Валентин РАСПУТИН: Аялдардын сүйлөшүүсү

«Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузда 1-байгеликти жеңген Жолдош Турдубаев кыргызчалаган чыгарма окурмандар назарында… АҢГЕМЕ Кыш ортологон ченде Вика алыскы айылдагы чоң энесиникине аргасыз келип калды. Он алты жашында боюнан алдыруу оңойбу. Кошулган шойкомдуу тобу жолдон чыгарган эле да. Мектепти таштап, үй бетин көрбөй безип жүргөн чарк айланып. Ата-энеси кокуйлап айлампадан сууруп алганча кыз кош бойлуу болуп калган экен. Ооруканадан кийин бир жума үйдө жаткырышты, анан атасы эски «Нивасын» жүргүзүп, каяша кылганга чамасы келе элек немени чоң энесиникине сүргүндөп салды, тарбия-таалим алсын деп. […]

Луиза Мэй ОЛКОТТ: Кичинекей айымдар

Америкалык жазуучу Луиза Мэй Олкотт (1832-1888) «Кичинекей айымдар» аттуу бул чакан романы менен 1868-жылы дүйнө адабиятына өз шооратын тааныткан. Белгилүү бул чыгарма Таалайбек Абдиев тарабынан түпнускадан которулуп, кыргыз окурмандарына алгач ирет жетип отурат… БИРИНЧИ БАП ПИЛИГРИМ ОЮНУ — Белек-бечкексиз кантип Рождество болсун,- деп күңкүлдөгөн Жо килемчеге кыйшая кетти. — Кедейлик курусун,- деп үшкүрдү Мег, эски көйнөгүн карап. — Кээ бир кыздардын кооз буюмдарынан башы айланат, башка кыздардын болсо эч нерсеси жок, ушул да адилеттүүлүкпү?- деп ыйламсырап таарына кетти кичинекей Эми. […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Чарчоо керек, бөтөнчө сүйүктүү аялыңдын лаззатынан

Акыл тегерете алгандардын баары – атеисттер. * * * Байлар – кунарсыз журт… бардыгы окшош да. * * * Айрым адамдардын кемтиги күлүк аттын сымбатындай эле сыртынан даана көрүнүп турат. * * * Шайыр адамдар адатта курч келишет да, согушта биринчилерден курман болушат. * * * Жансыз жазгандардын айланасында кагазы көп. * * * Өткөн мезгилде мекен үчүн өлүүнүн таттылыгы жана кереметтиги туурасында көп жазышчу. Азыркы согуштун эч кандай таттысы да, керемети да жок. Ит сыңары эч себепсиз эле өлүп […]

Айрым аялзатынын жыпар жытынан башка эчнерсеси жок

Жюль РЕНАР (1864-1910), француз драматургу жана жазуучу Сынчы деген ким? Жагымсыз пикирин билдирген эле окурмандардын бири. * * * Сынчы – бул ботаник. А мен багбанмын. * * * Чыныгы акынга батирден батирге көчүп жашаган куп жарашат. * * * Акын болсоң бол, бирок төшөккө келгенде кыялыңдагы баардык аялзатын ойлобой, ак никелүү аялыңды ойло. * * * Талант – бир барактагыны кандай жакшы жазса, кийинкилерин да так ошондой жазат. * * * Көп окуган калемгер гана башкаларды туурабайт. * * […]

«РухЭш» сайтынан куттуктоо: О Аялзат!

Сүйөм чексиз… бириңе да, миңиңе – сүйүүм шексиз! Сен болбосоң турмушка эркек эпсиз… Ошондо да курган биз: «Чачы узун болгон менен акылыңды чолок» деппиз. …Ким акылсыз, ким акылдуу – баш катат… Көп көрдүм мырзаларды келишкен, буттары түз сулуу көрсө артынан ээрчип жеткен. Аз көрдүм сулууларды келишкен, буттары түз мырзалардын артынан ээрчип кеткен… Олжобай ШАКИР 1998-2017-ж.ж.

