Африка жомогу: Отунчу  менен антилопа

Качанкы бир кезде дарак кыйып, андан отун даярдап жан баккан бир жигит  болуптур.  Ал  күчтүү, эмгекчил жана түз жүргөн жакшы адам болгондуктан көптөгөн бай кишилер аны өзүнө кызматкер кылып алгылары келишчү экен. Бирок эркиндикти сүйгөн отунчу эч кимге көзкаранды болгусу келбейт. Андыктан отунчулук жумушу оор болсо да андан баш тартпастан иштеп жүрө берет. Бир күнү отунчу токойдо өз иши менен алек болуп иштеп жатса кандайдыр дабыштар угулуп,  карай калса буту жарадар антилопаны карышкыр кууп жетип, тиштегени калыптыр. Балтасын ала калып […]

Ажобуз айтчу ажыдаар жөнүндө жомок

Aдамзатты акыл менен абийир гана куткарат 1. Түшүнгөн түшүнсүн, түшүнбөгөн… Төмөндө мeн сиздeргe өз сөзүм мeнeн aйтып бeрeйин дeп жaткaн элдик жөө жoмoктун нeгизин түзгөн oкуя – уккaн сaйын уккуң кeлe бeргeн, кooз, кызыктуу aдисалардын тизмeги эмeс, жөп-жөнөкөй, жупжупуну бир бaян. Бирoк, ой-кoрутунду чыгaрa билгeн aдaм үчүн түгөнбөгөн руxий мүлк, учу-түбү билинбeгeн улуу идeя. Aнын aр бир бөлүкчөсү өз aлдынчa, өтө терең мaaнигe ээ. Кaтaрдaгы oкурмaн, эң бoлбoду дeгeндe, бийлик ээлeри aдeгeндe кaйдaн, кaнтип чыгaт, aнaн кaндaй бoлуп өзгөрөт, aкырындa […]

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ: Алтын жана аңчы

АҢГЕМЕ Жака белин жакшы эле карап, адатынча саксынып, чытырман шак өсөкөн сайдын таманы менен жүрүп отуруп, Капканын корумунун арасындагы алачыктай үңкүрүнө жаңы эле жеткен болчу. Ошондо да үңкүрдүн оозуна бир далайга көчүк басып, дүрбүсүн колуна алып, маңдай-тескейге көз чаптырып, бу чөлкөмдө жапайы жандыктан  башка адам аттуунун жоктугуна чындап ишенип, бир аз да болсо жаны жай ала түштү. Анан мылтыгын үңкүрдүн оозуна жөлөп, эңкейе жылып, анан жөрмөлөп, анан сойлоп, үңкүрдүн тээ түбүндөгү жараңкага катылган чүпүрөктү колундагы башына зым илгичи бар таягы […]

Токтош АБЫКЕЕВ: «Ыр токтоткон алтын теңге»

Аңгеме десең аңгеме, жомок десең жомок… Илгери-илгери бир байдын ырдай эле берген бир ат багар малайы болуптур. Ал аттарга жем береби, чөп салабы, ырдаганы ырдаган экен. Аттарды жууп-тарап атса да ырдайт, сайга алпарып сугарса да, аттардын астын тазалап жүрүп да ырдай эле берет. «Э-эй дайдыр-дай, дайдыр-дай… Жүрө берет кайгырбай, э-эй!» — деп ыры такыр түгөнчү эмес экен.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Ал & тын»

Аңгеме Дарыя жээгин бойлото жайгашкан узун айылдын шалыкерлери жай бою там үстүндө укташат. Шыйпыры жок жалпак там үстү салкын, чиркейи аз, баарынан да коргонго түнүчүндө биротоло ээлик кылып алган  бакылдаган бака үнүнөн оолак. Дарыянын шоокуму менен кошо келген жагымдуу шамал жаздыкка баш койгон кимди болсо да уйкуга жетелейт. Бир көчөдө катар салынган үйлөрдө бири-бирине бир ата, эки ата өткөн туугандар жашачу. Буларды айылдыктар «байлар мааласи» деп коюшчу. Совет өкмөтүнө чейин бул жерде Нурмат, Нармат, Эрмат, Кошмат, Баймат  деген беш  бир […]