Ингуш эл жомогу: Байбиче менен токол

Бирөөнүн эки катыны болуптур дейт: бири картаң, бири жаш экен. Картаңы, өз күйөөсү салабаттуу картайып, өзүнө ылайыктуу болушун каалайт. А жаш токолу тескерисинче, күйөөсү өзүнө ылайыктуу – зыңкыйып жаш көрүнгөнүн каалайт. Байбичеси оңу келип калган учурда күйөөсүнүн буурул аралаган чачтарынын карасын түбүнөн жулса, жаш токол да андан калбай: буурул чачтын арасынан агала көрүнгөндөрүн түбүнөн жулганын койбойт. Мунун акыр аягы эмнеге алып келмек эле – ортодогу жалгыз эр тасырайган таз болуп тыныптыр… Ата-бала Карыя жана уулу, небереси болуп чөп чабууга жөнөшөт. […]

Дилазык: Дүйнө таануу

ИКАЯ Бир окумуштуу адам дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди чечүү менен алектенип, керээлдин кечке иш бөлмөсүндө заманбап, цивилизациялык жоопторду табуу менен баш катырып, убакыт өткөрөт. Күндөрдүн биринде жети жаштагы баласы атасынын кичине ойноп коюусун өтүнүп, иш бөлмөсүнө кирди. Глобалдуу маселелер менен баш катырып отурганда баласынан эптеп кутулуштун амалын кылып, ары жакта турган журналдан дүйнө жүзүнүн картасы түшүрүлгөн бир бетин айырып, бөлүкчөгө бөлүп-бөлүп: — Ме, балам, — деди, — сен кураштырган оюндарды жакшы көрөсүң го, бул жерде – тоо-таш, деңиз, […]

Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Көч

АҢГЕМЕ (Атам Абылкасымдын  арбагына багыштадым) Жайдын толуп турган кези. Эл  жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Кечигип болсо да көргөн төрт– беш жашар уулун жасалгаланган тайга мингизип, өзү алчактаган ат менен коштоп жетелеп алган. Кырк жаштарга таяп калган мезгили. – Ата– оов! – Оов! – Тээтиги мине? – О тилиңен атаң айлансын, ал – жору, уулум! – Ата– оов! – Оов, садагам! – Тээтиги мине? – О айланайын, булбулум менин, ал– жору, алтыным! – Ата– оов! – Я– оо, берекем менин! […]

Али САФИ: Устаттар, шейхтер, аалымдар, соттор жана уламалар жөнүндө икаялар

Бир жолу өкүмдарга балак алуу үчүн атасы менен баласын алып келишет. Адегенде атасын чечинтип жаткырып, жүз балак алат. Атасы үн чыгарбай, онтоп да койбой чыдап туруп берет. Анан баласын жаткырып балак ала башташат. Таяк баласынын денесине тийип-тие электе, атасы бакырып ыйлайт. — Жүз балакты унчукпай эле көтөрдүң, эмне үчүн уулуңа тийген бир таяк үчүн ушунча бакырып жатасың?– деп сурашат. — Тиги таяк менин денеме тийген, ошон үчүн чыдагам, бул таяк менин жүрөгүмө тийип жатпайбы, мен муну көтөрө албаймын, – деп […]

Дилазык: Аталар эмне тууралуу унутат

ПРИТЧА Уулум, мени ук, мен сени менен сен уктап калганда сүйлөшөм. Сен кичинекей колдоруңду жазданып, чекеңден тер жалтырап, чачтарың нымдалышып уктап жатканда бөлмөңө акырын баш бактым. Азыр эле бир нече мүнөт мурун китепканада кагаздарды окуп отуруп, капысынан өкүнүч пайда болду. Азыр жаныңда отуруп сенин алдыңда өзүмдүн күнөөмдү сезип жатам. Уулум, бугүн сага ачууланганым тууралуу ойлонуп жатам. Мектепке жөнөр алдында бет жуубастан жөн гана сүлгүгө аарчынып жатканың үчүн катуу уруштум. Бут кийимиңди тазалабай койгонуң үчүн сөгүп да салдым. Полго бир нерсени […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Атамдын махабаты

ЭТЮД 1993-жылдын октябрь айы. Самарбек атам экөөбүз колхоздун койун кайтарганга тийген, Мырза тору деген атка учкашып “Асан сарайга” жөнөдүк. Үйдөн экөөбүз тең капа болуп ээрчишип чыкканбыз. Жолдон энем жөнүндө талкуу башталды. Атам мени өз теңтушундай көрүп сырын ачты. Энемди кантип сүйгөнүн, кандай ала качып алганын. Анан турмуш өз энчисин бөлүп берип 4 эркек, 4 кыз бергенин. Машинага тебеленген наристесин, эсинен танып кала турган тубаса оорулуу иним Жанарды айтып каңырыгы түтөп баратты. “Астра” деген аты гүл болгону менен жыты сасык тамекисин […]

Лао МА: Үй күчүк

Кытай адабиятынан Орусчадан которгон Назгүл ОСМОНОВА АҢГЕМЕ Ду мырза кайтыш болду. Мен бул жаңылыкты гезиттен окудум. Андан өлгөн кишинин сөөгү эбак жерге берилгенин да билдим. Топурак салууга катыша албаганым аянычтуу болду. Ду мырза менен коштошуу аземине анын илимий чөйрөдөгү көптөгөн достору барышыптыр. Алардан сырткары дагы бир маанилүү конок болуптур, ал маркумга гүлчамбар көтөрүп келген мамлекеттин жогорку бийлигинин өкүлү экен. Мен алапайымды таппай турдум. Ду мырза менин окутуучум болгон. Мен болгону анын миңдеген окуучуларынын бири болгон күндө да мен анын тажиясына […]

