Анна ГАВАЛЬДА: Тозок бул – сүйгөн адамдарыңды экинчи кайра көрбөгөнүң, а калганы арзыбаган нерселер

Француз жазуучусу Анна Гавальда учурдун бирден бир сүймөнчүктүү жазуучулардын бири. Анна айым чыгармаларындагы каармандардына принципиялдуу түрдө жаркылдаган ачык айрым позитивдүү адамдардын мүнөзүн эмес, тескерисинче, жөнөкөй, капага тез алдырган, жашык, эрки бош адамдардын мүнөздөрүн берген. Албетте, бул сапаттар азыркы жашоодо дээрлик көпчүлүк адамдардын туткуну эмеспи. Бул жазуучу ал каармандарына үмүт учкунун себип, аларга кантип дем берүүнү да эсинен чыгарбай, күтүүсүз ачылууларды, колдоолорду да жазып келет. Төмөндө сиздерге Анна Гавальданын экметтерин сунуштайбыз. Жашоодо бүгүн жер менен жексен болуп, жалгыз гана өлүмдөн башканы […]

Бактыгүл ИМАНБЕК кызы: Ар бир баланын кыялында сыр бар

ЭССЕ Ааламдын биз билбеген сырлары да, кызыктары да көп… Кичине кезим. Окууга бара элекпи же башталгыч класс бекен? Бирок эсимде. Ток этер кебимдин алдын ала ошондогу эсимде калган бир окуяны баяндай кетчү жөнүм бар: жайдын саратаны. Күн ысык. Эки бет күнгө туурулган. Эриндер бышкан бадырактай жарылып, сербейген чачым майланышып, чыбаш жыттанып жүрөр элем. Мурунду шыр тарткан адатыман уялар кезең да келелек анда. Бир күнү эле турмушка чыкканына кыйла убакыт болуп калгансыган эжем там-туң баскан кызын жетелеп келип калды. «Төркүлөп». Ал […]

Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: Тириликти жылыткан эне жүрөк

* * * Эски сүйүүм, карабачы муңайым, Сен сүйлөчү жүрөк менен угайын. Жашоо үчүн жылмайганым болбосо, Билсең мен да тартып жүрөм убайым. Билбейм эми, от ырларды жазамбы… Турмуш чындап алды биртоп мазамды. Бирок билчи, сени ойлосом тазарам, Жакшы сүйүү жакшы сактайт адамды. Канча издедим мээримиңди бөлөктөн, Барар элем азабыңа жөнөтсөң. Калды жаштык, калды аттиң баардыгы, Арман болуп ак бетиңде мен өпкөн. Сүйүүм кошо сүрдөчү эле калдаңдап. Кайда эркем ошол сага жазган кат. Турна мойнуң тээ алыстан көрүнүп, Турар элең көңүлүмө […]

Биримдик

Тажик жомогу Илгери өткөн заманда бир киши жана анын үч баласы бар экен. Алар үй-бүлөсү менен бактылуу жана ынтымакта жашаптыр. Бир жолу Бакыт ал кишиге минтип айтыптыр: – Мен бүгүндөн баштап сенин үйүңдөн кетем! Эмне болгонун түшүнбөй, ал киши улуу баласын чакырып алып мындай дейт: – Бакыт биздин үйдөн кетем деп атат. Буга эмне дейсиң, эмне кылабыз? – Кетсе, кете берсин! Бизге Бакыттын кереги жок, биздин достугубуз кетпесе болду дейт, – улуу баласы. Атасы бул жөнүндө ортончу баласынан эмне кылабыз? […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Өзүмдү өзүм»

Шиңгил аңгемелер Айлыма бардым. Жүрөгүм элеп-желеп, өзүм өзүмө батпай, сагынып, кусаланып, балалыгымды издеп жүрдүм… Ар кимге жүгүрүп барам да, суроо узатам: — Мени тааныйсызбы? Атам жооп бербеди. — Мени тааныйсыңарбы? Инилерим унчукпайт.

Хун ЦЗЫЧЕН: «Бакытка куулук-шумдук менен жетпейсиң»

XVII кылымда жашап өткөн кытай жазуучусу жана даанышманы Биздин жашоо куурчактын ойнундай. Тек гана оюн чаташпас үчүн башкаларга карматпай, куурчакты ойноткон жипти өз колубуздан чыгарбашыбыз керек. Куурчакты ордунан качан козгоп, качан токтотушту өзүң сезип, өзүң чечкенде гана оюн чаташпайт. Дал ошондо сценаны тиктегендер сага арбалып турат. * * * Жакырчылыкты босогоңдон кууп чыгыштын кажети жок, тек гана жакырчылык жөнүндө камсанабай койсоң эле жүрөгүңдө ардайым чексиз бакыт, канагаттык пайда болот.