Нагима СУБАНКУЛОВА: Учурда эмне себептен энелер арасында өлүм саны көп?

«РухЭш» сыйтынын «Сен кимсиң, Аялзат» сынагында биринчи орунду жеңип алган макаланы окурмандарга кайрадан сунуштайбыз… Баарына өмүр тартуулап, зор түйшүктү мойнуна алып чоң жоопкерчилик менен бала тарбиялап, улуулукту, сулуулукту даңазалаган, үйдүн куту, түндүктүн түркүгү аял заты. Учурда энелердин өлүмүнүн күн санап өсүп жатканы, өзгөчө Кыргызстанда мындай көрүнүш ондогон жылдардан бери алдынкы орунда экени өкүндүрөт. Энелердин өлүмү боюнча дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, Борбор Азия жана Чыгыш Европага салыштырмалуу Кыргызстанда көрсөткүч эң жогорку деңгээлде, Африка өлкөлөрүнөн кийинки орунда, башкача айтканда КМШда […]

Сынакка: Тарбия тамыры — аялзат

№9 Апам тууралуу «Ой эркетин алдынан кыя өтпө, үнүңдү өктөм чыгарып сүйлөбө, чачынды саксайтпай жыйна, атандын алдында акырын күл, кыз бала дене-бойду созуп, эркектин алдында керилбейт, ой ботом жылуу кийин эртең эне болосуң, таза , тыкан бол, сен бирөөнүн бүлөөсүсүң, ата-эненин абийрин кошо ала жүргөнүңдү унутпа». Эс тартканымдан бери апамдын айткан ушул сыяктуу сөздөрү күн сайын айтыла берип экинин жадыбалындай эстен чыккыс болуп калган. Демек, турмушта аялзатынын орду чоң экенин кичинемден элес сезип чоңойдум. Кыргыздын «Энесин көрүп кызын ал, эшигин […]

Сынакка: Аял – Аалам

№7 Аялдын үй бүлөдөгү орду эбегейсиз. Ал үйүндө үй кызматчы, тукум улоочу, психолог, артист, педагог, адвокат, кыскасы көп жактуу. Ошонун баарысы боло алганда гана үйдүн кутун кармайт.  Ушунча  “кызматты”  катарлаш аткарып жатып сулуу,  назик, сылык болууга тийиш. Ооба, аялдын үй бүлөдөгү милдеттерин тизмелеп саноо баарынан оңой иш. Аны аткаруу өмүргө тете нерсе. Ооба, аялдын милдеттери  ушундай болчу. Бирок соңку жылдардагы коомдогу  кымгуут турмуш аларды жайына койбоду. Этек-жеңинен сүйрөп эшикке чыгарды.  Кыскартуулар, жумушсуздук,  акчанын куну качканы — сырткы тон болгон күйөөлөрдүн […]

Сынакка: Үй-бүлөнүн кыздарга жакшы тарбия берүүсү, коомго жакшы аялзатынын келүүсү

№4 Адам космоско жетип, акылынын чеги аалам чапчып турган бүгүнкү күнгө чейин аялзатына болгон мамиле айрым элде дагы деле байыркы замандагыдай болуп келет. Мисалы, Африкадагы Чад деген мамлекетте, Сомалиде, Малиде, Борбордук Америкадагы Гватемалада, Афганстанда, Пакистан, Ирак, Индиянын айрым жерлеринде кыз-келиндер кордолуп, басмырланып, кемсинтилип, зордук-зомбулуктун бутасына айланган. Ал жерлерде кыз болуп төрөлүп калганы үчүн гана азап тартышат. Ошол кыз акыры анын энеси боло тургандыгы эч кимдин оюна да келбейт. Батыш өлкөлөрүндө аялдар эркектер менен тең укукта. Андай бакытка ошол өлкөлөрдүн кыз-келиндери […]

