Жөлөнгөн балдагың менен тап бербе

♦ ♦ ♦ Гилберт ЧЕСТЕРТОН (1874-1036), англис жазуучусу   Ар бир саясатчынын кабат-кабат убадасы бүтпөйт. * * * Ар ким абдан так, калыс маалымат алгысы келет, бирок өзүнүн гана көзкарашына туура келчүсүн. * * * Ичимдикти башка убакта ич, кайгы басып турганда оозго алба. ♦ ♦ ♦ Малькольм де ШАЗАЛЬ (1902-1981), француз жазуучусу   Эшек өзүнүн эшек тукумунан экенин далилдеш үчүн айкырат, акмактар да ошол. * * * Бирөөнү ишендирем десең, кулагына шыбыра. Адамдар шыбыр кепке катуу ишенет. ♦ ♦ ♦ Мечислав […]

Веслав БРУДЗИНЬСКИЙ: Коркок коён күлкүлүү, баатырсынганы андан бетер

Пьер ДАНИНОС (1913), француз жазуучусу  Жашоодо бири ашкере узун, бири ашкере чолок сүйлөйт. Ток этер сөз драматургдарга гана дайын. * * * Түшүнбөйм, адамдар театрга жөтөлүш үчүн барабы же кээси театрга барганы үчүн жөтөлөбү? * * * Ишиң жүрүшүп, итиң чөп жеп калганын өзүң байкабашың мүмкүн, муну салыкчылар биринчи байкайт.   Веслав БРУДЗИНЬСКИЙ (1920-?), поляк сатириги Эң кооптуусу – өз көлөкөң. Себеби ал эч качан кайда кыйшаярын билбейт. * * * Туугандары жакыр үйбүлөнүн башынан азап кетпейт. * * * […]

Атак-даңктуулардан дипломат чыкпайт, себеби оозуна келгенди оттоп салышат

Люк де Клапье ВОВЕНАРГ (1715-1747), француз жазуучусу  Эмгектен эмес, бекерпоздуктан көбүрөк чарчайсың. * * * Мээнетиңдин жемишин көргөндөн өткөн ыракат барбы? * * * Адамдардын керексиз нерселер менен алпурушканын койдуруш кыйын. * * * Кээде тубаса чечендин да улуу чындыктын түйүнүн чечмелеп берген кебине көпчүлүктүн акылы жетпейт. * * * Макоонун белгиси – эстутумунда ой, далилдер толтура, бирок ошолордон өз алдынча жыйынтык чыгарганга жөндөмсүз, кептин баары ушунда. * * * Жүрөк туйганга – акыл караандабайт. * * * Улуу дөө-шаалар […]

Михаил ЖВАНЕЦКИЙ: Диетага отурарың менен жаныңда сөзсүз бирөө көзүңдү күйгүзүп тамактана баштайт

Сексендин кырына келген Жванецкий кыска жана нуска ойдун залкары, анын учкул ойлорунан ар бирибиз өзүбүздү көрөбүз. Каалабасак да… * * * Эч качан душмандардын аңкоолугу менен достордун берилгендигин ашыра баалабагыла. * * * Эгерде сага “сиз көп кырдуу адамсыз”, — дешсе, азгырылба. Балким, ал адам бул сайткандарында акмак, мите, жексур жана кара мүртөз дегенди кошуп аткан болбосун. * * * Ийгилик чечкиндүүлөргө жылмаят… Андан соң алардын үстүнөн көпкө күлөт! * * * Ойлонуу ушунчалык кыйын, андыктан көпчүлүк адамдар баа гана […]

Душманыңдын ачуу кеби – кемчилигиңди түзөйт

Аврелий АВГУСТИН (354-430), христиан теологу Чоңдор өз тамашасын иш деп ойлойт, а балдардын тамаша курганын иш деп санашпайт. Аларды тилдеп, жазалашат. Ортодо чоңдорду да, балдарды да аяган эчким жок. * * * Эмнеге жакшы көргөн буюмубузду дайыма колдонуп жүргөндө эмес, аны жоготуп ийип, кайра таап алганда чындап сүйүнөбүз? * * * Адам чыныгы жокчулукту, ачарчылыкты көрмөйүн жеген аш, ичкен суусуна топук кылганды үйрөнбөйт. * * * Сени досторуң, кошоматчыларың бузат. А душманыңдын ачуу кеби – кемчилигиңди түзөйт. * * * […]

Өзүн эркин сезген улут гана улуттук кулк-мүнөзүн сактайт

Жермена де СТАЛЬ (1766-1817), француз жазуучусу Бирөө менен аңгемелешкениң деле өз кезегиң келгенде жүрүш жасаган оюндай уланыш керек. * * * Сезимсиз адамдарга зыкым болуш оңой. * * * Гений – аял-эркекке бөлүнбөйт. * * * Бир да мыйзамды бузбай аңкоо көрүнгөндүн миң амалы табылат. * * * Сүйүү – аялдар үчүн өмүр баян, эркектер үчүн жашоонун бир үзүндүсү. * * * Биз эң жакын адамдарыбыздын биринен айрылган күнү гана биринчи жолу өлүм эмне экенине түшүнөбүз. * * * Кандай […]

Марк ТВЕН: Тамекини таштагандан жеңил нерсе жок, мен аны отуз жолу таштадым

Марк ТВЕН (1835-1910), америкалык жазуучу Көпөстөр өздөрүнөн башкага кам көрбөйт. Жардылар гана жардыны түшүнүп, биринен-бири жардамын аябайт. * * * Кудайга сыйынгандан көрө ашатып-ашатып сөгүп алсаң жеңилдей түшөсүң. * * * Жападан жалгыз бир христианин болсо, адамдар аны да жыгачка керип өлтүргөн. * * * Баардык саясый партиялар акыр аягы өздөрүнүн калпына өздөрү көмүлүп тынат. * * * Бир жыл мурда изги жан элем: нью-йорктуктардын ыйманы менен камыр-жумур аралашкандан баштап миллионерлерден өткөн уят-сыйытсыз адамга айландым. * * * Келгиле, ынтымакта […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Чарчоо керек, бөтөнчө сүйүктүү аялыңдын лаззатынан

