Анвар АМАНГУЛОВ: Багыш

АҢГЕМЕ Аксаргыл түстөгү айбандын жат жана жагымсыз жыты «бур-р» этип мурунга урду. Алдар алынын жетишинче эки колдоп ага жармашты, бирок колго илинер эч нерсе болбогондуктан ал акырындап капталга жылмышып баратты. Багыш да бир жолу октос берди эле, Алдар араң кармалып калды. Күңүрт демиккендик кышылдоо менен коштолгону айбанаттын арбайган мүйүздүү чоң башы көрүнгөн тээ алды жактан угулду. Алдардын жаны оозуна келе түштү; таштай түйүлгөн булчуңдарынын диртилдегенин сезип, ал коркконунан аз жерден сийип коё жаздады. Багыш ар бир кадамы сайын аны экчеп, […]

Орхан КЕМАЛ: Эки жарым лира

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу Түрк адабиятынын роман жанрындагы атактуу өкүлдөрүнүн бири Орхан Кемал (өзүнүн чыныгы аты-жөнү Мехмет Рашит Өгүтчү болгон) 1914-жылы, 15-сентябрда Аданада жарык дүйнөгө келген. Романдан сырткары ыр, аңгеме, драма жазуу менен алектенген. 1938-жылы аскердик кызматын өтөө маалында Максим Горький менен Назым Хикметтин китептерин окуган үчүн чет элдин көз карашын түрк элине таңуулап жатат деген күнөө менен беш жылга эркинен ажыратылган. Абакта отурган маалында алгачкы “Дуварлар” (Дубалдар) аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1945-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоодо окурмандар тарабынан эң мыкты […]

Александр ПУШКИН: Бекетчи

Которгон Ташым БАЙЖИЕВ АҢГЕМЕ Коллежский регистратор, Почта станциясында диктатор. Князь Вяземский Бекетчилерди кимдер каргабаган, кимдер алар менен урушпаган, кыжыры кайнаган кезинде бекетчилердин кысталаңы, оройлугу жана адилетсиздиги жөнүндө өзүнүн пайдасыз даттоосун жазып калтырмака ким ал бекетчилердин кайрымсыз даттоо кинегесин талап кылбаган дейсиң? Кимдер гана аларды мурунку Россиянын ыраматылык майда төрөлөрүнөн же кадимки деңиздик каракчылардан кем калышпаган, адам баласынын осолдору деп санабай турган? Ошентсе да калыс бололук, алардын ал-жайына да көз салып көрөлүк, ошондо, балким, алар тууралуу бир канча ырайымдуулук менен ойлонорбуз. […]

Сайрагүл КАСЫМОВА: Чымындар

АҢГЕМЕ  Кейиштүү тагдыры кесирлүү мүнөзүнүн үзүрү эле… Аттиң, бири кем дүйнө. Кезинде жалганга жалгыз жаралгансып, анча-мынча нерселерди эликтей карап, көздөрү ботонукундай жайнап, музоо кирпиктери ирмелсе көргөндүн көңүлүнө бүлүк салып, далайларга күйдүм чокту ырдатпады беле? Эми минтип жалгыздыктын жан кейиткен зардабында жашап калды. Көздөрү тумандап, жаздыктан башын араң көтөрдү. Үч күн болду наар ала элек… Тааныштарына телефон чалып жардам суроодон намыстанды. Жайкы аптап терезени өчү бардай куйкалайт. Ал: «Жок дегенде форточканы ачып алсам болбойт беле, ушуга да шайым келбейби», — деп […]

Олжобай ШАКИР: «Кеп анда деле эмес»

АҢГЕМЕ Эки сөзүнүн бири ушул. Кебинин кызыгына кулак түрүп баштагандале, «кеп анда деле эмес» деп кайталай бермейи бар. «Кеп анда деле эмес» дегенге басым койгондо, кепти башка жакка бурабы десең, баягыле кептин уландысы. Бирок «кеп анда деле эмес» дегенин кабат-кабат айта бергенинен жадабайсың деле. Аңгемелешкенди билсең болду, кайта так ошентип айтып-айталекте кеби мурдагыдан кызыйт. Адамдар кеп угуп отургансыганы менен укпайт эмеспи. Муну Токон сүйлөп атып сезип турабы, башкалар кебимди кулагынын сыртынан кетирбесин дегениби, «кеп анда деле эмес» дегенди күчөтүп айтканында […]

Аким КОЖОЕВ: «Хоспистин тургундары»

АҢГЕМЕ Ал бул сөздү айтуудан мурда менин кагаздарыма көпкө чейин үңүлүп, кайта-кайта окуп чыгып, анан оор күрсүнүп бир топко чейин унчукпай калды. Кабагы чытыла түшкөндө иштин жаман экенин дароо түшүндүм. — Эми мындай байке… буга чейин көп дарыгерлерге кайрылыпсыз. Бирок бирөө да ачык айткан эмес окшойт. Муну жашырганда эмне, баары бир билесиз да… — Эмне, ра-к-пы?! Жашы бир кыйла кичүү дарыгер менин оорума өзү күнөөлүүдөй акырын башын ийкеди. Көптөн берки түкшүмөлүм туура чыкканда, денем «дүр-р» дей түштү да, ушул азыр […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Чочоккесер»

АҢГЕМЕ «Чачтарачкана» деген жазуусу өчөйүн деп калган, тактайларынын жарымы чирип, өзү бир жагына ооп турган, ичи эски-куску кайчы, устара, аларды курчута турган кайыштарга жана дагы ыбырсыган майда нерселерге толгон, анча-мынча атыр-упасы бар бул эски будкадан чыгып баратып анын эски ээси – ушул будкасындай бир топко барып калган сакалчан неме артына бир кылчайды да четтери карала-торала болуп кеткен күзгүнүн аркасына колун салып, ал жактан небак ачылып, жарымы түгөнгөн арагын алып чыкты.

Өмүрбек КАРАЕВ: «Эки тагдыр»

АҢГЕМЕ Жалаң чиновниктер өмүрүн өткөрчү беш кабат имарат. Бу жайга күндө эртең менен сыланып-сыйпанышкан аял-эркектер келишет. Маалы келгенде кайрадан үй-үйлөрүнө тарап кетишет. Беш кабат чоң имаратта ар биринин өзүнчө үстөлү бар, колдорунда калем сап, жайнаган кагаздар. Кагаздар ар тараптан агылып келет, отургандардын көбү линзадай болгон көз айнектерин тагынып алышып кызыктууларын окушуп, тажатма каттарды көңүлсүз четке таштап алектене беришет. Жооп жазышат. Көбүнчөсү карандай калп. Сүт эмизме сөздөр. Жалаң кагаздар менен жан баккан өмүрдүн эсеси канча, ага маани берген эч ким жок.