Абдыкерим МУРАТОВ: Латын арибине өтүү зарылбы?

Редакцияда: Белгилүү зиялыбыз Абдыкерим Муратовдун бул демилгесин коомчулуктун талкуусуна салабыз. Себеби, автор жүйөөлүү маселени кабыргасынан коюп туру… Эртеби, кечпи – интеллигенция катмарынан бул маселени көтөрөр бирөө-жарымы чыгыш керек эле. Демилге көтөрүлдү… Тек, пикир жараталы, үн каталы… Агер биз алдыга өсүүнү кааласак, «талаштан тактык жараларын» эске алалы… Бул маселенин тегерегинде үн кошобузбу же четке кагабызбы – арийне, коомчулукка салынган бул демилге улутту ойлондурар олуттуу маселе экенин унутпайлы. Алдыда уланаар талкуулар илим-билимге жол издөөнүн аракети болууга тийиш. Андыктан «РухЭш» сайты бул темада […]

Сараңдыктын жазасы

Бурят жомогу Бир жылы жазында кедей киши токойдон отун даярдап аткан. Кокусунан эле чыгыш жактан бир күкүк учуп келди да, дарактын башынан үн чыгарды: — Күн чыгыш таманга барсаң бир бийик тоо бар, ошол тоонун чокусунда чоң өгүздүн башындай алтын жатат… Аңгыча түштүк жактан башка бир күкүк учуп келип, ал да баягы дарактын башына чыгып, минтип сайрады: — Түштүк жакта бир кедейдин аялы ооруп атат. Анын үйүнө эки жылдык торпоктой чоң кара коңуз уя салып, ошол тиги аялдын канын соруп […]

Хонхинур бийкеч жана куу түлкү

Бурят жомогу  Илгери-илгери бул жарык дүйнөдө Хонхинур аттуу бийкеч жашаптыр. Анын жыйырма жети жалтыраган шылдырагы бар экен. Ал алтын көлдүн боюнда, өңгүл-дөңгүл саз арасында турчу. Бир жолу Хонхинурга түлкү келет да, шыйпаңдап туруп минтет: — Мени Хартаган-хуну үйлөнүү тойго чакырды эле, ошого тагынып барганга сен жыйырма жети жалтыраган шалдыр-шулдуруңду бере турчу? Хонхинур бийкеч чочуп кетти: — Мен аларымды эч кимге берген эмесмин жана бербейм! Антсе түлкү айтат: — Үч күндөн кийин кайтып келем! Жакшы ойлон! Эгер эми келгенде да аныңды […]

Алтан-Хайша – Алтын-Кайчы

Бурят жомогу Илгери өткөн заманда бир хан болуптур. Ошол хандын жалгыз уулу бар экен. Хан ойлонот: «Уулумдун ички дүйнөсү таза, арамдыгы жок, а бирок акыл-эси анча эмес. Мен өлсөм ал хандыгымды кантип башкарар экен? Балким ага мен өлгөн соң баш-көз болор акылдуу аял алып берсемби? А андай аялды кайдан табайм?..» Хан кайра чечимге келди: «Мейли, ал кыз итке минген томаяктыкы болсун, бирок акылдуу болсо болду». — Эл кыдырып, уулума эң акылдуу кыз тапкыла! – деп хан элчилерин-тушемилдерди журт кыдыртып ат […]

Арстандар Сибирден неге кетишкен?

Бурят жомогу Эзелки замандарда токойлуу жана суук Сибирь аймагында арстандар жашаптыр. Алар апсайып-саксайып узун жүндүү келип, катуу сууктан түк коркчу эмес экен. Бир жолу арстан карышкырга кезигип калат: — Ой, жиндиге окшоп кайда шашып? — Өлүмдөн качып баратам! — Сени ким өлтүрөт экен? — Катуу чүчкүргүч. Бир жолу ал чүчкүрдү эле – агам өлдү. Экинчи чүчкүргөн соң – эжемден айрылдым. Үчүнчүсүндө – бутумду майып кылды. Көрчү, аксап жүрөм, – деди карышкыр шашмаланып. Арстан айкырды: тоо кулап, токой шуудурап, асман ыйлады. […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Эл тарапта

АҢГЕМЕ …Көкмөк болуп асман ачык эле, анда-санда үзүм-үзүм суюк булуттар кыймылсыз тургансыйт, а андан төмөндө ушул көктүн жалгыз ээси сыяктуу бир кажыр акырын каалгып, канаттарын бир-эки күүлөп алат да, анан күүгө келген канаттарын бош коё берип, өзүн кайра эркин сезип, ошол эркиндигинде туш тарапка көз чаптырып учуп барат. Анын жашы анчага барып, адам тукумунан үч-төрт ата-бала өткөрсө да, көзү али кайраттуу, көктө туруп жерде жаткан өлүмтүк эмненики экенин жазбай тааныйт, издегени ошол – өлүмтүк, андан башка эч нерсенин кереги жок, […]

Илбирс жана ноопаз

Бурят жомогу Качандар бир замандарда, кайсыдыр бир жерлерде чаар тери илбирс жашаптыр. Бир жолу ал ууга жөнөптүр да, токой четинен бир уйду көрүп аңдып калат. Мына даяр оокат, азыр ага бир ыргыйт да, ичин жарат, анан ушунча көп этке маарыйт. Ушинтип камынып турса эле бадал арасынан бир торпок тана чыга келди. Анан ал ноопаз уйга жакындап жалооруп мөөрөй баштады. Илбирстин ноопазга боору ооруду, ага минтип кайрылды: — Менин сага ырайымым келип атат, жүр мени менен чогуу кет. Буерде жалгыз калсаң […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөн Казат Акматов

АДАБИЙ ПОРТРЕТ Адатта, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып көргөндө, карасөз, анын ичинде роман жазгандар мамлекеттик же коомдук иштерге катышпай, үй оокаты менен убагерчилик чекпей, ашка-тойго, жыйын-сыйынга көп барбай, ээн үйдө отуруп алып эле өзү менен өзү болуп жаза берет. Ал эми биздин Казат Акматов андай болбоду, өмүр бою мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп, болгондо да андай иштердин кайнаган жеринде отуруп, бирок жазууга да, башкалардын жазганын окууга да убакыт таба алды. Ал 1941-жылдын 23-декабрында Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү бир жагында тоо, бир жагында көл турган […]

Картаң малчы мактанчаакты кантип жазалады?

