Турсунбек Акундун сакалынан эмес, сакасынан айрылган кези

1968-1969-окуу жылында бизге Мурадилов Бекелең деген жаш мугалим агай келип окутуп калды.   Негизи, ал агайдын чыныгы аты Турсунаалы.   Ал агай адамдарга жылдыздуу,  татынакай жана жарашыктуу кийинген жап-жаш жигит.  Ошол кезде окуусун бүтүп бизге жаңы эле келсе керек.   Агайыбыздын бизге туугандык жайы болгондуктан мен ал агай менен башка окуучулардын алдында сыймыктанчумун.  Бекелең  агай коңшу Таш-Башат (Ошол кездеги Ворошилов) айылында жашаган биздин тууганыбыз Мурадилов Жылтыр атабыздын уулу.   Бекелең  агай күнүгө кычыраган кыш экендигине карабастан он чакырымга чукул жогоруда айтылган коңшу Таш-Башат айылына […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: “Эр жакшысы таз болот”

АҢГЕМЕ Ичиркенген наристенин башындай калтырак баскан башынан ак жоолугун түшүрбөгөн апам байкуш мени жетелеп алып, айылдын аягынан өйдө кыдырып жөнөр эле. Менин чачыма колу тийбеген аял аттуу калбаса керек биздин айылда. — Кайратынын баары чачына чыгып кеткен, кирпинин ийнесиндей болуп катуулугун айт, — деп күңгүрөнүп, кээде ачууланып, бирде мени алдап-соолап жетелешип кете берчүбүз. “Бурул апанын колу катуу, Аниса апа буту чолок, Курманбүбү апанын бою кичинекей, Арсар апанын колу катуу…” – деп кыскасы жолдо карай шылтоом даяр. Байкуш апам, оюм менен […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Чөмүч баш

АҢГЕМЕ Бир күнү Жалил «Киши» деген китеп көтөрүп келди. Тамга тааныбаган менен акылы кыйын эле. — Мына бул сүрөттөгү чөмүч баштан кичинекей бала жаралат экен. Сазде канча чөмүч баш бар? Ошонун баарын алып келип баксак, өлө көп балдар болот, анан кечке алар менен ойнойбуз, — деп калды. — Бул сүрөттөгү чөмүч баштар ак турбайбы, саздагы чөмүч баштар кара да, андан кара кишилер чыгып калбайбы? — Мейли, кара болсо… жүрү кеттик, — деп шымаланып калды. Чаканы көтөрүп сазга жөнөдүк. Үйдөн беш […]

Сымбат МАКСҮТОВА: Корккондон чокунуп ийчүбүз

ЭССЕ Биз бала чакта күнөө кылып же бир жерден кечигип калсак үйгө орустардай чокунуп кирчүбүз. Айылдагы аты чыккан белгилүү адамдардын көзү өтсө, мүрзөгө орустардай коюшчу. Өлгөн адам табытка салынып, сөөктү 4-6 адам алмашып көтөрүшүп, артынан 15-20ча аскердей кийинген адамдар, орус солдаттары орустардын траур музыкасын чертип өтүшчү. Анын артынан баш кийимдерин колуна алган айылдык эркектер самсып, жөө жөнөшчү. Биз – балдар, андан коркуп, көрүнбөөгө аракет кылып, дарбазанын жыртык-тешигинен карап турчубуз. Айрым үйлөрдө куран да окутулбай, арак суудай төгүлчү. “Русская водка” совет […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Тынчтык

АҢГЕМЕ Мен узун, Тынчтык кыска. Бир сом менен элүү тыйындай болуп дайым ээрчишип жүрөбүз. Көзү көк болгондуктан, Көкөман деп койчубуз. Аябай өжөр болчу. Эркелигинен мектепти “катыра” окуду. Өмүрүндө эки жолу беш алды. Эки бешти тең мен алып бердим. Биринчисин кол эмгектен Жумаев Сыдык агай жаздын күнү чымчыктарга уя жасап келгиле дегенде, тактайдан кесип убараланып уя жасап, оозун тегерек кылып кесээрде жалкоом кармап ыргытып салсам, жанымда чеңкейип мурдунун суусун куюлтуп карап отурган. — Мага берчи уяңды, — деп жалдырап сурайт. — […]

