Жалалидин РУМИ: Жүзүм

Притча-жомок Көздөгөн мүдөөлөрү окшош төрт шерик: түрк, перс, араб жана грек, бирге баратып акча таап алышат. Балээнин баары ошол акчадан чыгат. Колдоруна акча тиери менен аны кантип коротушту тартышып башташат. Перс айтат: – Келгиле, ангур сатып алабыз! Араб чыгат: – Ангуруңду койчу, эйнаб сатып алганыбыз жакшы. Түрк чыгат бир жактан: – Эмне талашасыңар? Бизге ангурдун да, эйнабдын да кереги жок. Бул акчага йүзүм эле сатып алганыбыз жакшы! Грек чыгат макул болбой келжеңдеп: – Агер бирдеңке алыш керек болсо, акчаны стафилге […]

Барно САБИРОВА: «Жана»

АҢГЕМЕ Ал буга чейин оюна да алган эмес. Бир эле сөз анын тагдырын өзгөртүп саларын. Эми мындан ары кайсы кагазга кол койсо да этиет болору бышык. Бирок бул жолкусу ал үчүн эстен чыккыс сабак, кала берсе да ачуу сабак болчудай. Азыр да ошол тээ мындан 3 жыл мурдагы окуяны эсине түшүрүп олтурат. Бир нече жыл бою жыйган-тергендерин чогултуп, ичпей-жебей ушул темир тулпарды алышпады беле. Жык-жыйма базардан машинаны алып, аны тариздөөгө нотариус издеп жөнөп калышкан. Нотариуска барганда сатуучу менен кардар экөө […]

Данияр ИСАНОВ: Сага

ЭССЕ Турмушта сагыныч болбосо, анда адамдар бири-биринин баркын билбей калышмак. Көпчүлүк адамдар: «сагынычтан өткөн азап барбы, адамды санаага салып саргайтып жиберет» – дешет. А мен тескерисинче, сагынычтан жашарам. Жаша, түбөлүк — Сагыныч! * * * «Күтүүдөн өткөн азап барбы?» – дешет айрымдар. Жакын адамыңды сабыркап, санаага малына күткөндүн өзү канчалык рахат экенин айрымдары баамдабай калышат окшобойбу. Күтүү да, сагыныч сыяктуу жакыныңдын караанын алда канча аруу көрсөтө турган көрүнүш экенин эске түйө жүргөн дурус… * * * «Кудай кайда, барбы?» – […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Прокурор

АҢГЕМЕ Кыш чилдесинини мемиреген тынч күндөрүнүн бири. Жыйын-теринин эбак бүтүрүп алган айылдыктар печкесине отту улуу жагып, булоолонто чай ичип, үйдөн көчөгө кем чыгып калган маал. Ушул күндөрдүн биринде Бакир аксакалдын коргонунан коюу түтүн бөтөнчө булап жатты. Түтүн менен кошо мурун өрдөгөн жагымдуу жыт көчөнү каптады. Кечээ кечинде союлган тайдын эти, бүгүн удаа союлган эки койдун эти үч чоң казанда өз-өзүнчө кайнап, дагы бир казанда боорсок бышып, короо ичи кыш күнүнө карабастан шаңдуу, кирип-чыккандар көп. Бул үй бүгүн куда тосуу камында. […]

Акча

Бейшебай УСУБАЛИЕВ Аңгеме Айылга анда-санда каттап калам. Биздин үй чоң жолдон анча деле алыс эмес. Үйдү көздөй үч-төрт жол кетет. Мен көбүнчө ортоңку жол менен барам. Мурда — бала чагымда — ушул эле жол болор эле. Ошондуктанбы, ал мага кандайдыр бир өзгөчө, атүгүл атайын энчиленип берилгендей, өз жолумдай туюла берет. Бала кезде далай жолу жылаңайлак чуркаган ушул өз жолум менен кетип баратып, жол жээгиндеги бир үйдүн жанынан өтө бергенде, дайыма ал үйдү көздөй башым бурула түшөт. Сөзсүз карап өтөм. Карабай […]

Чанга-чунга

Түрк жомогу Байыркы өткөн заманда эки бир тууган жашаптыр. Алардын улуусу али үйлөнө элек болсо да бай турат экен. Кичүүсү болсо үй-бүлөлүү болуп, өзү да өтө жакыр жашаптыр. Бир мертебе кедей иниси бай агасына келет да, андан минтип сурайт: — Бүгүн жегенге эч нерсе калбаптыр, бир аз акча берчи? — Ушу сеники өттү! Иштеп, акча таппайсыңбы? Тапкан экенсиң бекер оокатты! Жетет, бүттү, эми акчадан үмүтүңдү үз!

Үч биртууган

Корей жомогу Бул дүйнөдө үч биртууган жашаптыр, алар женьшень[1] казып байымай болушат. Анан алар тамыры далай тереңдикте өскөн женьшенди өлүп-талып казып алышса, үчөөнүн тилеги кабыл болмок экен. Тамыр казылган соң улуулары өз ара сүйлөшөт: – Кичүүбүздү өлтүрөлү да, анын үлүшүн экөөбүзгө бөлүшөлү.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Молдо»

Аңгеме Ошко  борбордон иш сапар менен келген төрт аял Сулайман тоону көрмөкчү болуп эми гана тоонун таш жолуна бут койгондо кайдан чыга калганы белгисиз, алардын бет алдыда бул жердин  молдосу пайда боло калды. Ал  аялдарды  баштан аяк  бир карап алды да, ызырына  тилдеп кирди: – Бейыйман албарстылар, жок дегенде башыңарга жоолук салып албайсыңарбы? Ыйык тоого келгениңерди билбейсиңерби? Кудай жалгабаса, кебетеңер курусун! Силерге  окшогондордун таманы  үчүн бу тоонун ташы да убал… Ушинтип күбүрөнгөн  топучан чал биртоп наалып, капа болуп, анан аялдарды […]

Ычкыр Гобсек  

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ Аңгеме Анын азан чакырып койгон аты Мати болучу. Ал бу жалган дүйнөдө аз гана жашады, шордуу. Эгер молдокелер айткан тиги дүйнөдө жашоо бар экени чын болсо, Мати ал жакта да сөзсүз тыйын чогултуп жүрсө керек деп ойлой берем. Өмүр бою жарыбай келген бул үйбүлө эгемендикке ээ болгон күндү эле күтүп тургансып туш келди чачылып кетти. Тагдыр Матини базардан чыгарды. Ошондон ушул күнгө чейин ал базарда тачкист эле. – Тачкистмин, — дейт бирди-жарым шериктери жолуга калганда. «Тачкист» дегендин акыркы […]

Ыраке: топурак алтындан да кымбат

  Рамис РЫСКУЛОВ Адам канчалык улуу болсо, ошончолук улуу бактысыздыктарга кабылат. * * * Жакшы жолду табыш үчүн канча кыйын жолдордо адашабыз. * * * Өз кайгымдан да, бөтөн кайгы жанымды катуу мыкчыйт. * * * Ким канчалык ак жеринен күйсө же тубаса кемчилиги болсо: ал элден башкача, катуу жаңыртат, себеби алардын үнү өзөктөн чыгат. * * * Турмуштан баш калкалаган адам артында из калтырбайт. * * * Китеп унчукпай сүйлөшкөн акылгөй. * * * Котормого окшобой түпнуска бол! * […]