Марат ТАГАЕВ: Төргө ким отурат же Жээнбековдун Кетбукасы ким болот?

Акыркы күндөрү кыргыз коомчулугунун көңүлүн эл акындары бурууда. Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун президентке арналган “Атамбаев менен коштошуу” аттуу ыры кеминде жети жыл бою өлкөдөгү саясый окуяларда унчукпоо позициясына өтүп алган кыргыз интеллигенциясын, акын-жазуучуларын чочуткандай болду. Анатай Өмүркановдун ыры коомчулук тарабынан түрдүү кабыл алынды. Бийликтин ашынган тарапкерлери акынды ыплас сөздөр менен тилдеп кирсе, каршылаштары Анатай Өмүркановдун ырын гана кубаттап турушту. Анткени андан ашыкча сөз айтуу мүмкүн эмес болуш керек. Президент гүл чогултчу, алакандар кызарганча кол чаап салтанат менен узатылчу акыркы […]

Олжобай ШАКИР: Эки элди эриктирбес, бир элди бириктирбес АША үчүн Анатай авадан кечирим сурайм

Коомго массанын үнү башка, аттуу-баштуулардын үнү башкача экенин кечээтен бери Анатай Өмүркановдун ырын окугандар туйдук. Айтыла турган сөздү айттыңыз. Таазим Сизге, Анатай ава! Чыныгы атуул гана ушинетип жарылмак. Сабырыңыз түгөп, көкүрөгүңүздө тиреп келген ыр саптарыңызды акыры каңырык түтөгөндөн улам жазганыңызды туюп, көзүмөн жаш тегеренип турду. Дароо телефон чалып, куттуктагым келди. Телефонумду албадыңыз. «Таарынтып алган экемин» дедим өзүмдү жемелеп. Жок, таарынбапсыз. Жекшемби күнү таң эрте чалганым үчүн үч жолку телефон чалуумду укпай калыптырсыз. Бир убакта өзүңүз чалдыңыз мага. Айкөлдүктөй улуулук болорбу… […]

Азиз НЕСИН: Там башында жинди бар!

Түркчөдөн которгон Толук Бек БАЙЗА АҢГЕМЕ Бүтүн маале көтөрүлүп чыкты: — Тамдын башында жинди бар! Көчөнүн башынан аягына чейин көп кабаттуу тамдын башындагы жиндини көргөнү келгендер толуп кетти. Алгач жергиликтүү бөлүмдөн, андан кийин Ички иштер министрлигинен полициялар келишти. Анын аркасынан өрт өчүргүчтөр да жетип келишти. Жиндинин энеси: — Бөбөгүм, уулум, ылдый түш!… Кана балам!… — деп жалбарып жатты. Жинди болсо: — Мени башкарма кылбасаңар боюмду таштайм! – дей баштады. Өрт өчүргүчтөрдүн тобу эгер жинди ылдый секире турган болсо тосуп калыш үчүн […]

Төөсоёр аке

АҢГЕМЕ Бала кезимде Төөсоёр деген аксакалдын көзүн көрүп калдым. Бир күнү казанда кайнап аткан эт бышканда жаңыле колубузду жууп, дасторконго отурарда сырттан аттын дүбүртү угулду. Баарыбызга эт тартыларда булоолоп турган чарадагы эттен көзүмдү алалбай турганымды байкаган атам мага ачуусу келдиби же менден чоңдоруна бекен: – Сыртка киши келди, мени жечүдөй болгон атаңдын оозун урайындар, чыгып атын албайсыңарбы! – дегенин укканда, үйдөн атып чыктым. Жаңыле ээрдин кашына тизгинди байлап аткан Төөсоёр акенин түшүүгө камданганын көрүп, ылдамдап жетип, колтуктан алдым. – Чылбырды […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Коргон дубал

АҢГЕМЕ Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын аяк чени, союздун күүлдөп турган учуру. Күн ысып, алдуу-күчтүү колхозчунун баары чөп орокко кеткен маалда эртелеп айылдын бригаты участкалык милиционерди, айылдын бирин-экин активдерин ээрчитип алып өйдө жактан келген дагы бир кезектеги буйрукту аткаруу үчүн айыл аралап жөнөштү. Бул дагы адаттагыдай эле колхозчулардын ар биринин үйүнө барып менчигине кол салуу эле. Бул жолу “чоңдор” колхозчулардын короосун тоскон дубалдарды бузууга жөнөштү. Кечээ бригат райистен ушул буйрукту алган. Райис колхоз аймагындагы айылдардын бригадирлерин чакырып алып: — Топурактан курулган […]

«РухЭш» сыйтынын Муратовго карызы көп

«Атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал» дептир кыргыз. Абдыкерим байкебиздин күчүн кандай алып келатканыбызды сайтыбыздын туруктуу окурмандары байкап аткан чыгар. «РухЭш» сайты там-туң баскандан бери жалпы окурмандарды да, өзүбүздү да туура жол, туура багытка жетелеген авторлордун жардамы менен сапарын арытып келет. Болбосо биздин муратыбыз да бирди-жарым адамдын колунан келбеген мүшкүл экенин башынан эле туйганбыз. Рухий багыттагы коом агартуу жолунда Абдыкерим Муратовдой таяныч-жөлөк болор авторлор болмоюн биздин дем-күчүбүз канчага жетмек. Француз философу Клод Андриан Гельвеций жакшы бир насыйкат айтканы бар: «Элиңе […]

Сыңар эмчек кой

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ  (Бригадир Кулжанбектин аңгемелеринен)  Согумга кой издеп калдым. Жазында байлаган семиз кою бар экен. Келдим. «Мага козулуу кой бересиң» деди. «Макул» дедим. Коюн алпарып союп алдым. Жумабек өзү тетирини жакшы көрөт. Оң айтсаң тетири кетет. Тетири айтсаң, оң кетет. Сырын билем. Бир күнү он чакты кой айдап баратам. Үйлөрүнүн алдынан туура өтүп баратам. «Эй!» деп Жумабекти чакырдым. Кенжекан да кошо чыкты. Тескери иш бир башынан кетсе, кете берет. Аягына чейин кете берет. Тескери болуп кете берет экен. Мен бир […]