Рене РОСИНИ: Өмүр бою бизде сакталып  кала турган ардактуу эстелик

Француз тилинен которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы АҢГЕМЕ Бүгүн баардыгыбыз мектепке көңүлүбүз  куунак келдик. Анткени жалпы классыбыз менен сүрөткө түшө турган күн. Эжейибиз айткандай, ардакталып өмүр бою бизде сактала турган сүрөткө түшүүчү күн. А түгүл баардыгыбыздын таза, тыкан, жуунуп-таранып келүүбүздү да эскерткен эле. Ушундай сонун маанай менен кыялдарга чулганып келдим да, баягы биздин класс чогулган жыйынга аралаштым. Жыйындын так ортосунда Жофройду эжейибиз ортого алып жемелеп аткан экен. Жемелей турган деле жөнү бар, анткени ал сүрөткө түшүү үчүн моряктын формасын кийип келиптир. […]

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: Адамдын энчиси (1-баян)

«Дайралар артка агышпайт» аттуу китеп «Турар» басмасынан жарык көрөр алдында туру. Китеп куну көздөн учкандар үчүн кулак кагыш бу… Учурда көңүл кайт кылган китептен көп балээ жок. Өзгөчө кыргыз тилинде. Китеп чыккан сайын кагылайын эне тилдин байсалы бөксөрүп, кадыры кетип, тузу кемип, андазасы супсак эмгектер арбыгандай… Оокат үчүн китеп чыгаргандар, эрмек үчүн китеп жазгандар акчаларын шыкылдатып санап эле басмаканалардын улагасында кезметте турганы жакшыбы, жаманбы – ылгаган адис жок. Бизде рухий азыкка камсанаган адабий сынчылар жогунан өрнөк сөз, салттуу адабияттын көчүнө […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Бейиште ачылчу сандык

АҢГЕМЕ  Чоң энемди “апалап” чоңойдум. Ага арнап жазган жүрөгүмдө сагынганычтын каты бар. Анда окуй баштайын… «Саламатсызбы, апа! 1912-жылдан 1989-жылга чейин ушул жалганда өмүр сүрдүңүз. 4 жашыңызда Үркүн деген балээ чыгып, Кытайга чейин үркүп барып, анан Кудай сактап аман кайтып келиптирсиз. “Элес-булас эсимде, качкан кезибиз, ачкадан ыйлап азап тартканыбыз…” деп барып, “сурабай эле койчу балам, биздин башыбыз менен эле кетсинчи” деп ыйлап жиберип отуруп калар элеңиз. Сиздин себиңизге келген сандыкты сактап жүрөм, апа. Ушул сандык менен толтура акыл жана тарбия бергендей […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Күйөө жолдош»

ЭССЕ “Элик сүтүн берген ” энем Эралиева Акишке арнайм. Дал кыйгас учурда бу соткаң түшкүр, “чөнтөк телефон” деп кыргызчалаганың менен антип менден башка эч ким айта турган түрү жок ко, “шыңкылдайт” да турат. Мына, эми да обонун созуп кирди… — Да, да –а… — Алоо, Дүйшөксүңбү? — Ооба апа, эмне болду? — Эмне болсун, акыбалыңды билейин дедим. Ден-соолугуң, балдарың кандай? — Жакшы. — Байбичең кандай? — Жакшы. — Жакшы деп коет, андай киши аз билсең… — Кандай киши? — Ээй, […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Экөө