 Бурят жомогу Жаш жигит биринчи жолу ууга чыкты. Жыш тайгада элеңдеп ары-бери каранып коркуп барат. Тайга жымжырт. Бир убакта дарактардын шуудурун жана таштардын бири бирине кагышканын угуп калат. Коркуп кеткен мергенчи бийик өскөн ак кайыңга чыга качат. Караса чын эле эки токой алпы – аюу менен каман кармашып атыптыр. Аюу каманга карап алдындагы таштарды шилеп ыргытат, а каман болсо аны тоотуп да койбой, алдыга жылат. Каман эптеп аюуга жетти да орсойгон курч маңдай тиши менен аны челип ыргытып, анан ичин […]

Жети бир тууган

Алтай жомогу Эзелки-эзелки бир эсте калбаган убактарда Алтайда али адамдар байырлай элек кезде бул жерге биринчи болуп жети бир тууган келиптир. Алар түз өскөн, бийик, бышык жети карагайдай бой жетип, жети күрөң аюудай бакубат, жети көк карышкырдай ынтымак болуптур. Алардын бирөөсүн гана көтөрүп жүрө алчу ат бул жер үстүнөн табылчу эмес. Ошон үчүн алар бир жерден экинчи жерге жез түркүккө таянып басып барышчу. Булар басканда жер бетинде эң тез учкан куштар да жете алчу эмес, тоого чыкса, жеңил бут кабаргалар* […]

Карышкыр

Бурят жомогу Карышкыр дарыя боюна келип, баткакка тыгылган кулунду көрдү. Шилекейин чууртуп даяр оокатты жегиси келди. Кулун жалбарды: — Сен адегенде мени тартып чыгар, анан деле жегенге үлгүрөсүң. Бөрү айтканга көндү. Кулунду тыгылган жерден тартып чыкты. Анан аны жемекчи болду эле кулун минте салды: — Коё тур, кашабаң, анан дале сен жейсиң да. Мен адегенде курганайын, жуунуп-тазаланайын. Болбосо ушул баткак менен кантип даап оозуңа саласың. Кулун курганды, жүнү жылтырап тазаланды. Карышкыр тишин кайрап, ичин жара тартууга камынды. — Коё тур, […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Бар болгула, чабалекейлер…

ЗАМАНДАШТЫН БЕЙНЕСИ (Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракесин куттуктап) Айылда төрөлүп чоӊойдум, бой таркандан баштап борбор шаарга келгениме кырк жылдан ашса да шаардык жашоонун ыӊгай-шартын кабыл ала албай, баари бир токойду эӊсеген карышкырдай болуп айылымдын ак таӊдары көздөн учуп, ушул күнгө чейин ошол жакка баргым келе берет. Айылдаштарымдын мүнөзү, жашоо эрежелери, кылык жоруктары эси-көөнүмдөн чыкпай, мен аларды бүгүн чыгармаларымдын каармандарына айлантып алгам. Белгилүү жазуучу, публицист Абдыкерим Муратовдун каармандары да дээрлик айылдыктар. Ошон үчүн бул жазуучунун чыгармалары менин жүрөгүмө жакын. Анын айыл […]

Ак-чечек – Ак гүл

Алтай жомогу Алыс-алыста, тогуз суунун куймасында, тогуз тоонун ашташында бир алп кедр ай-ааламдын баарын ээлеп өсүп турган. Анын шуудураган жибек жалбырактарынын астында аркайган бутактарын тирек кылып узак-узак жылдар бою жалгыз алачык тигилип турган. Алачыкта карылыктан сөөктөрү куурайдай куу, өңүнүн оту такыр өчкөн бир абышка жашачу экен. Карыянан биринен бири сулуу үч небереси бар эле. Бир жолу ошол абышка отунга келди. Токойлуу тоону өрдөп чыгып, бир карагайга көзү кадалды. — Бул карагайдын тамыры чирип бүтүптүр. Балта менен бир урсаң жыгылат, — […]

Адеп аңгемелери: Тарыхка, мурастарга мамиле

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Абдыкерим МУРАТОВ Мурда өткөндөрдүн өмүр кечирмелерин, турмуш жолун, калтырган мурастарын үйрөнүү, ошолордон үлгү алуу, алардын насаттарын пайдалануу – кийинки муундар үчүн өтө зарыл нерсе. Алдыга кетип аткан жолуңда сөзсүз артка бир кылчайып карап алуу зарыл, ошондо түз же кыйшык кетип баратканыңды сезип-туясың. Мындан туура бир кылым мурда Осмонаалы Сыдык уулу жазган: «өткөн калктардын алын билет. Кайсы коом кайсы уруктан, эмне өнөрү бар, эмне кесип менен оокат, тиричилик кылгандарынан, кандай дөөлөт (мамлекет) кандай балакеттерге кириптер […]