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ: «Бакыт… Бакыт…»

ПОЭЗИЯ  Адам менен бир төрөлүп, бир өлгөн, Бушайманга салып, коштоп келесиң. Чакырыкпы болгон-бүткөн жөрөлгөң, Көзгө сүртчү, кандай сенин элесиң? Канча пенде мен бакытка жетем деп, Булут минип, көк асманда чалкыды. Канча жандар жол таптады итеңдеп, Андан арбын көбүк болуп калкыды.

Байыркылардын акылдан тамган шооласы

Агер шалаакы болуп, жаманчылыкка өзүң илээшип жүрсөң, башыңдан бактысыздык кетпейт, бакытты сурай да албайсың. Тагдырды алпештөө мааниге ээ эмес, аны барк албай койгондон балээ болуп деле кетпейт. Мо-цзы Агер Асмандын каалаганын мен аткарсам, Асман дагы менин каалаганымды аткарат. А менин каалаганым – бакыт жана бакубаттык, жек көргөнүм – бактысыздык. Мо-цзы Бакытты кол булгап чакырып, жаныңа келтире албайсың. Мо-цзы

Молдоң дөдөй болсо, Кудайдан да шектенесиң

ВОЛЬТЕР (1694-1778), француз жазуучусу, философ    Эң башкы тилдердин кайсынысы болсун, алты эле жылда үйрөнсө болот. Өз эне тилиңди толук үйрөнүүгө бүт өмүрүң да жетпейт. * * * Эркектин миң акыл калчаганы, аялзаттын бир сезимине да татыбайт. * * * Бакытты издеген адам тамтаңдаган маска окшош: үйү бар экенин билет. Таппайт. Издей берет, издей берет. * * * Атеизм – айрым акылдуулардын кемчилиги, акылсыздардын кемчилиги – ырымчылдык. * * *

Көздөрүң тоңуп калыптыр

Эссе Капыстан алдымдан чыга калдың.  Тээ студент кездегидей болуп. Ошондо да капыстан алдымдан чыга калгансың, тагдырдын белегиндей. Тагдыр мага  бал сунду деп кубанып ичип алып, уу жутканымды кеч билдим. Кеч билдим дагы азабын өмүр бою тартып келатам. Оо анда сен укмуш жигит болчусуң. Каш кирпигиң төгүлгөн, карагаттай жайнаган, кең далылуу деги койчу сөз жок эле. Кыздар жанталашып сени сүйүп  артыңдан ээрчип алышчу. Кызганып кетчүмүн бул жакта туруп эле. “Сен кызганба да,  кыздар мени сүйсө, мен сени сүйөм!” — ушул эки […]

Бакыт жана шор

Хун ЦЗЫЧЕН   XVII кылымда жашап өткөн кытай жазуучусу Адамдар бийик даража, атак-даңкка жетүүнү кубаныч деп ойлошот. А атак-даңк, бийик даражасыз жашоо чыныгы кубаныч экенин билишпейт. Анан да адам бечараң жашоонун ач-жылаңач, суук күнүн баштан кечирүүнү азап деп ойлойт. Чын-чынында үшүп-тоңуп, ач-жылаңач күндү баштан кечиргенден өткөн анык азапты атактуулар менен мансаптуулар тартаарын түшүнүшпөйт. *  * * Төрөт алдындагы эненин оюнан коркунуч кетпейт, капчыгы калың адамдын оюнан ууру кетпейт. Кайгы-касирет баштан өтмөйүн – кубанычты билбейсиң. Жокчулук – шүгүрчүлүккө, оору – денсоолукка […]

Жаш акындын жаңы ыры

  Нарсулуу ГУРГУБАЕВА * * * Жалын сүйүү, жарым бакыт апкелген Деңиз дүйнөм, эгиз дүйнөм, сөз дүйнөм… Жашап жүргөм мен дүйнөгө баш бербей, Дүйнөнү да шул жашоого көндүргөм. Бийиктерден бийиктерге ээрчиткен Жалган дүйнөм, жанган дүйнөм, Күн дүйнөм… Сүйүү менен ай тутулган, Жер бүткөн Билем, эми жаркып жашап үлгүрбөйм.