Назгүл ОСМОНОВА: Устатымдын чечкиндүү кадамы – улутка үлгү

“Төрдөн орун тийген болсо нааданга, улагада калганыңа арданба…” Жусуп БАЛАСАГЫН КУУ алдындагы Конфуций институтунун директору Үмүт Култаеванын Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоого үгүт иштеринин маалдагы Он-Адыр айылында өзбек улутундагы адамдар менен жолугушууда айткандарында «улут аралык кагылышка чакырык таштаган эмес» деген пикири кызмат келишимин узартууга кыйынчылык жаратып (КУУ ректору Канат Садыковдун айтуусу боюнча), акырында жумушунан кетүүгө мажбур кылышканы коомчулукта түрдүү көз караштарды пайда кылды. Шаарга жаңыдан келип, И.Арабаев атындагы андагы кыз-келиндер, мен окууну бүтүп жаткан жылы педуниверситет болуп өзгөртүлгөн жогорку окуу жайына […]

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: Атамбаев ажыдаарды жеңе алган жок

Белгилүү саясат таануучу жана Борбор Азиядагы Эларалык университеттин профессору Орозбек Молдалиев менен учурдагы саясый кырдаал туурасында маектешүү… – Эл арасында быйылкы президенттик шайлоо таза жол менен өтпөйт деген шектенүүлөр оголе арбын. Президент Алмазбек Атамбаев алты жыл бою артымда мураскер калбайт деп канча кайталап келбесин, бирок иш жүзүндө андай болбоду: эми минтип өзү баш болуп Сооронбай Жээнбековду ачыктан ачык үгүттөп келет. Буга эл шайлоо күнү кандай жооп берет деп болжойсуз? – Алты жыл мурун Алмазбек Атамбаев президенттикке ат салышып жатканда “Эгерде […]

Чжуан-цзы: Какылдап-какшаган миң ооз кебиң желге сиңет, а ооз ачпай жүрүп айткан бир ооз кебиң элге сиңет

ДИЛАЗЫК Баарын билгиси келген адам эле даанышман болуп чыкпайт. * * * Кыйшык темирди түз темир менен урсаң, түз темирди да майыштырасың. Эгер далилденген ишти далилсиз жүйө менен далилдейм десең, экөөнүн тең ишбалдасы чыгат. Билимсиз кара күчкө салат, а билимдүү дайыма ар нерсенин өзөгү менен тамырын табат. * * * Билими терең – токтоо, салмактуу. А билими чала кайда барып мурдумду тыксам деп убара. * * * Биздин өмүр чектелүү, а билимдин чеги жок. Чама-чаркың чектелүү туруп, чексиздиктин артынан кууган […]

Назым ХИКМЕТ: Бурхан жана даанышман карыя жөнүндө жомок

Менин уулума экинчи жомок Балам, качандыр бир мезгилде, кайсы бир падышалыкта, кайсы бир мамлекетте ак сакалдуу киши жашаптыр. Ал эң боорукерлердин эң акылманы, эң акылмандардын эң эле боорукери болот. Бул ак сакалдуу даанышман жашаган өлкөнүн эң чоң шаарындагы эл агымы көп аянтта асыл таштардан жасалган көзү оттой жалтылдаган, чачы таза күмүш, тулку бою таза алтын жана кишинин боюнан миң эсе бийик бурхан орнотулат. Бул эң боорукерлердин эң акылманы, эң акылмандардын эң боорукери болгон сакалы куудай ак данышман кишинин эли өз […]

Эсенбек КУДАЙБЕРГЕНОВ: Молонун сыры

АҢГЕМЕ Алар бүгүн кык жыттанган таш короону калтырып талаага жөнөшмөк. Кызыл аскадагы Ак-Эркечти карай акыркы жолу көз чаптырган Кумар ичинен кейиштүү. Ка-ап, – деп алыштын бат эле бүтүп калганы ай. Болбосочу, те эркечтер турган аскага чыгып, бийиктен дүрбү үйрүп карабайт белем. Сонуну тарабай калган Кумардан оюн баамдаган чоң атасы небересине: — Уулум, торуну токуп койдум. Күн кыска, жолубуз кыйла бар, эми бастыралы. Калган черди дагы бир дем алышта жазарсың, – деди эркелетип. Учкашкандар желе-жорто ничкенин сайын өрдөп, күмүш булактын шыңгыр […]

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: Мен добровольный нищиймин

Жазуучунун Бишкекке келгенин угуп, үйүнө бардык. Төрт киши чубалып ээрчишип алганбыз – Азиз Дүйшөбаев, Нургазы Мусаев, Максат Жумабаев жана мен – Олжобай Шакир. – Э келгиле, өткүлө жолуң болгурлар. Бутуңарды чечкиле… – Алдыбыздан каршы алган шыргый бойлуу Кубат аке менен баарыбыз бирден кол кысышып, береги сүрөттөгү үстөлдү тегеректей жайгашып отурдук. Саамга ооз ачышпай отура бердик. Сөз өзүнөн чыгабы дедик окшойбуз баарыбыз, жок, кыргыздын наркын карманган карыя жазуучубуз үн чыгарар эмес. Улагасын аттаган кишинин не келгенин кыргыз сурабайт эмеспи, Кубат акебиз […]

Кубат аке: «Даанышмандык деген эмне»– дейт бирөө, «Атаңдын башы» дедим

Жазуучу Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВден экмет Адабият жазуучуларды тойгузган уй болуп калды. * * * Жазма адабиятыбыз болгон эмес деп кейийбиз, а мен кайра жок болуп келгенине кубанам. Мен азыр жазма адабиятыбыз бар деп кейийм. Жазма адабияттын болбогону акылмандык да… * * * Эң мыкты, улуу китептер кол менен жазылган. Башкасын айтпайын, Толстой менен Достоевский, Бунинге окшогон жазуучулар кол менен жазышкан. Азыркы дүйнөлүк адабиятты мен акыркы кездерде окубай калдым, алар мага таштандыдай сезилет. Эмнеге дегенде ал чыгармалар калем менен жазылган эмес.