Николай Гарин-Михайловский: Гений

АҢГЕМЕ I Шаарда жашаган, узун чачы арстандын жалындай түрмөктөшүп самсаалап, сакалы карылыктан пилдин сөөгүндөй саргайып кеткен, өлчөмсүз чоң, дардайган еврейди элдин баары билчү. Узун кемселчен, жамаачыланган туфли кийген бул адамды, башкалардан еврейлердикиндей ылдый карабай, чанагынан чыгып, кайдадыр өйдө жакты караган көздөрү айырмалап турчу. Жыл артынан жылдар жылды; муундар алмашты; таш жолдордо эл ташыган арабалар калдырап, көчөлөрдө эч качан бүтпөгөн иштерине дайыма шашып жүргөн адамдардын аягы үзүлбөй, тынымы жок балдардын күлкүлөрү тыйылбай ары-бери чуркап жүрүштү, — бир гана бардыгына кайдыгер картаң […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Чыңгыз-тоого чыйыр жол

Залкарлыкты таануу да ар качан майда кадамдардан башталат… Ар кандай залкар нерсенин залкарлыгы алыстан эле көзгө айбаттуу көрүнүп, сезилип турушу да, залкарлыгын тереңине катып, байкалбай турушу да мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да ал эмне болгон залкарлык экенин таанып билиш үчүн, анын «эмнелерден турарын» аныкташ үчүн жакын баруу керек, көз жеткен, кол жеткендерди «кармалап көрүү керек», канчалык залкар экенин чамалаш үчүн аны айлана басып көрүүгө кадам таштоо керек… А эгер ал залкарлык чыгармачылыкка байланыштуу болсо, «ой жеткен жерге кол жеткирип» […]

Пифагор

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы грек математиги Пифагор биздин заманга чейинки VI кылымда Грецияга караштуу Эгей деңизиндеги Самос аралында жашаган. Ошондуктан аны Пифагор Самосский деп аташат. Ал Самостук Пифагор дегенди түшүндүрөт. Пифагордун өмүр баяны менен илими жөнүндөгү жарыбаган аз маалыматтарда ал жарым кудай, жеткен акылман, бүткүл античный жана жакынкы чыгыш илимдеринин мураскери, укмуштарды жаратуучу катары сүрөттөлөт. Ал маалыматтарга караганда Пифагор кичинекей кезинде деңиз саякатчыларынан Египеттин жана Вавилондун укмуштай кооз өлкөлөрү жөнүндө көп угат. Ага аябай кызыгып, өспүрүм кезинде эле саякатка чыгат. […]

ЛОМОНОСОВ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Михаил Васильевич Ломоносов 1711-жылы 8-ноябрда Архангельск губерниясынын Денисовка кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Өтө эле кичинекей кезинде окуганды үйрөнгөн. Аны окутуш үчүн атасы уулу менен тоңдурулган балык ташыгандарга кошулуп 1730-жылы Москвага жөө келген. 1731-жылы славян-грек-латын академиясына кирген. Аны ал жерде өтө жөндөмдүү окуучу катары билишкен. Алты жылдан кийин Михаил тоо-кен ишин жана химияны үйрөнүү үчүн Германияга жиберилген. 1745-жылы ал химия боюнча биринчи орус академиги болгон. Илим жолунда тырышып эмгектенгендигинин натыйжасында Ломоносов ири илимпоздордун катарына кошулган. Ал эң эле […]

АРХИМЕД

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы грек илимпозу Архимед болжол менен биздин заманга чейинки 287-жылы Сицилия мамлекеттеринин эң ирисинин борбору Сиракуза шаарында туулган. Атасы Фидий математик жана астроном болгон. Архимедди мектепте окутууга ата-энесинин мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бирок атасынын жардамы менен ал өз алдынча окуган. Архимеддин туугандарынын бири Гиерон римдиктер менен болгон согушта өтө чоң эрдик көрсөткөндүгү үчүн урматталып, Сиракузага падыша болуп дайындалган. Гиерондун падыша болушу Архимед үчүн эң жакшы болгон. Анткени, анын Александрияга барып окушуна материалдык шарт түзүлгөн.

А Р И С Т О Т Е Л Ь

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП  Биздин заманга чейинки  384-322-жылдары жашаган. Аристотель илимдердин өнүгүшүнө көп салым кошкон инсан. Ал шамалдын жана деңиз агымынын пайда болуу себебин түшүндүргөн, адам менен маймылдын окшоштугун белгилеген, ооруларды дарылоонун жаңы жолдорун тапкан, аба ырайы жөнүндөгү илим болгон – метерологияга негиз салган.