АҢГЕМЕ Аял… Эркек… Экөөнү эмнегедир көп эстейм. Бирин эстегенде, экинчисин. Экинчисин эстегенде, биринчисин. Экөө — бир асмандын алдында, бир айылда, бир арыктан суу ичип жашашкан. Бирок… Экөө — эки башка үйдө, эки башка тагдырда өмүр сүрүшкөн. Аял — көп балалуу. Эркек — баласыз эле. Аял менен Эркек бири-бирине жакшылыктарда жолугушканын көргөн да, байкаган да эмесмин. Чакырышпаса керек. Качан жамандык болгондо гана экөөнө “чакыруу” келчү. Анда да, айылдын бир пендеси о дүйнөгө узаганда… Ошентип экөө жакшылыктардан калып, жамандыктарга барып… Кара кийинген […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Жүрөгүм менин тоолордо

АҢГЕМЕ I Кээде моминтип өкүнөмүн: мага сүрөтчүлүк кудурет бүтсө эмне?! Андай касиет шыбагама тийсе, эң оболу тоолорду эч ким көрө да элек, таба да элек боёктор менен тартаар элем. Бар эмеспи… тоолорду көтөрүп, эл алдынан өтмөкмүн. Сиздерге тоолор деген мобу болот, жыргалы-кууралы мобул тоолорду сылап, таптап көргүлөчү деп карматпас белем?!! Карабайсызбы!? Мага андай кереметтүүлүк буюрбаптыр. Көрсө, тагдырың ушундай өкүнтөөрү менен кызык экен да. Ойлойм: мунум өзүмдү сооротконум го. Канчалык кейибейин десең да, аның дилимде, тээ бүлбүл жылдыздай, өкүнүч чөгүп калат […]

Султан ЖУМАГУЛОВ: Ар ким апасын аппак дейт

Апамдын төрт класс гана билими бар. Эсимде, айылда Совет деген агай бар эле, ошол киши карыз акча алып кетсе, унутуп калбайын деп кагазга “Забет 5 сом апкети” деп жазганы бар. Мени болсо кичинемден оору тооруду. Кышта башталган жөтөлүм күчөп отуруп, ала жазда өзүм да, апам да уктабай калабыз. Күрсүлдөгөн үнүм уктап атсам да кулагыма угулат. Анан, албетте, ооруканага жаткырышат да, аерден – оо тозок! — төрт маал ийне сайышат, эстесем – азыр да жамбашым зыркырайт. Түн ортосунда келип сайышчу, кээде […]

Олжобай ШАКИР: Эски тегирмендин орду

АҢГЕМЕ (Сүрөтчү Эмил Токталиевге арнайм) Шаардан келип түштү. Бир башкача кусалык менен келди. Бул жер айылдын башы, көчөнүн да башы, ааламдын да башы. Алдынан мотураңдаган балдар чыгып салам берди эле, эстей албады. Жок, эстей албады эмес, окшоштура албады. Бул балдарды кимге окшоштурарды билбеди. «Кимдердин балдары» деди ичинен. Балдар жакты карады, балдар да аны тиктеп туруп калышты. Умсунгансып, бир нерсе үмүт эткенсип, шаардан бизге эмне апкелдиң дегенсип. Өзү ошондой болчу. Тээ бала кезинде айылдын балдары тууган, тууган эмесине, тааныш, тааныш эмесине […]

А й г а н ы ш

Мамат САБЫРОВ АҢГЕМЕ Митал окуган мектептин балдары бир башкача сүйүшчү. Бул жеке Митал окуган мектепке же ал жашаган айылга эмес, жалпы чөлкөмгө таандык өзгөчөлүк болсо керек. Сегизинчи же онунчу класста окуган уландын кайсыл бир кызга көңүлү түшүп калса, бирөөнү ортого салып, «айттырат». Бул жаңылык ошол замат мектепке, анан бүт айылга «дүң» эте түшөт. «Паланча түкүнчөгө айттырыптыр» дейт балдардын бири. «Кимден айттырыптыр?» деп тактап сурайт экинчиси. Себеби, кыздын жообу көп жагынан бала ким аркылуу айттырганына да байланыштуу болот. Кыз макул болсо […]