Назгүл НИШАНБАЕВА: Мигранттын муңун угабы Мекен?!

* * *. Башка өлкөнүн жүрөгүнө башым жөлөп, Башка өлкөдөн издедимби арга жөлөк. Туулган жерим санаадан чыкпай такыр, Тагдырга жазылганбы жашоо бөлөк… * * * Сары күзүн тосо албай койнун жыттап, Жашыл жайда барбадым, турмуш тушап. Сагынычым, саргайтты өзөк  өрттөп, Ата-журттан  жүргөнгө алыс жашап… * * *. Абаңды атыр жыттуу – мээ сергиткен Сагындым, моокум кана жыттаар бекем. Жазданып көйкөлгөн көк шибериңди Жамынып асманыңды уктаар бекем * * * Алоолоп, каным менен жүрүп турган, Ал берип жүрөгүмдүн отун жагар… Аманат […]

Самара НАСЫРОВА: Түштүк жергесинин көктөмү жана көркөмү

Мына ушинтип насип буйруп отуз жетинчи жазымдын биринчи күнүн тосуп отурам. Биринчи март, биринчи көктөм, жаздын алгачкы күнү… «Туулган жердин топурагы алтын» демекчи, кай жерде кандай күндө жүрсөм да, берекелүү Түштүгүм ар дайым көңүлүмдө. Айрыкча, Россиянын узакка созулган кышы каардуу. Он эки миллионго чукул калкы бар ызы-чуусу аралаш жашоосу, анан дагы ара күндө жааган жааны жадатканда, Түштүктүн мээ кайнаткан ысык аптабы, март айы баш баккандан баштап, «жер айрылып көк чыккан, желин айрылып сүт чыккан» жаздын жыты мурдума уруп, ушул кездеги […]

Данияр ИСАНОВ: Изденүү

ЭССЕ Агезде мен Күн менен кошо туруп, Күн менен кошо жатчумун… Күндүн мурду көрүнөр замат, өзүмдү аманат катары табыштап жатып: – Оо, Улуу Күн! Бүгүнкү күнүм кандай өтөт, өзүңө гана маалым. А мен болсо, ишке жөнөдүм. Кечке чейин мени эсен-соо сактап, Түнгө тапшыр. А Түн экөөбүз эзелтен сырдашпыз. Мени кечиргей экенсиң. Оокат деп жүрүп, сени менен сырдашканга эч убакыт табылбайт. Аман болсок, далай ирет сырдашарбыз!? – деп өзүмдү түндө жаткан деңиз жээгине калтырып коюп, жумушка ашыгам… * * * Анан […]

Данияр ИСАНОВ: Ата журт

ЭССЕ Ата Журт деген сөздүн өзүн эстегенде, эчаккы өткөн бир учур эске түшөт. Ошол жылдары тагдыр мени Жер Ортолук деңиздин жээгине чейин сүрүп барып таштаган эле… Ал учурда тамырымды тартып, сырымды сураган жалгыз гана “күрп-шарп” эткен деңиздин толкуну болчу. Толкунга гана айтчумун сырымды. Ал менин ырымды угуп, ыйымды түшүнчү. * * * Көкүрөккө толгон бугумду деңизге төкчүмүн. Ата-бабам көрбөгөн алыскы жерде жүрүп, кайсы бир күнү онтобой туруп катуу жыгылганым эсимде. Таңды-кеч төшөк тартып жатып жаман ойлор жабышканда, Кудайдан тилегеним бир […]

Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Ата Журт коркунучта!

Түптү түргөн Учту кармайт. Кыргыз накылы «…практический дух еврейства стал практическим духом христианских народов. Евреи настолько эмансипировали себя, насколько христиане стали евреями».  К.Маркс  «Бир «один хороший, умный и хитрый еврейдин» колу менен бүтүндөй бир мамлекетти кандайча ичтен иритип, багытын буруп кетишкени тууралуу ажайып тамсилди кыргыз тарыхчылары илгери-кийин (дагы кечигип!) иликтей жатышаар… «Теңирчиликтен»