Петя-петушок жөнүндө жомок

Бар экен, жок экен, Петя-петушок деген короз болуптур. Таажысы өрттөй кызыл, жүндөрү жибектей жумшак, текөөрү бычактай курч, өңү болсо абдан кооз короз экен. Ал эми үнүчү үнү! Тимеле коңгуроонукундай таза, тунук жана бийик экен. Бир жолу ал баардыгынан эрте ойгонуптур. Терезеден караса сырт караңгы жана тынч экен. Баардык жандуулар уктап жатышыптыр. Ал тургай күн да уктап калыптыр. “Жакшы эмес!”- деп ойлонду Петя-петушок. Ал ошол замат дубалдын үстүнө секирип чыгып кыйкырды: – Ку-ка-ре-ку! Катуу, катуу жер жаңырта кыйкырганын күн да угуп […]

Жакыпбек Абдылдаевдин балдар үчүн жазган ырларынан

КЕЧИКПЕЙ БАР КОНОККО Көңүлү шат ыр ырдап, Келе жаткан кыбырап. Ташбакага коёнек Салам айтып бурулат: — Аппак кылып жакасын, Кийип көйнөк тазасын. Айтчы, Таке, таң атпай Кайда бара жатасың? — Тигил көчө тарапта Чакырды эле курдашым, Кечки сыйлуу тамакка. — Анда неге жөнөдүң, Азыр жаңы таң атса? — Жүрсөм сени эстүү деп, Сүйлөтөсүң сөздү көп. Мен жеткиче үйүнө Күн да батып, кеч кирет. ӨТКҮН Булут алыс түртүлүп, Көктө турат күн тийип. Ошол булут күн бетин Жаап калса үңкүйүп, Күн мындайды […]

Рева аралынын жомогу: Жыланды сүйгөн кыз

Алыскы тоодо эне менен бала жашаптыр. Аларга эч ким жакын барчу эмес, ал тургай мергенчилер да булардын үйүнөн оолактап өтүшчү экен. Аял адамды өзүнө тартып, аябай сулуу болгону аз келгенсип, ал жергиликтүү элдин жолбашчысынын кызы болучу. Кептин баары балада эле, атасы өлгөндөн кийин төрөлгөн ал кадимки жылан эле. Өз кызын жакшы көргөн Рева аралындагы уруулардын жолбашчысы небереси жылан болуп төрөлгөндөн кийин коркуп кетип, “бул жезкемпир болуп жүрбөсүн”,- деген ойго келип, кызын чакырып мындай деди: – Мен сени дайыма жакшы көрчүмүн, […]

Эфиоп эл жомогу: Үч аңкоо

Үч аңкоо киши жашаптыр. Бир жолу алар эгин чабыкка барышат. Түн киргенде үч аңкоо каптарга самандан толтуруп, алардын үстүнө өздөрү жатып, кайра саман менен үстүлөрүнөн жамынып алышат. “Эгер түндө эгинге ууру келсе, биз аны көрөбүз, ал бизди көрбөйт. Биз аны таанып калабыз да, полицайга билдиребиз”,- деп ойлошту. Чын эле ошол түнү эгинге ууру келип, эки жакты карап, кароолчу көрүнбөгөндө ишине киришип, баягы келесоолор саманга көмүлүп жаткан үймөккө келип, каптардагы саманды көрүп, даяр буудай экен деп сүйүнөт, бирок текшерип көрмөкчү болуп, […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Бир шиңгил аңгемелер

БАЛА – ПАДЫША Жайлоодо элек. Бекиш чоң  ата ак сакалын бапайтып, үйгө  келип калды. Экиге жаңы чыккан Темирлан уйкудан көзүн ушулап тура калып, колун созду. Бекиш чоң ата аны  эркелете жыттап бооруна кысты. Бүкөн апа төргө тасмал жасты. Кымыздан куюп,  чоң атага чыны сунду. – Мака дакы бе-ейчи…– деди Темирлан чыныны талаша, колун созуп. – Азыр, балам… Биринчи чоң ата ичсин да…– деди Бүкөн апа ыңгайсыздана. Бекиш чоң ата чыныны өзү албастан, наристе баланын кош колуна карматты. – «Бала — […]

Арабаевдин балдар үчүн ыр-аңгемелеринин адабий жана нравалык-этикалык баалуулуктары

Эшеналы[1] Арабаев «Алиппе» китебинин баш сөзүн жазганда: «Бизде эл адабияты канчалык көп дегенибиз менен, алардын балдарга ылайыктуусун иргеп алуу кыйынга турду…» деп эскерип жатпайбы. Ошондуктан, алгачкы окумуштууларыбыз катары К.Тыныстанов экөө элибиздин адабиятын алгач ирет жыйноого кол кабыш кылуу менен, алардын ичинен балдарга ылайыктууларын алгач ирет иргеп көрүү бактысына ээ болушкан экен. Ошентсе да өзү айтып өткөндөй, «Алиппе» китебин жазган кезде балдарга таанытуучу жана тарбия берүүчү окуу материалдарын эл адабиятынан иргеп алып, анан да ылайыгы келбеген учурда аргасыз өзүлөрү зарыл болгон […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Калптар

