Бурулкан БАКЕЕВА: Акын

АҢГЕМЕ Белгилүү бир акын базарды аралап келе жаткан. Үйүнө картошка, пияз алмакчы эле. Аялы эртең менен какшаган: “Ыр жазгандан башка дагы тамак деген болот” деп какшыктаган. Аялы бошобой калып, суранганда гана базарга басып келбесе, деги эле келбейт. Күнүмдүк көр тиричиликтин бүт түйшүгү аялынын мойнунда. Пиязын алды, анан картошка саткан катарды аралап келатып селдейип туруп калды. Маңдайындагы картошка сатып отурган аял да муну тааныды. Ортодогу көрүшпөгөн жыйырма беш жылдык мезгилде экөө тең өзгөрүшкөн. Бирок бири-бирин таанышты. Аял биринчи сүйлөдү, кечээ эле […]

Сакебиздин «Итим, сага айтам, кишим, сен ук» икаясы

Ар жылдын февраль-марты – Салижан агайыбыз туулган, анан 70 жашка толушуна бир ай жетпей одүйнө кеткен мезгил. Салижан Жигитов агайымын жаркын элесине “Ит атаар” икаясы жөнүндө итабар сөз Аны биз, окуучулары, ар убак унутпай эстеп келебиз. Агай баскан-турган жеринде адамдарга жарык маанай, тамаша-күлкү тартуулап, жаркылдап жүрчү жаркын инсан эле. Окумуштуулугу, акындыгы, адамдык кыял-мүнөзү, аңызга айланган курч кеп-сөздөрү тууралуу көп эле айтылып жүрөт. С.Жигитов өзүн адабияттын ар кыл жанрында сынап, артына өрнөктүү тексттерди калтырып кетти. Салижан агай өз чыгармачылык жолунда көркөм […]

Шакен Мамбетаипованын поэзиясын таануу

Адабий изилдөө КЫРГЫЗ КЫЗЫ Сүйүү болсо сүрөтчүнүн дилинде Сүйлөйт сүрөт бардык элдин тилинде. …Талант болсо акындардын дилинде Таңшыйт ыры бардык элдин тилинде. Ш.Мамбетаипова Ар бир адам – айтылып болгус сыр, ачылып бүтпөс табышмак. Акыры сыр-табышмагы өз башы менен кетээр. Эми ошол «акыркысына» чейин адам эмне болгон адам, неткен жашоо өтөдү, кандай из калтырды артына? Мунун жообу – эл ичинде, өмүр өтөлгөсүндө, калтырган мурасында. Адамдын өмүрүн, ишин баалоодо ар кандай чен-өлчөмдөр болоор, ошентсе да баарыга тиешелүү, уңгулуу бир талаптардын да бар […]

Алик АКИМАЛИЕВ: Гений жөнүндө ой тамчы

ЭССЕ Гений — бул бар тобокелчилик! Гений — бул тынымсыз, такай изденүүчүлүк жана өзүнө эч бир канааттанбоочулук, эч кимге, башкага ыраазы болбоочулук. Гений бул — ар нерсеге шектенүүчүлүк, баары ынанган нерсеге ичтен ишенбөөчүлүк. Гений — бул дүйнөнүн түбүн түшүрө кароочулук. Гений — бул кыскалык, нускалык. Вундеркинддер — жаш генийлер, балакай машаяктар, эрте ачылган байчечекей гүл сыңары жөндөмдүүлүк. Гений — бул өз доорунан алда канча алдыга кетип калуу жана тарыхка, өткөн доорлорго дагы арыраак артка кетип калуу, келүү да. Жана милдет […]

Акбар РЫСКУЛОВ: Көзүм жок күйө турган көрүп менин

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАРТАСЫ Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Калкыбызга канча сыймык артасың: өрөөн, жайлоо, төрдү көр, көлдөр, суулар, мөңгүлөр көрккө бөлөйт Ала-Тоонун аркасын! Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Капаны да, жапаны да тартасың: чек араны чечейтип, кең араны кекейтип, кескендерди кайсы Кудай алкасын?! Кайра кара Кыргызстан картасын!.. Колго кармап кайчы, кылыч, балтасын, этек-жеңди өөнөгөн, эшик-төрдү жөөлөгөн кас душмандан казыр дагы жалкасың! Карап көрсөң Кыргызстан картасын, Көз алдыңа Кумай кушту тартасың, бир канаты кетилип, бир канаты жетилип, бийик зоого сүйөп турат аркасын! Кумай кушту […]

Аудио: Өзүн издеп өткөн акын (Азаттык)

Кыргыз Эл акыны, драматург, коомдук жана саясий ишмер Эгемберди Эрматов узак оорудан кийин 66 жаш курагында дүйнө салды. Эгемберди Эрматов бардык учурда өзүнүн чыгармачылык ааламын алдыңкы орунга койду. Бул тууралуу ал өткөн жылдын ноябрь айында “Азаттыкка” берген сыябан-маегинде айткан эле.

