бергенин. Машинага тебеленген наристесин, эсинен танып кала турган тубаса оорулуу иним Жанарды айтып каңырыгы түтөп баратты. “Астра” деген аты гүл болгону менен жыты сасык тамекисин […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Лөлүлөр

ЭТЮД Колуна кичинекей наристесин көтөрүп, артына куржундарын асынган, жүдөө, шөлбүрөгөн узун кийимдерди кийген төрт-беш аял бу тоолуу айылга бир жылда бир же эки жолу келип кетет. Бул лөлүлөр кайдан келгенин эч кимиси билчү эмес. Бирок колхозчу аялдар булардын келишин жылдап күтчү. Лөлүлөргө алмаштырам дешип аялдар жүн, тыбыт, тери сыяктууларын чогултуп калышат. Анткени лөлүлөрдүн куржунунда чыны, чайнектер, жылтур-жултур жоолуктар, аялдардын көз жоосун алган дагы башка таңсык буюмдар болор эле. Аялдар лөлүлөрдүн куржуну ачылганда андагы кооз буюмдарды карап көздөрү жайнап кетчү. Анткени […]

Султан ЖУМАГУЛОВ: Автобооз – 2

АҢГЕМЕ (Кыргызча жашоо бормуласы) Жыл-жыл ары, иий-оххх, бутум, тартчы эй, бутуңду, былчыйтып басып турубаласың да өчүң бардай! Э кокуй, бутумду эми каякка коём жер жок болсо, эмне мойнума артып алайымбы, эй? Кайдан билем каякка артарыңды, ал ары бутуңду! Эй, карындаш, адегенде ал жигиттен сурап көрбөйсүңбү каяктан экенин, агер жалалабаддык болсо илибой бутту тебелеп турса улуксат, мурда кеминдиктер менен таластыктар тебелесе улуксат эле да чынбы, хи-хи-хи… Ары жылып койсоң боло жалгыз ээлебей бүт орунду, эми биртике жыл, ии, копшоп кой көчүктү, […]

Өмүрбек КАРАЕВ: «Эски көлөч»

АҢГЕМЕ Тоо этегиндеги «К» деген айылда фельдшер аял жашачу. Күйөөсү эрте кайтыш болуп, кызы экөө калган. Анын үйү медпункт менен катар болчу. Медпунктун имараты салынганда ыңгайлуу болсун деп жанына ушул фельдшердин үйү кошо курулса керек. Анысын териштирип сөз кылган деле киши жок, медпунктка сыркоолоп калган кары-жаш байма-бай келип кетишет, аяк суюлбайт.