Алтан-Шагай-мэргэн жана анын уулу киши жегичтерди кантип жеңгендиги тууралуу

Бурят жомогу Илгери өткөн замандардын биринде сары талаанын ортосунда, Сары деңизге жакын аймактардын биринде, үч тоонун этегинде аска сымал күмүш сарай болуп, анын капкалары да күмүш, сепил-чеби да, курчаган курчоолору да бүт баары күмүштөн экен. Хан сарайдын түндүк жагында жүз миң ар кыл мал жайылып, түштүк жагында түмөн үйүр түрдүү жандык, дүбүртү айга угулар арбын жылкы оттоп жүрчү. Бул сансыз малдын ээси жаш жигит Алтан-Шагай-мэргэн болуптур. Анын жанагынча байлыгы менен бирге эле куйрук-жалы жанып турган, канаттуу дулдул аты бар экен. […]

Ата, бала жана эски кумура

Ооган жомогу Өспүрүм бала бир күнү ичинде суу куюлган кумураны шыкаалап, өз сөлөкөтүн көрөт. Тилин чыгарса, тили да көрүнөт кумура ичинен. Башын чайкаса, тиги да башын чайкайт. Бала коркконунан атасына тызылдап жетип, көргөн шумдугун айтып берет. Атасы уулун ишенип-ишенбей аңырайып тиктейт. – Жүрүчү, көрөлү. – Уулун жетелеп барып кумуранын ичине үңүлөт. Кумура ичиндеги сакалчан кишини көрөрү менен аңырайып таңгалат! Мына анан, кумураны алат да, өйдө көтөрүп туруп жерге чаап салат. Кумура быркырап талкалангандан кийин атасы айтат дейт: – И-и, сооп […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Бакалуу саз, таш үстүндөгү куш

«Жан-жаныбарлар жашаш үчүн тамак жешеби же тамак жеш үчүн жашашабы?»  Философдордун суроосу АҢГЕМЕ Кыш аяктады. Жерге күндүн жылуу нуру жетип, тоң эриди. Бак-дарактардын бүчүрлөрү торсоюп, күн бузулбай турса бир жуманын аркы-берки жагында жалбырак ачып, анан гүлдѳп калат. Эски үйлөрдүн астанасындагы тирөөчтөрү, эшик-терезелери, жыгач устундары тике тийген күн нуруна ысып, бетиңди тийгизсең жыпжылуу болуп, бир жакшы маанай жаратат. Аңыздарда кылайган кар калбай, жер тоборсуп, буу көтөрүлүп, адыр-кырлардагы куураган эски чөп-чардын арасынан көк башын кылтыйтып, жаратылыш кайра жаӊырып атканын айгинелейт. Тоого уланган […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Жомок

АҢГЕМЕ «Көк көйнөк кийип булактап, Көчөгө чыксам кылактап. Көчөнү кең салдырган, Ысталинге ыракмат». (Эл оозунан) Атам сексен эки жашында дүйнө салып, жерге жаңы эле берип келгенбиз. Тажияга келген элдин аягы үзүлө элек болчу. Мен боз үйдүн жанында тургам. Кайдан-жайдан келгенин билбейм, бир кезде эле Калыйча апа жаныма пайда боло калды да: – Жүрүчү… – деди жеңден тарта. Мен ээрчий бастым. Элден бир аз четтегенден кийин: – А айланайын Шекебайым (атамды айтып жатканы), – деди үнү каргылдана, – Шекебайымдай эстүү жан […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Таяк жөнүндө жомок

Илгери бир акылман карыя жашаган экен. Анын жалгыз уулу болуптур. Бала чоңойгондо акылы тайкы, оюнкараак чыгат. Ата-энесине кол кабыш кылбайт. Буга атасы капа болуп жүрөт. Кыш түшүп, бир күнү кар жаайт. Атасы уулунан короодогу карды күрөп коюшун өтүнөт. Баласы жалкоолонуп: — Башым ооруп атат, — деп жатып алат. Атасы короодогу карды күрөп атып, тайгаланып жыгылып бутун кокустатып алат. — Эгер уулум тоодон таяк кесип келип берсе, бат эле оңолот элем, — дейт атасы уулун сынамакка. Уулу: — Мен азыр эле […]

Адеп аңгемелери: балага мамиле

 Абдыкерим МУРАТОВ  «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Балалуу болгон киши аны адам кылып жетилтүүгө милдеткер, мейли дене жактан болсун, мейли акыл-эс жактан болсун, мейли адеп, билим берүү жагынан болсун, бул эң башкы парыздардын бири. Эки жашка чейин баланы эне сүтүнөн өксүтпөө керек. Эгер эне оорулуу болуп же сүтү чыкпаса, атасы ага башка бир сүт чыгарып эмизип берер аялды таап келет. Ал аялдын баласы менен өз баласы «эмчектеш» болот, алар бир туугандардай болгон. Ал эми баласын энеси ар кандай себептер […]

Адеп аңгемелери: атага мамиле

Абдыкерим МУРАТОВ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Ата деген – башталыш. Деңиз суусу дарыядан, дарыя булактан башталгандай сен атадан башталгансың. Сен – атаңдын уландысысың. Сени жаратуучу – атаң. Атаң болбосо сен болмок эмессиң, демек, сенин мал-мүлкүң, үй-бүлөң, тапкан-тышыганың да атаңдан башталат. Мухаммед пайгамбар алейхис-с-салам айтат: «Өзүң да, малың да түпкүлүгү атаңдыкыдыр», — деп. Ислам дининде атанын баркы, кадыры өтө жогору коюлат, атага акаарат келтирүү Аллага акаарат келтирүү сыңары каралат. Кайсыл бир мезгилде, кайсыл бир жерде атасы баласына ыраазы болбойт […]