Сергей ЕCЕНИН

Адабий портрет Максим ГОРЬКИЙ Жетинчи бекен, же сегизинчи жылы бекен, айтор, Каприде Стефан Жеромский болгар жазуучусу Петько Тодоров экөөбүзгө кандайдыр бир окуядан кийин Краковго келип калып, анда адашып жүргөн, бир мытаам, зыкым дыйкан баланын тагдыры жөнүндө айтып берген. Ал бала шаардын көчөлөрүндө көпкө адашып жүрөт да, өзү ээн-эркин өскөн талаасына баруучу жолду таптакыр таба албай коёт. Ошентип жүрүп акыры, шаардын аны өз кучагынан чыгаргысы келбегенин сезген соң чөгөлөп отуруп алып, Кудайга сыйынат да, суу менен агып отурсам шаардан чыгам го […]

Алыстагы мигранттарга акындан кат!

ЭСТЕЛИК КОЁТ ЭЛЕМ Кыргыз мигранттарына арнайм Россиянын кырк градус суугунда аба жиреп, кабат-кабат үйлөрдү кайыгып салып жаткан, ит баккан Италиянын, куш баккан Түркиянын үйлөрүндө турбай калган саңырсыган сары жамбаш кемпир-чалын багып жаткан, Австралиянын куйкалаган күнүндө кой кайтарып, Норвегиянын кол какшаткан көк суугунда тор жайып, балык тарткан, ак бубак аюу болуп Тайганын карагайын кыйып жаткан, Американын өрттөнгөн токойлорун өчүрөм деп, куу жыгачка сайылган шишкебектей кара-күрөң эт болуп күйүп жаткан.

Дүйнө казынасынан поэзия

Сагын АКМАТБЕКОВАнын котормосундагы Кытайдын улуу акыны Ли Байдын ырлары Беш Чал тоосун карап Басылып калың булутка Баштары түшкөң кошула, Калдайган түштүк чыгышта Караймын Беш Чал тоосуна. Короолош гүлү, карлары Кошулуп жолум жолуна, Кош дүйнө болбос арманым Коюлса сөөгүм бооруна.

«Калем – жазуучунун куралы эмес, организми»

  Франц Кафка менен Густа Яноухтун маегинен үзүндү Ф.К.: Акындын буту жерде болгону менен төбөсү көктө каалгып жүрөт деп сиз аны ушунчалык алп сыяктуу сүрөттөдүңүз. Албетте, бул кибирегендердин көзкарашы менен шарттуу мааниде айтылган кеп. Кыял түпкүрүнөн жаралган мындай ой-мүдөөлөр чындыкка такыр коошпойт. А чын-чынында акын дегениң катардагы пендеден да бир канча майда, мажүрөө жан. Ал ошонүчүн жер үстүндө болгонду абыдан кылдат сезип, сергек баамдайт. Анын канкакшап жаагын жаныганы – чыңырык эле. Чыгармачыл адам чыгармачылыктын жардамы менен бир кайгыдан кутулуп, кайра […]

Атактуулардын «бырс» этмелеринен

Алик Акималиевдин жарылганы Ыраматылык акын Алик Акималиев гезиттерге ырын көтөрүп барса эле, «орун жок» дей беришкенинен, бир күнү ачуусу келип: – Дүйнөгө баткан поэзия гезиттин бир бурчуна батпай калдыбы? – деп эшикти тарс жаап чыгып кеткен экен. Тоголок баштын оюнан топ кетпейт Илимпоз Болот Акматов университеттин студенттерине адабият теориясы боюнча сабак өтүп атканда башы топтой тоголок, өзү да топ ойногонду жакшы көргөн бир студент адабияттын маанисине таптакыр түшүнбөй коёт…Ошондо Б. Акматов сабакты жөнөкөйлөтүш үчүн мамындай деген экен: – Адабият деле […]