Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Кыргыз жазы

Жаз тууралуу ырларды сунуш кылар алдында окуучулук күндөрдөгү бир учур эске түштү. 7-класстын «Русская литература» китебинде «А.Саврасов. «Грачи прилетели» («Чар каргалар учуп келишти») деген сүрөт бар эле. Орус тил эжебиз ошол сүрөт тууралуу көп жакшы нерселерди айтып бере берчү. Ошондон уламбы, билбейм, менде орустарга жазды каргалар апкелет турбайбы деген түшүнүк пайда болгон. – Эмне үчүн ошондой чар каргалар бизде жок? – деп сурагам. Эжейимдин буга эмне деп жооп бергени бүгүн эсимде жок. Бирок биздин каргалар учса эле күн бүркөктө учарын, […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Кыргыз кышы

Мен Советтик Армиядагы эки жылымда Подмосковьедеги орус асманынын үтүрөйгөн кебетесине такыр эле ичим чыкпай жүрүп келгем. Качан көрсөң эле бүт дүйнөнүн кайгы-муңун жалгыз өзүнүн кабагына түйүп алгансыган биздин Апас Жумагуловдун кабагына окшоп салаңдап, үтүрөйүп, алтургай булутсуз ачык күндөрү да Россиянын асманы биздикиндей болбой, «аза күтүп», «көңүлү чөгүп» турар эле. * * * Бирок кышы укмуш болчу! Жумалап сыртка чыкпай, кысталса чакасына ушатып коюп, бошогон шишеси менен сасыган балыгынын жонтерисинин кылканын айнегинен ыргыта берип, терезенин тегерегинен да, теребелинен да иттин өлүгүнөн […]

Султан ЖУМАГУЛОВ: Асмандан акча жааган күнү

(Кыргызча терим-жыйым бормуласы) Таң атпайчы, бүт Кыргызстан боюнча күпүлдөтө акча жаап таштаптыр. Элден мурда ким көргөнүн бир кудай билет, иши кылса, уйкусу түгөнгөн чал-кемпирлер үйдөгүлөрдүн баарын бачым ордунан коптуруп, мурду менен тынып, буту менен баскандар жамырай ачкарын акча терүүгө чыгышты. Жумушка баскан бир жан жок дегин, эңкейип-тоңкоюп каптарына акча шилегенле киши. Койчулар коюна карабай, жылкычылар жылкысын түгөл агытып таштап, тоо-ташты тегиз баскан кызгылт, жашыл, көк акчаларды четинен оюп баратат дейт. Арыда койлор кошулуп, үйүр бээлердин айгырлары байтал талашып тиштешүүдө. «Мал […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Абама кат

Ырас, агасына акыл айтуу салтта жок болсо да, улуулук баа­баркын, нарк­насилин сактабаган, айрым көңүл иренжитерлик жоруктары мени абама кат жазууга аргасыз кылып туру. Анын үстүнө, бул көптөгөн кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш. — Аба, сага коё турган биринчи дооматым — ичи тардыгың. Өзүңдүн акылың толуп, жашың өйдөлөп калганын эске алсаң обол ичи тардыгыңды ташта. Бирөөнүн жеке ийгилигин кой, эл үчүн жасаган эмгегин да көргүң келбей турганын көп байкадым. «Ал муну бекер жасаган жок» деп, арт жагынан криминал издеп турасың.  Бардык жакшы жактарыңды […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Ажайып Күндүн алдында»

ЭССЕ Башы мында 1-БӨЛҮМ «Тоо-талаадай, сан миң элдүү калаадай, Бул дүйнөнүн ичиндеги дүйнөмсүң». Омор СУЛТАНОВ 2-БӨЛҮМ * * * Жамгырлуу жаз, жай, күз же кары бурганактаган ызгаарлуу кыш түнүндө, балдар айтмакчы, ошол Турдубек жинди: «Касый байке!» — деп эшик какса, байкем илгиртпей туруп, оозгу үйгө кийирип, курсагын тойгузуп, алдына көрпө төшөк сала, ичигин жапчу. Кайдан-жайдан келгенин ит билиппи, айылыбызда ар кимдин тамын салып жүргөн, арак ичип алганда темтеңдеп же бир жерге жыгылып калбай, өз алдынча сүйлөгөн кейбирге айланган Сейдаба шыбакчы да […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Ажайып Күндүн алдында» (1-бөлүк)

ЭССЕ  «Тоо-талаадай, сан миң элдүү калаадай, Бул дүйнөнүн ичиндеги дүйнөмсүң». Омор СУЛТАНОВ 1-БӨЛҮК Теги француз, кийин жапан адабиятында жаркыган ушул «Эссе»  жанры жагат мага. Түбү бирге элбиз, кыргызча «Эсте, эскер, эсиңе сал» дегендей маанидеги сөз го сыягы. Төлөмүшов Мырзаян байке орус жазуучусу Валентин Распутиндин «Живи и помни» деген белгилүү повестин, «Эсен болуп, эстей жүр» деп, сонун которгон да. Мен да атакемди эстеп жүрөм. Кыргыз илгери чоң атасын «ата» дечүдөй, мен да кайран Керим чалды «ата» деп, өз атам Касыйды «байке» […]