Сынакка: Аялзат ыракаттын, мээримдин, сүйүүнүн булагы

№3 Аялзаттын үй-бүлөдөгү орду кандай болууга тийиш жана бүгүнкү күндөгү социалдык турмуш жүгү эмне себептен аялзаттын мойнуна көбүрөөк жүктөлүп калууда? Биз бүгүн сөз кылып жаткан тема — бул бүгүнкү күндө коомдогу эң актуалдуу маселелердин бири. Аялдардын үй-бүлөдөгү орду өтө чоң мааниге ээ. Кыргыз элинде аялзаты ар дайым урматталып, үй-бүлөдө, коомдо татыктуу орунду ээлеп келген. Аларды эне-катары, жубай-катары сыйлап урматташкан. Ошондой эле биздин каада-салттарыбыз, эл макалдарыбыз, аялдардын жүрүм-түрүм эрежелерине өз убагында, салым кошуп турат. Башка элдерге караганда уят, намыс бизде жогору […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Бүбү Батманын көз жашы

же АЯЛБАЙ КАЛГАН АСЫЛЗАТ Эзелки мааниси боюнча аяр мамиле менен бапестелүүгө тийиш болгон аялзатын бүгүн кандай карап жатабыз? Эркектердин өзүмчүлдүгү, күйүмсүздүгү улут келечегине балта чаап жаткан жокпу? Эсиргени экиден, кутурганы төрттөн… Азыркы кезде үйдүн да, сырттын да түйшүгүн аркалаган жалгыз бой энелер көп. Акчаны мен ашыкча табам деп эрине үстөмдүк кылгандар бар, алты саны аман туруп бекерчиликке (аракечтикке да) берилген күйөөсүн багып, анын акмакчылыгына чыдаган аялдар да аз эмес. Аялдын эсебинен митедей жан баккандардын арасында ырыскыны кудай берет деп коюп […]

Сынакка: Аял бул – аалам

«Сен кимсиң, Аялзат?» сынагына №1 «Кудай эркекти жаратып бүткөн соң, андан да кыйын нерсени жарата алаарына көзү жетип АЯЛды жараткан». Адела Сент-Жон Сен кимсиң, аялзат? Мен бул суроого жооп издей баштаган убакыттан баштап, Жараткан адам баласын канчалык татаал, кызыктуу жана өзүнө окшош табышмактуу жаратканына дагы бир жолу таң калып, таң бердим. Бул таң калып, таң берүү өмүрүмдүн акырына чейин, Жаратканымдын алдына баргычакты мени менен калат болуш керек. Элүү эки жылдык өмүр жолумда, 10 жылдык психологдук иш тажрыйбамда кандай гана аял, […]

Сулуулук: ойношунун оозун ачырып, күйөөсүн кызганычтан чочулаткан зор күч

Амброз БИРС (1842-1914), америкалык жазуучу  Аялдын кучагына кабылсак да, аттиң, колуна түшүп калбасак кандай сонун болмок! * * * Аял менен түлкү канчалык алсыз болбосун, баарыбир артыкчылыктарын көрсөтөт. * * * Алдында шараптын бош бөтөлкөсү турган аял беделинен тез айрылат.

Сен кимсиң, аялзат?

АНОНС! Урматтуу журналисттер, публицисттер жана жалпы эле калемгерлер! «Коом жана Мен» сайты «Сен кимсиң, аялзат?» деген тема алдында мыкты публицистикалык чыгармалар жана журналистикалык иликтөөлөр боюнча конкурс жарыялайт. Үйбүлөнүн куту Аялзат, Эне, Жар деген эмне? Анын социалдык турмуштагы башкы ролу эмнеде? Эмнеге бүгүн турмуштун эң оор жүгүн Эне мойнуна артып таштадык?  Буга эмне себеп?.. Бул туурасында конкурстун жобосун жана жалпы байге фондун жакынкы күндөрдө жарыялайбыз. Аталган конкурстун жыйынтыгы 2017-жылдын 8-Март аялдардын Эларалык майрамы күнү чыгарылат. Чамдай бериңиздер! Конкурска жарыяланар эмгектериңиздерди камдай бериңиздер! Аялзатына жүрөгүңүздөрдү […]