Балдар адабияты Таштан тарамыш кестим, Кумдан аркан эштим. Китти минип, мухитте сүздүм, Акула менен жарышка түштүм. Секирип Айга жеттим, Айдан Марска аттап кеттим. Марстан селкинчек тептим, Асманга эгин септим. Түшүмү мыкты болду, Жылдыздардагы кампам толду. * * * Ысык-Көлгө кайырмак салдым, Алтын балык кармап алдым. Адамча сүйлөп: – Коё бер, – деди, – Аткарамын кааласаң нени? Балыкты кайра сууга салдым, Үч күн өтүп, көл жээкке бардым. Кечке күттүм, келбеди балык, Кеттим үйгө алданып калып. * * * Кийизди жерге кийре […]

Акылсыз бай

Бурят жомогу Илгери өткөн заманда бир жакыр жашаган үй-бүлө болуптур да, алардын болгон малы, баккан-көргөнү, ишенгени жалгыз өгүзү экен. Бир жолу ага токойдон чыккан карышкырлар кол салат. Ач бөрүлөр жетөө экен. Өгүз эптеп корголоп, акыры сарайына чейин келиптир да, мүйүзү менен кашабаларды челип, арткы буту менен сарайдын эшигин ачыптыр. Ачыккан жырткычтар жаңы кан таткысы келип, алар да сарайды түрткүлөп ачып алат. Анан качкан да, куугандар да кирген соң эшик жабылып калат. Каалга болсо ичинен сыртка түрткөндө ачылбайт да. Ошентип жети […]

Коён неге ыйлады?

Бурят жомогу Кар коёнго айтат: — Менин негедир башым ооруп калды да… — Менимче сен бир четиңен эрип жатсаң керек. Ошого башың ооруп аткандыр. – Коён карга ушинтип айтты да, дүмүргө отуруп алып ыйлап кирди: – Сен жок мага кыйын болот, аппак карым. Сенин үстүңө чыгып алып секирип-секирип сыраңдап ойнойт эмес белем. Эми кантем? Эми мени ким сактайт? Түлкү келатса да, карышкыр келатса да, киши келатса да сени оюп, ичиңе кирип кетип кутулчу элем да. Калган күнүм не болот? Эми […]

Бөбөктөр дүйнөсүндө жашаган эки автордун чыгармасы

Каныбек ЖУНУШЕВ Балдар адабияты АРЧА Акылым жетпей башкага… Жылмайык бийик аскада Таңгалам десең, таң калам Илинип турган арчага. Кай убак көрсөң жапжашыл Канчада жашы билинбейт. — Туура миң жыл жашадым Туулган күнүм бүгүн дейт. БЫШЫРСА БОЛБОЙБУ! «Мээге чай кайнатпа» Дей берет агам Асанбай. Борщ бышырса болбойбу, Баштын ичи казандай… КАРГА Сагызгандай шакылдаган Сабатым жок окуган. Бирок мендей дыйкан жок Кечке жерди чокуган. ЖАРАТЫЛЫШ «Ай жарык-ай, Ай жарык!» Бакалар чардайт шаңданып. Жаратылыш жаркырайт, Жандууга өзү таң калып. Сулайман РЫСБАЕВ Бир түйүнчөк […]

Балдар адабияты: Сөз оюндар

Сөз – адамдын ички сезимин бере билүүсү. Кээде бир эле сөз көп мааниге ээ болсо, кээде көп маани бир эле сөз менен айтылат. Бир эле тамгасын өзгөртүүдөн башка мааниге өткөн сөздөр да көп. Канчалык көп сөз билсең, эне тилдин ички сырларын ошончолук тереңирээк туясың. АНАГРАММА Адегенде табышмакталган сөздү таап, андан кийин ал сөздөгү айрым тамгалардын ордун алмаштыруудан жаңы сөз алынуучу сөз оюн. Жолборс түстүү бир өңдү, Жакшы ойлонсоң табасың. Тамгаларын которсоң, Бир идишти аласың. (Чаар — Чара)   Качыратып кар […]

Төлгөчү кемпир менен токой ээси

Цыган жомогу Көчмөн цыгандардын тобу жол жүрүп бараткан жерден кооздугу укмуштай токойго токтойт. Айлана толо шалбаа. Чөбү чабылып, көк кыртышы кайрадан кылайган жерге жеткенде топ башы үн катты: – И-и, ромалэ[1], шул жерге токтойлу. Аттарды арабадан чыгарып, бир азга чалдырып[2] алалы. Кыштакка жетүүгө көп бар, бирак бу жерге түнөбөйбүз. Болгону дене бой жазып дем алгыла! Аттарды арабадан бошотуп, көк шиберге откозушту да өздөрү от тутантып, самоорго чай коюп өзөк жалгамак. Цыгандардын бирөөсүнүн барып турган сулуу кызы болуптур. Ал кыз алыс […]

Караш ЖАНЫШОВ: Балдар адабияты

ЖАНУЗАК Үчтө жашы кичинекей Жанузак, Үй четинде ойноп жатат жалбырак. Жакын барып бул эмне деп сурасам, “Жарбылак” деп айтып койду балдырап. Ананайын тилиңден деп сыласам, Алайып ал карап калды жалдырап.