Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Ай баткан кезде сезээрбиз

(Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналат) Мухити соолуп кыргыздын Муңканып турган чагыбыз. Муунтканы калган ажалдан, Мунаса кылып алганга, Мурдараак жетип барганга, Муунабай койду алыбыз. Келбеси кетип кыргыздын, Кетилип турган чагыбыз. Кешигиң каткан ажалдан, «Келе!» – деп сууруп алганга, Кечикпей жетип барганга, Келалбай койду алыбыз. Желеги түшүп кыргыздын, Жер муштап турган чагыбыз. Жеткирбей жексур ажалга, Жергелүү кыргыз жерине, Жетелеп алып кеткенге, Жеталбай койду алыбыз. Кош эми, Чыке, жалганда, Өлүмгө айла жок экен. Өчүрөр кези келгенде, Өөдө-ылдый өкчөй бербестен Өзөккө тийчү ок экен. […]