Акыл тегерете алгандардын баары – атеисттер. * * * Байлар – кунарсыз журт… бардыгы окшош да. * * * Айрым адамдардын кемтиги күлүк аттын сымбатындай эле сыртынан даана көрүнүп турат. * * * Шайыр адамдар адатта курч келишет да, согушта биринчилерден курман болушат. * * * Жансыз жазгандардын айланасында кагазы көп. * * * Өткөн мезгилде мекен үчүн өлүүнүн таттылыгы жана кереметтиги туурасында көп жазышчу. Азыркы согуштун эч кандай таттысы да, керемети да жок. Ит сыңары эч себепсиз эле өлүп […]

Айрым аялзатынын жыпар жытынан башка эчнерсеси жок

Жюль РЕНАР (1864-1910), француз драматургу жана жазуучу Сынчы деген ким? Жагымсыз пикирин билдирген эле окурмандардын бири. * * * Сынчы – бул ботаник. А мен багбанмын. * * * Чыныгы акынга батирден батирге көчүп жашаган куп жарашат. * * * Акын болсоң бол, бирок төшөккө келгенде кыялыңдагы баардык аялзатын ойлобой, ак никелүү аялыңды ойло. * * * Талант – бир барактагыны кандай жакшы жазса, кийинкилерин да так ошондой жазат. * * * Көп окуган калемгер гана башкаларды туурабайт. * * […]

«Шүмшүктөрдүн жападан жалгыз сыйынары – патриотизм»

Генри Луис МЕНКЕН (1880-1956), америкалык журналист жана эссеист Падыша падыша болуп жаралбайт, эл аны падыша кылат. * * * Демократиялуу өлкөдө эң демократиялуу адам эмес, эң зөөкүр адам популядуу болот. * * * Сэмюэл Жонсондун «шүмшүктөрдүн жападан жалгыз сыйынары – патриотизм» дегени чын. Бирок бул да толук эмес чындык. А мен: «Патриотизм – шүмшүктөрдүн чоң уюгу» дээр элем. * * * Молдо менен попту бейишке барам дечүлөргө билет аперчү чайкоочу деп түшүнөм. Вернер МИЧ (1936), немис афористи Согушта жеңген тараптын […]

«Оорулуу падышадан көрө дени соо кайырчы бактылуу»

Артур ШОПЕНГАУЭР (1788-1860), немис философу Өкүнүчтүүсү – шүмшүктүн баары мамилеге шар болот. * * * Гезиттер – тарыхтын көз ирмемдеги жебеси. * * * Оорулуу падышадан көрө дени соо кайырчы бактылуу. * * * Үйлөнсөң – жеке укугуңдун жарымынан айрылып, милдетиң эки эсеге жогорулайт. * * * Баардык улут башка улуттарды келекелеген себеби, баарынын эле кемчилиги бирдей. * * * Улуттук сыймыктан өткөн куру сыймык жок. * * * Жалгыздыкты каалабаган адам, эркиндикти да каалабайт. * * * Бири-бири менен […]

Оскар УАЙЛЬД: Сүйүү жөнүндө акындар көп алжый берип, ишенимден чыкты

Оскар Уайльддын башка афоризмдери береги шилтемеде: АЙЫРМА Ишенимге дин кандай муктаж болсо, атеизм деле ошол. * * * Биздин доорду идея эмес, абройлуулар башкарып калды. * * * Коомубуздун кайсы катмары акча жөнүндө көп ойлонот? Байлар эмес, кедейлер. Кедейлер күнү да, түнү да акчаны ойлоп, ичкендери ирим. * * * Орусияда реформадан башканын баарын жасаса болот. * * * Дүйнөдө эң зор окуя эмне? Адам баласынын мээсиндеги өзгөрүү. * * * Ким бирөө ишеним үчүн жан кыйгандан эле чындык далилденбейт. […]

Конфуций: Жакшылык менен жамандык

* * * Эч түзөлбөй турган жападан жалгыз кемчилик – бул мурда кетирилген кемчилик. * * * Устатым агын сууну тиктеп айтты эди: «Күн менен түндүн баары так ушул аккан суу сыңары өтө берет». * * * Жакшы темирден мык жасалбагандай эле, жакшылар да солдаттык кызматтан алыс. * * * Уялбастан берилген убада ишенимсиз болот. * * * Өзүнө катуу, бирок өзгөлөргө ырайымдуулардын колунан жамандык келбейт. * * * Кайратман адам кыйынчылыкта өзүн-өзү чыйрайт, кайратсыз бечара ыйлайт. * * * […]

Чүмбөт оронмой – кылгылыкты кылып койгондордун бетпардасы

Дельфина де ЖИРАРДЕН (1804-1885), француз жазуучусу    Көзүбүзгө да, күлкүбүзгө да ишенчилик жок. Бизди эчкачан алдабаган бир гана нерсе – баалуулуктар. * * * Чүмбөт оронмой – кылгылыкты кылып койгондордун бетпардасы. * * * Аялдар падышачылык кылган менен башкаралбайт. * * * Аялдан эргүү ал, бирок кеңеш сураба. * * * Коммерция – башкалардын акчасын пайдалана билүү. * * * Адам баласын жек көргөн адамдын гана дидары таза. * * * Эчкимге жантартпай турсаң эле бирпаста каскүмөн адамга айланасың.   […]