Ак үй, көк үйдө эл үнүн эшиткен жан жокпу?!

Коңшу Тажикстандын Жерге-Тал районундагы боордошторубузга өз ыктыярыбыз менен элден топтогон 1,5 тоннага чукул китепти жеткирип келген далалатыбызга туура бир ай өттү. Тилекке каршы, бир айдан бери ошол жүк Тажикстандын чегарасынан ары өткөрүлбөй жатканы Кыргыз бийлигин тынчсыздандырбаганы таң калтырат. Андан бери жаза берип калемибиз жешилди, какшай берип тилибиз тешилди! «Азаттык» радиосунун сайтына «Жерге-Талга китебибиз жетпей калды» деп белгилүү публицист Жолдош Турдубаев, «РухЭш» сайтына мен «Тамырымды зыркыраткан Жерге-Тал» аттуу көлөмдүү макалаларды жаздык, социалдык тармактар аркылуу да кенен айтылды, ЭлТР каналы толук чагылдырды, […]

Султан РАЕВ: Ириң

АҢГЕМЕ Ириң. Улуу сөздө уят жок. Как эле жоон куйрукка чыкты. Чыкканына канча болду, эч ким билбейт. Ириң чыккандан бери жоон куйругу да бир жерге орун басып, жартытарлык отура элек. Отурса эле жини когу аралашып, теринин алдында жайгашкан жеринен атылып чыкчудай. Тери алдында дененин бир учунан бир учуна ылдамдык менен жүрүп турган кан да ушерге келгенде, тушалган күлүктөй тык токтойт. Ириңдин кыйындыгын көр, агып келген таза кандын жолун бууп, ак кочкул ириңге айлантат. Көрсөң, ириңдер да чогулуп алып, тери алдында […]

Өмүрбек Абдырахмановдун «аллергия» оорусу

– Өмүрбек Абдырахманов деген саясатчы эмнеге ойду-тоону сүйлөй берет? – Себеби ал жерден алыс жашайт да. – Кантип алыс жашайт? – Бою эки метр болсо, анан жерге жакын, бою пас адамдардын мээсине жеткен ой, Абдырахмановдукуна жетмек беле! * * * Денесинин кычышпаган жери калбаган Өмүрбек Абдырахманов мончого барып келсе деле кычышкан жерлери жанын койбойт. Не кыларын билбей кожный диспансерлерге кайрылат. Врачтардын баардык аракетинен эч бир майнап чыкпайт. Ак халатчандарга кайра-кайра келе бергенде, акыры тажрыйбалуу бир врач табылып сураган экен: – […]

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ: Биринчи байлык – ажоолук!

САТИРА – Урр-е-е! Талапкерлер такка чуркамай да күн келип жетти, эми кызык башталат! – Кимди колдойбуз, ыя? – Албетте, Атантөөйевди колдойбуз, анын ара-шансы жогору деп атышпайбы! – Жок ай, ал болбойт ко. Андан көрө Оозуңаташиевди же Башыңатаажиевди колдойлу! Экөөнүн бирөө точну өтөт экен деген такталбаган маалымат бар! Эртең менен таңга маал кыгыбыдан сүйлөштү деп базардагылар бадыраң сатып отурушат. – Аның апасный го, өткөндө Кыкынбынын эки баласын кармап алып, үйүнө киргизип, кыйнап аш жедирип, түгөтмөйүнчө кетпейсиңер деп курсакка ургулаптыр. Үч күн […]

Олжобай ШАКИР: «Төңкөрүш»

АҢГЕМЕ Кулагы чуулдап, көзү тумандап барып кулап жыгылды. Көөдөнүн шамал тешип өткөнүн сезди…Таканчыктап туруп келатып, бирок тулку боюн токтото албай жер сүзүп кайра кулады. Жөрмөлөп алга жылымыш эткенсийт, бирок денеси бир эле жерде жаргылчак таштын үстүндө тегеренип жаткансып туюлду. Же айланасындагы башаламан эл ийиктей чимирилиппи, же жер шары айлан көчөк тегеренгениби… Ажырата албады. Аалам солкулдап турду, ажал алкымдан алды. Мурдуна кандын жыты келди…